Декларациялар эмнеге коррупцияга каршы иштебейт?

Аналитика, Саясат, Статьялар 23 Ноя 2019 01:57
0 ой-пикир

Мамлекеттик салык кызматы аткаминерлердин 2018-жылдагы декларацияларын жарыялай баштады. Азырынча эч кандай “сюрприздер” чыга элек. Кыргызстандын саясий элитасы дагы деле жөнөкөй, башкача айтканда, аскеттердей. Аткаминерлер, депутаттар, соттор ж.б., жада калса алардын жакын туугандары материалдык жактан кедей экен. Декларациялардагы маалыматтарга караганда, алар материалдык байлыкка эмес, жан дүйнө байлыгына көбүрөөк көңүл бурушабы деген бүдөмүк ой келди.

Көпчүлүк эл өкүлдөрүнүн унаасы гана эмес, жада калса баш калкалоочу жайлары да жок экен. Анан дагы баардыгы маянага эле жашашат имиш.

Итке минген кедейлер же тишинин кирин соргон кембагалдар

Бул эки түшүнүк тең бийлик өкүлдөрүнүн декларациясынын мазмунун камтып турат.

Мисалы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Гүлбара Калиеванын үйү, батири, унаасы жада калса, чычкак улагы да жок экен. Бир гана маянага жашайт имиш. 2018-жылы Калиева 1 миллион 141 миң 493 сом киреше тааптыр. Анын туугандарынын дагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү жок. Алар 2018-жылы Калиевадан бир топ эле аз каражат табышкан. Болгону 498 миң 801 сом. 2018-жылдын 22-сентябрына чейин Жогорку Соттун төрайымы болуп дайындалгыча Гүлбара Калиеванын жана туугандарынын үйү жок болсо, алар кайда жашаган деген суроо туулат. Кийин кызматка келгенде мамлекеттик резиденцияга көчүп келишкен, бирок ага чейин кайда баш калкалап жүргөнү белгисиз.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын дагы унаасы, батири, жер тилкеси, кыскасы эч кандай байлыгы жок экен. Жападан жалгыз киреше булагы – маянасы. Касымалиеванын туугандарынын дагы эч кандай мүлктөрү жок.

Асель Кодуранованын дагы абалы дал ушундай. Алмазбек Атамбаевдин тарапташы азыркыга чейин турак-жайсыз, унаасыз жүрүптүр.

Айрым декларацияларды карап туруп күлкүң келет. Мисалы, кээ бир аткаминерлер эмеректери бар экенин жазышкан дагы, бирок туугандарынын, өздөрүнүн кыймылсыз мүлктөрү жок экенин жарыялашкан. Анда эмеректи каякка орнотуп жүрүшөт деген суроо туулат.

Айрымдар болсо маяна гана киреше булагыбыз дегени менен балдары чет өлкөдөн акы төлөп билим алышат. Бир гана маянаң балаңды чет өлкөдө окутууга жетпей турганы баарыбызга маалым.

Декларациялар формалдуулук гана

Кызматтагы адамдардын мүлкү жана киреше чыгашалары тууралуу тапшырган декларациясы – коррупцияга каршы негизги чаралардын бири болушу керек эле. Башка өлкөлөрдө декларация ушул максатта колдонулат. Бирок Кыргызстанда декларация тапшыруу коррупцияга каршы курал болуп бере алган жок.

Себеби башынан эле коррупцияга каршы эффективдүү система түзүлгөн эмес, декларация тапшыруу формалдуулук гана.

Аны эффективдүү кылуунун эки жолу бар. Биринчи – бул декларацияда тиги же бул киши тарабынан маалымат так жана туура берилбесе, чыгаша кирешеден көп болсо, анда коррупциялык элементтер бардыгы же жоктугу аныкталып, жоопкерчилик тартуусу зарыл.

Экинчи – декларациясы күмөн жараткан аткаминерлерге, кызмат адамдарына карата жарандык-укукттук, дисциплинардык санкцияларды колдонуу.

Кыргызстанда коррупция гүлдөп жаткандыктан баарын катары менен кылмыш жоопкерчилигине тарта берүү мүмкүн эмес. Ал эми айрымдарды камакка алуу натыйжа бербей эле, тескерисинче, бийлик айрымдарды куугунтукка алып жатканы айтылат.

Дисциплинардык жана жарандык-укуктук санкциялар аткаминерлерди мамлекеттик кызматтан кетирип, кийин ал жакка кайтып келүүсүнө бөгөт коет.

Кыргызстанда бул эки жолдун бири дагы иштебейт. Декларациясында коррупциялык элементтер бар деп камакка алынган аткаминер тууралуу уктуңуз беле? Же кызмат адамы декларацияны туура эмес тапшырганы үчүн кызматынан кеткенин эшиткен жайыңар барбы?

Биздин эл өкүлдөрүбүз үчүн декларация формалдуулук гана. Алар кирешелери чыгашалары менен тең келбей жатканы тууралуу ойлонбостон эле декларация толтура беришет. Коомчулук кайсы бир аткаминердин үйү жок экен деген маалыматка таң калбай эле, күлкү катары кабылдап калды. Себеби биз чакан өлкөдө жашайбыз. Эл ким кандай хансарайда же элиталык батирде жашарын, кандай унааларды айдарын жакшы билет. Аткаминерлер өздөрү деле муну жашырып-жабышпайт. Алар декларацияда эмне деп жазылып турганына көңүл да бурушпайт.

Бийлик декларация тапшырууну коррупция менен күрөшүү үчүн курал катары колдонуп, толугу менен реформа жүргүзмөйүнчө абал өзгөрбөйт.

Ал эми биз болсо азырынча итке минген кедей аткаминерлердин декларациясына көз чаптырып отура туралы. Жок дегенде күлүп, күлүп, көңүлүбүз ачыла түшсүн.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.