Борончу Кудайбергенов: «Мен кайра жаралсам, молдо болмокмун»

Интервью, Окуялар тизмеги, Саясат 10 Сен 2020 20:00
0 ой-пикир

Еlgezit.kg маалымат порталы белгилүү куудул, актер Борончу Кудайбергеновду маекке чакырдык. Ал алдыдагы шайлоо, кимди шайлай турганын, саясат жана жакынкы пландары тууралуу кеп салды.

  • Алдыда Кыргызстанда шайлоо болот. Парламентке депутаттарды шайлоодо кайсы партияны колдоп жатасыз?
  • -Шайлоого барам. Биринчиден, «баарына каршы» деген добушумду берейин деп чечтим. Менин эле жердештерим өз кызыкчылыктары үчүн чуркап жүрүшөт. Кээ бири бизнестерин улантканы келип жатышканы айдан-ачык болуп калды.
  • Айрымдары балдарын чет мамлекеттен окутуп, бул жерде такыр жашабай, кетип калчудай эле элес калтырат. Кыскасы, Кыргызстанга кайдыгер мамиле жасашат.
  • Экинчиден, бийликке аттангандардын максаты бир. Креслого отургандан кийин өз адамдарын, тааныш-билиштерин коюп коюшат да, нааразычылыктар болсо, кайра аны жылдырып башка орунга коюп койгондугу өкүндүрөт. Аны сыналгыдан жамандап жакшы иштебейт деп сөгүп койсо, биз ага ынанып, жакшы иштеп атат деп сүйүнүп жатып калабыз. Айланып келип эле ошол эле адамдар бизди башкарып жатышат. «Үч баштуу ажыдаар болсо дагы көчүгү бир» дегендей болуп жатат бул жагы.

Шайлоо ушундай кырдаалга туш келгени, бирок бийлик шайлоону сөзсүз түрдө  өткөрүп жатканы боюнча пикириңиз?

-Бул коронавирус атына жараша бийлик менен сүйлөшүп алган окшойт. «Мен 4-октябрда жоголуп кетейин, кайра 5-октябрда пайда болуп калайын деп» деп тамашалап коем. (күлүп). Эл көчөгө чыгайын десе эле чыгарбайт, бийликке бир нерсе керек болуп калса жоголуп кетет экен. Билбейм булар элге керек болуп жатканда жоголуп кетет, анан шайлоо учурунда пайда болуп калышат. Уурулар «ууруну карма» десе, бандити — «бандитти кармайм» дейт, ал эми коррупционер — «коррупцияны жоём» дейт. Бирок эл баарын билет, ким ким экенин.

Талапкерлерден татыктуулар жокпу?

— Бул жолку шайлоодо мурдагылардан уяты барлар кетти. Уяты жоктор калды. Айрымдары жүрөт бул эми можаритардык система болуп калды. Алар ордуна башкаларга, жаштарга жол бергендин ордуна кайра эле талапкерлигин коюп жатканы кейитет.

Система өзгөрүлмөйүнчө эч нерсе өзгөрүлбөйт. Коомдун дал ошо жаштарга, жаңы жүздөргө болгон суроо-талабына жооп берген мезгил келди.

-Куудулдардын арасында кимдер бийликке аттанды?

-Куудулдардын арасынан Рахман Разыков агайыбыз «Бүтүн Кыргызстандан» өз талапкерлигин койду. Агайыбызды сыйлайм. Кыргыз маданиятын, саясатын көтөрө турган адам. Эл арасында маданият адамдары өз кесиби менен алектенсе деген пикирге мен каршымын. Мисалга алсак, Чыңгыз Айтматовдун деле кесиби жазуучу болгон эмес, бирок ал кандай залкар жазуучулардын катарын толуктайт. Ошол сыяктуу эле маданият адамдарынын арасынан деле элге кызмат кыла тургандар бар. Рахман Разыковдун жазгандарын окуп-билгендер аны баалашат. Китептерин окусак эле анын ой-пикирин түшүнөбүз.

Жакында эле Кыргызстандын Эгемен алганына 29 жыл болду. Мына ошол салтанатта сахнага чыккан акын Аалы Туткучев эл алдында баарын бетке айтып саясатты сындады. Куудулдар дал ушундай эркин айтканга жол берилеби?

-Албетте, биз 30 жылдан бери эле бетке айтып келатабыз, бирок бизди мындай концерттерге чакыруу боло элек. Алгачкы болуп саясатты мен сындаган болчумун.

Ак үйдү аэропорттун жанына алып барбайлыбы. Качып бараткандарды таш менен урабыз деген тамаша болчу.

Бийликтегилерден бир гана Адахан Мадумаров ар дайым келип турат, калгандары бийликтен кеткенден кийин гана келишет. Негизи эле чиновниктердин көпчүлүгү эки жүздүү болот экен. Менин кааларым, бийликтеги чиновниктер биздин концерттерге келсе, ошондой президент болсо жада калса ошол Ак үйдөгүлөр да келсе орундуктардын баарына отургузуп, алардын ишине баа берип, тамашага салмакпыз. Жогору жактан ушундай бир схема түзүлсө жакшы болмок. Ошондо гана чындык айтылып, атка минерлерибиз кемчиликтерин билип алышмак деп ойлойм.

-Учурда партияларга иштеп, концерт коюп бериңиз деп сизге кайрылуулар, буюртмалар жасалып, сунуштар түшүп жатабы?

-Жок, азыр саясатчылардын баары артист болуп калыптыр. Желектерин көтөрүшүп, каяктагы бир асмандын башын айтып, убадаларды берип жатышат. Алар кеткенден кийин баягы эле шыпырылбаган көчө, казылбаган арык ошол бойдон калат. Куру убада менен элди тойгузуп жатышат. Эл болсо «бул менин жердешим эле, айылдашым колдоп коелу» деп ишеним артып жатканы жанды кейитет.

  • Пандемия маалында сизди каза болду деген тамашага кандай реакция бердиңиз?
  • -Мен ал жигитке капа болгон жокмун, тескерисинче, ыраазы болдум. Себеби, өлүмдү эскерте турчу нерсени айтты. Мен өзүмө өзүм мен эмне кылдым ушул жашоомдо деген суроону бердим. Муну мен «отчёт» бере турган нерседей кабыл алдым. Ошондон кийин кандай жакшы нерселерди жасаганымды анализ, ой жүгүртүү кыла баштадым. Дагы бир жагынан ким мага кандай мамиле жасарына көзүм жетти.
  • Көбү «бейишке кирсин» деген баталарды берип жатышты. Демек, мени эл арасында сыйлагандар арбын экенин билдим. Бул жашоодо жакшы да, жаман да нерсе бир Алладан.
  • -Сиз кайра бул дүйнөгө келген болсоңуз кесибиңизди алмаштырат белеңиз?
  • -Мен артист болбой эле молдо болмокмун. Көп убактымды Алланы тааныбай, кызмат кылбай өткөрүп жибериптирмин. Эми менин угармандарыма, көрүүчүлөргө, окурмандарга Алланы тааныгыла деп айтып кетмекчимин. Мечитке барбаган адам концертке келет. Менин сөзүмө маани берген адамдарга дин жолуна түшүүcүнө чакырам. Азыр көп убактымды ушул динге арнап, билгендеримдин баарын колуман келишинче айтып берип жатам. Мурункудай эле артист болуп кала берем, бирок убактымдын жарымын ушул динге арнадым.
  • Учурда эмне менен алексиз?
  • Азыр менин НТС каналында автордук «Борончу шоу» программасы токтоп калган. Мен өзүм ютуб каналымды ачкам, ал жактан азыркы жаштардын тили менен айтканда «вайндарды» тартып, жаратып жаткан учурум. Өзүм чыгармачылык менен эле алекмин. Учурда шайлоого карата саясый тамашалуу роликтерди даярдап жатам. Андан тышкары Ислам жаатында дагы адамдардын жакында эле пандемияга байланыштуу боорукерлигин, кайрымдуулугун, адамгерчилик менен жардам берген адамдар же баалуулуктар тууралуу чакан роликтерди тартып баштадым. Эмдиги жылы 55 жашка толом буюрса. Концерт берейин деген оюм бар.
  • Пандемия учурунда кимди жоготтуңуз?
  • -Коронавируста жакшы, санаалаш досторумдун кандай экенин билдим, мурда жоготуп алган досторумду кайра таптым. Эгер мен каза болуп калсам, мага чалып койбогондорго таарынып чалдым.
  • Рахмат, дагы ийгиликтерди жаратып, элди күлкүгө бөлөңүз!
  • -Рахмат!

Маектешкен Жазгүл Урмамбетова

Еlgezit.kg

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Сүрөттөр Борончу Кудайбергеновдун архивинен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.