ELGEZIT - RSS

Экс-президент 7-апрелге чейин абакта калтырылды
Мурунку мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин юристи белгилегендей, ал экс-президенттин ден соолугуна байланыштуу бөгөт чарасын кайра карап чыгуу боюнча  кайрылган.

Бирок, сот Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын ошол бойдон калтырып, 7-апрелге чейин камакта калтырды.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуялары боюнча кармалган. Ошондой эле ага криминал аталган Азиз Батукаевди камактан бошотуп жиберген деген айып коюлууда. Атамбаев  2019-жылдын август айынан бери абакта жатат, ал былтыркы жылдын октябрь айында бир нече күнгө эркиндикке бошотушкан. андан кийин ал кайра кармалып, №47 колонияга которулган.

Сүрөт интернеттен алынды

Экс-президентке дагы бир иш козголду
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу дагы бир кылмыш иши сотко келип түштү. Учурда №47 колонияда жаткан Алмазбек Атамбаев 2019-жылы Чүйдүн Кой-Таш айылындагы башаламандыкка, коррупцияга жана кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан чыгып кетишине байланыштуу да айыпталган.

Ага карата дагы бир иш Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна тиешелүү иште Атамбаев кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп шек саналууда.

Калыс-Ордодогу мектептин курулушунда коррупция болгон деген негизде Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматовго жана Албек Ибраимовго да кылмыш иши козголгон.

Сүрөт интернеттен алынды

Алмазбек Атамбаев: «Азыртадан эле эл арасында “Кудай Сокедей достон сактасын” деген сөз айтылып калды»
Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбеков тууралуу кат жазып, анда “кээ бирде көчөдө басып баратып байкабай бок-сак тепселеп аласың. Анан эптеп таманыңды жолго сүртүп алып, ары басып кетесиң», — деп экс-президент тууралуу учкай жазган.

«Мен үчүн “Соке дос” өмүр жолумда жолуккан ошондой бир ыплас нерсе. Ага убакыт коротуштун эми кажети жок. Өмүрдү жакшы нерселерге арнаш керек. Аны ансыз деле мезгил да, Кудай да жазалайт. “Соке дос” тарыхта саткынчылыкты, эки жүздүүлүктү, уурулукту норма кылган сасык бир саясатчы катары калат. Азыртадан эле эл арасында “Кудай Сокедей достон сактасын” деген сөз айтылып калды. Мындан жаман жаза ал үчүн да, урпактары үчүн да жок”, — дейт абакта жаткан Алмазбек Атамбаев.

Экс-президент АлмазбекиАтамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жылга эркинен ажыратылган. Алгач ал УКМКнын тергөө абагында кармалып, октябрдын аягында Бишкектеги №47 колонияга которулган. Декабрь айында кайра УКМКнын тергөө абагына жеткирилген. Батукаевдин ишинен тышкары анын үстүнөн азыр башка да кылмыш иштери боюнча сот уланууда.

Быйыл жайында Атамбаев пневмония болуп, ооруканага жатып чыккан. Туугандары жана жактоочулары анын кан басымы төмөн экенин айтып жатышат.

Камчыбек Ташиев Алмазбек Атамбаевден кабар алды
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 25-декабрда УКМКнын абагына камакка алынган Алмазбек Атамбаевден кабар алды.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, анын жүрүшүндө Ташиев Атамбаевдин абактагы шартын көрүп, ден соолугунан сурады.

Атамбаев абактын шартына жана УКМКнын кызматкерлерине даттануусу жок экенин, ден соолугуна гана кабатыр болуп жатканын айтты.

Ташиев тиешелүү кызматтарга Атамбаевдин ден соолугун текшерүүнү тапшырды. Анын жыйынтыгында Атамбаевди ооруканага которуу тууралуу чечим кабыл алынат.

Сүрөт www

Камчыбек Ташиев экс-президенттин ден соолугуна байланыштуу аны башка жайга которот
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу жакшы эместигин билдирип, эртең ал сөзсүз түрдө кабар алаарын айтты.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев эртең, 25-декабрда тергөө абагына барат, балким, аны жакшы шарттарга которушат. “Биз ал жоопкерчиликти тартуу үчүн үчүн ден соолугун сактап, которобуз.” – деди Ташиев.

Сүрөт интернеттен алынды

Сот Алмазбек Атамбаевди №47 абактан УКМК тергөө абагына которду
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 10-декабрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев №47 абактан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына которуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул маалыматты аталган соттун басма сөз кызматы ырастады.

Атамбаевдин жактоочу Замир Жоошев сот бул чечимди 7-декабрь күнү тараптардын катышуусуз кабыл алып,  болгону ошону жарыялап койгонун айтты. Ал 10-декабрдагы соттук отурумда мурдагы президентти үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтиргенин, сот аны четке какканын да тактады.

Биринчи май райондук соту бүгүн «Батукаев иши» боюнча кайрадан баштапкы отурумун баштаган. Анын жүрүшүндө Атамбаевдин бөгөт чарасын каралары айтылган. Алмазбек Атамбаев өзү сотко жеткирилген жок. Келерки соттук отурум 24-декабрга белгиленди.

Сүрөт www

Алмазбек Атамбаевдин иши азырынча райондук сотко жөнөтүлө элек
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасы тууралуу маселе анын иши райондук сотто кайра териштириле баштаганда, эгерде жактоочулардан өтүнүч келип түшсө каралат.

Бул тууралуу  Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, азырынча иш райондук сотко жөнөтүлө элек. Мыйзам боюнча буга чечим чыккандан кийин беш күнгө, кээ бир учурларда он күнгө чейин убакыт берилет.

Жогорку сот 30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу райондук жана шаардык соттордун Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмдөрүн жокко чыгарган жана ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүү жөнүндө чечим чыгарган. 2019-жылдын август айында кармалып, алгач Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып отурган Атамбаев быйыл ноябрь айында №47 колонияга которулган. Аны менен кошо дагы бир топ адам жазаланган, бирок алар түрмөгө кесилген эмес.

Сүрөт www

Алмазбек Атамбаевдин бөгөт коюу чарасын өзгөртүү маселеси боюнча маалымат тарады
Жогорку соттун басма сөз кызматы Алмазбек Атамбаевдин бөгөт коюу чарасын өзгөртүү маселеси боюнча маалымат берди.

Буга чейин Атамбаевдин жактоочулары мурдагы президент кечээтен бери №47 түзөтүү абагында мыйзамсыз кармалып турганын билдиришкен. Себеби 30-ноябрда Жогорку сот Алмазбек Атамбаевге карата буга чейин чыгарылган өкүмдү жокко чыгарган. Кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн.

«Жогорку сот Биринчи май райондук сотуна токтом жөнөтүп, камактан бошотуу үчүн ал жактан ЖАМКга берилиши керек», — деп түшүндүргөн жактоочу.

Ал эми ЖАМКтын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, учурда Атамбаевди бошотуу тууралуу токтом жөнөтүлө элек.

Жогорку соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мурдагы президенттин бөгөт коюу чарасын өзгөртүү маселеси Атамбаевдин жактоочулары өтүнүч менен кайрылган учурда Биринчи май райондук сотунда каралышы керек.

Сүрөт интернеттен алынды

Алмазбек Атамбаев менен Сергей Слесаревдун сүйлөшүүсүн атайылап тыңшоо маселеси боюнча сотко чейинки териштирүү башталды
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жактоочусу Сергей Слесаревдун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө бөлмөсүндө өткөн жеке сүйлөшүүсүн тыңшоо маселеси боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын адвокаты Замир Жоошев 27-ноябрда билдирди.

Ал «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазганына караганда, ишти Аскер прокуратурасы 18-ноябрда Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде козгоду. Бул беренеде «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыгында жасалган ошол эле жосун» деп көрсөтүлгөн.

Сүрөт интернеттен алынды

Кой-Таш окуясы боюнча сот ачык өтөт
Кой-Таш окуясы боюнча сот ачык өтмөй болду жана судья мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон үч ишти бириктирүү тууралуу чечим чыгарды.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 25-ноябрда өткөн сот отурумунан кийин жактоочулар судья Азирет Медеров Атамбаевге Кой-Таш окуясы менен кошо коюлган “кылмыш жолу менен табылган кирешени мыйзамдаштыруу” жана “Кой-Таштагы жер тилкеси” боюнча айыптарга байланыштуу эки ишти бириктирип, үчөөнү чогуу кароо тууралуу чечим чыгарганын айтышты. Алар буга макул болбой, ар бир ишти өзүнчө кароону сунуш кылышты. Кийинки отурум 27-ноябрда уланмай болду.

Кой-Таш окуясы боюнча соттолуучулардын бири, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, үй камагындагы Равшан Жээнбеков сотту ачык өткөрүү жакшы чечим болгонун билдирди:

“Эгерде сот ачык болсо, анда жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандык коом өкүлдөрүнүн катышуусуна шарт түзүлөт. Экинчиси, адвокаттарга айтпастан судья үч ишти бириктирип салыптыр. Зал аябай кичинекей. Кой-Таш боюнча ансыз деле көп катышат. Үч ишти бириктирсе ал залда өтүрүүгө мүмкүн болбой калат. Ошондуктан биздин адвокаттарыбыз баары каршы чыгышты”.

Атамбаевдин жактоочулары бириктирилген үч иш боюнча түшүндүрмө берип, алардын бири Кой-Таш окуясы, экинчиси Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча экенин айтышты. Үчүнчү иш Атамбаевге жана мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге каршы козголгон. Ал “Бишкектин Жылуулук электр борборундагы коррупция”, ““Терек” сурма кениндеги коррупция”, “Кой-Таштагы жер тилкесине мыйзамсыз ээ болуу” деген үч эпизоддон турат.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди кармоо операциясы 2019-жылдын август айында өткөн. Анда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн. Азыр күбөлөр суралууда. 250дөй күбөнүн он чактысы суралып бүттү. Батукаевдин ишине байланыштуу Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал Бишкектеги №47 колонияда кармалууда.

Сүрөт интернеттен алынды

Алмазбек Атамбаев оор абалда
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бронхити кармап, ооруп калды. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесаревдин сөзүнө таянып 24.kg агенттиги маалымдады.

Айтымында, Атамбаевге бронхит деген диагноз коюлду. Коронавируска тестти ал берген эмес. «Эртеңки Ко-Таштагы окуялар боюнча сот отурумуна Алмазбек Атамбаев катыша албайт окшойт», — деди Сергей Слесарев.

Жактоочу билдиргендей, Бишкек ТЭЦин модернизациялоо жана Терек —Сай кен казуу жайын иштетүү боюнча мыйзамсыз лицензия берүү иштерин караштыруу күнү белгиленген, мындан тышкары Кой-Таш айылындагы жер тилкесин сатып алуу жана пайдалануу келишимин түзүүдөгү жемкорлук боюнча ишти караштыруу күнү да маалым болду.

«Алгачкы угуулар мыйзам бузуулар менен, Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз өттү. ТЭЦ жана лицензия боюнча процесс 20-ноябрга, жер тилкелери боюнча — 6-ноябрга белгиленди», — деди Сергей Слесарев.

Сүрөт интернеттен алынды

Алмазбек Атамбаев ачкачылык жарыялады
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги СИЗО-1ге которулду. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, мурунку мамлекет башчы буга чейин өлүм жазасына кесилген соттолгондор жаткан жер төлөдө кармалып жатат.

«Бул камерага жылуулук бүгүн гана кошулду. Бөлмөдө канализация тутуму иштебейт, эшиктер дайыма ачык. Алмазбек Атамбаев ачкачылык жарыялады», – деди Замир Жоошев.

Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал УКМКнын СИЗОсунда кармалып турган. 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү болгон башаламандык учурунда ал бошотулган. 9-октябрда “Ала-Тоо” аянтындагы митингге чыгып, эртеси дагы кармалган.

Сүрөт интернеттен алынды

Алмазбек Атамбаев: «Сооронбай Жээнбеков тез арада кызматын тапшырып бериши керек»
Экс-президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков тез арада кызматын тапшырып бериши керек деп эсептейт. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаева мурдагы президенттин атынан таратылган билдирүүгө таянып «Азаттыкка» маалымдады.

Экс-президент өз билдирүүсүндө ошондой эле Садыр Жапаровду Жээнбеков-Матраимовдордун кланына кирбеген популярдуу саясатчы деп эсептеген. Президент Жээнбековдун аппараты мурдагы президенттин бул билдирүүсүнө комментарий берген жок.

Быйыл парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон 5-6-октябрдагы массалык акциялардын маалында тарапкерлери камактан бошоткон Алмазбек Атамбаев 10-октябрда кайра камакка алынган. Буга 9-октябрда Ала-Тоо аянтында өткөн митиндеги кагылышууга байланыштуу козголгон кылмыш иши негиз болгону кабарланууда. Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов тарапкерлери менен, мыйзамдуулукту талап кылган жаштар кыймылдары өткөрүп жаткан митингдеги таш, бөтөлкө ыргытуу, ок атуу менен коштолгон жаңжалды Садыр Жапаровдун тарапкерлери уюштурганы айтылган.

Сүрөт www

Алмазбек Атамбаевдин автоунаасына 3 ирет ок атылды
Алмазбек Атамбаевдин автоунаасына бүгүн, 9-октябрда ок атылганы тууралуу маалымат тарады. Анда Алмазбек Атамбаевдин автоунаасына ок тийгени талкууланып жаткан видеотасма да тараган. Тасмада мурдагы президент машинесине «кадимки согуштук октор тийгенин» айтып жатканын көрүүгө болот.

Бүгүн, 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин жана жаш активисттердин митинги үзгүлтүккө учураган соң ок атылды. Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо белгисиз адамдар автоунаалардын бирин атып жатканын көрүүгө болот.

Ок атылганын окуяны чагылдырып жүргөн «Азаттыктын» кабарчылары да ырасташты.

Сүрөт интернеттен алынды

Атамбаев Жээнбековду өз эрки менен кызматтан кетүүгө чакырды
Бишкектеги «Форум» ишканасынын алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев чыгып сүйлөп жатат. Ал президент Сооронбай Жээнбековду жактаган күчтөр кайра бийликке кайтып келүүгө аракет кылып жатканын, маселени тынч жол менен бүтүрүш керек экенин айтты. Ошондой эле Жээнбековду өз эрки менен кызматтан кетүүгө чакырды.

Атамбаев күч түзүмдөрүндө Сооронбай Жээнбековдун тарапкерлери отурганын айтып, аларды элге ок атпоого үндөдү. Ал митингге чогулгандар бүгүн Жогорку Кеңеш тарапка жүрүш жасай турганын кошумчалады.

“Айрымдар мени акчага эл чогултуп жатат деп жатышат. Ал жалган. Менде кайдагы акча, жубайымдын банкатагы эсебин камакка алышкан. Ал 500 сом карыз алым мага абакка тамака алып барды”,-деп билдирди Атамбаев.

Мурдагы президент элден Сооронбай Жээнбековду президент кылып, адашкандыгы үчүн кечирим сурады.

Сүрөт интернеттен алынды

Курсан Асанов, генерал: «Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы чабуулда тирүү кармабаш керек деген тапшырма берилген»
Бийлик тарабынан Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы резиденциясында атайын аскерлер тарабынан жүргүзүлгөн чабуулда тирүү кармабаш керек деген тапшырма коюлган. Бул тууралуу ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов «Спутник» басылмасына берген маегинде билдирди.

«Бийлик тарабынан коюлган тапшырмада менин бир кемчилигим болгон. Мен ката кетирдим — Атамбаевди тирүү кармадым. Муну менен баары айтылды. Башка эч нерсе айткым келбейт», — деди Асанов.

Ал Кой-Таш айылындагы окуялардан кийин ага карата козголгон кылмыш иш боюнча сот үчүн жетиштүү материалдар бар экенин кошумчалады.

Сүрөт интернеттен алынды

Алмазбек Атамбаев менен бирге анын абактагы тарапташтарын сот үй камагына чыгаруу тууралуу токтом кабыл алды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында, Бишкектеги №1 тергөө абагында камалып турган Алмазбек Атамбаев, Равшан Жээнбеков, Фарид Ниязов, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев жана башка айрым адамдар сот чечими менен бошотулду. Аларды Биринчи Май райондук сотунун судьясы Майрамбек Сыдыков 11-ноябрга чейин, соттук териштирүүлөргө чейин үй камагына чыгаруу тууралуу токтом кабыл алган.

Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Бишкекте 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин каршылык акциясы өтүп, ал калайман башаламандыкка айланган.

Дүйшөмбүдөн шейшембиге оогон түнү демонстранттар Ак үйдү, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратын басып алышкан жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган камактагы саясатчыларды бошоткон.

Ушул эле таңда №27 абактагы экс-депутат Садыр Жапаров, Петровка абагындагы мурдагы премьер министр Сапар Исаков, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган Бишкек ТЭЦиндеги коррупцияга айыпталып камалган мурдагы аткаминерлер абактан бошотулган. Сапар Исаков абак жетекчилигинин уруксаты менен жети күндүк мөөнөткө абактан чыкканы маалым болду.

Учурда Сооронбай Жээнбековдун кайда экени белгисиз бойдон калууда.

Сүрөт интернеттен алынды

Алмазбек Атамбаев менен Сапар Исаков эл менен жолугат
Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен экс-премьер-министр Сапар Исаков түштө «Форум» имаратында эл менен жолугушат. Бул тууралуу жергиликтүү баслымалар жазды.

Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусу саат 14:00гө пландалган. Ал эми Исаковдуку азырынча белгисиз.

Эске салсак кечээ,  5-октябрдагы окуядан кийин Бишкек шаарындагы мамлекеттик  имараттарды митингчилер басып алып,  аны менен катар абактагы саясатчылар боштондукка чыкканы маалым болгон.

Учурда да эл тарабай, аянтта топтолуп турушат.

Сүрөт интернеттен алынды