Алмазбек Атамбаевдин автоунаасына 3 ирет ок атылды

Окуялар тизмеги 09 Окт 2020 20:10
0 ой-пикир

Алмазбек Атамбаевдин автоунаасына бүгүн, 9-октябрда ок атылганы тууралуу маалымат тарады. Анда Алмазбек Атамбаевдин автоунаасына ок тийгени талкууланып жаткан видеотасма да тараган. Тасмада мурдагы президент машинесине «кадимки согуштук октор тийгенин» айтып жатканын көрүүгө болот.

Бүгүн, 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин жана жаш активисттердин митинги үзгүлтүккө учураган соң ок атылды. Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо белгисиз адамдар автоунаалардын бирин атып жатканын көрүүгө болот.

Ок атылганын окуяны чагылдырып жүргөн «Азаттыктын» кабарчылары да ырасташты.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.