Алмазбек Атамбаев менен бирге анын абактагы тарапташтарын сот үй камагына чыгаруу тууралуу токтом кабыл алды

Окуялар тизмеги 06 Окт 2020 16:48
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында, Бишкектеги №1 тергөө абагында камалып турган Алмазбек Атамбаев, Равшан Жээнбеков, Фарид Ниязов, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев жана башка айрым адамдар сот чечими менен бошотулду. Аларды Биринчи Май райондук сотунун судьясы Майрамбек Сыдыков 11-ноябрга чейин, соттук териштирүүлөргө чейин үй камагына чыгаруу тууралуу токтом кабыл алган.

Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Бишкекте 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин каршылык акциясы өтүп, ал калайман башаламандыкка айланган.

Дүйшөмбүдөн шейшембиге оогон түнү демонстранттар Ак үйдү, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратын басып алышкан жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган камактагы саясатчыларды бошоткон.

Ушул эле таңда №27 абактагы экс-депутат Садыр Жапаров, Петровка абагындагы мурдагы премьер министр Сапар Исаков, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган Бишкек ТЭЦиндеги коррупцияга айыпталып камалган мурдагы аткаминерлер абактан бошотулган. Сапар Исаков абак жетекчилигинин уруксаты менен жети күндүк мөөнөткө абактан чыкканы маалым болду.

Учурда Сооронбай Жээнбековдун кайда экени белгисиз бойдон калууда.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.