Алмазбек Атамбаевдин иши азырынча райондук сотко жөнөтүлө элек

Окуялар тизмеги 02 Дек 2020 14:08
0 ой-пикир

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасы тууралуу маселе анын иши райондук сотто кайра териштириле баштаганда, эгерде жактоочулардан өтүнүч келип түшсө каралат.

Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, азырынча иш райондук сотко жөнөтүлө элек. Мыйзам боюнча буга чечим чыккандан кийин беш күнгө, кээ бир учурларда он күнгө чейин убакыт берилет.

Жогорку сот 30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу райондук жана шаардык соттордун Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмдөрүн жокко чыгарган жана ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүү жөнүндө чечим чыгарган. 2019-жылдын август айында кармалып, алгач Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып отурган Атамбаев быйыл ноябрь айында №47 колонияга которулган. Аны менен кошо дагы бир топ адам жазаланган, бирок алар түрмөгө кесилген эмес.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.