Экс-президент 7-апрелге чейин абакта калтырылды

Окуялар тизмеги 17 Фев 2021 20:26
0 ой-пикир

Мурунку мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин юристи белгилегендей, ал экс-президенттин ден соолугуна байланыштуу бөгөт чарасын кайра карап чыгуу боюнча кайрылган.

Бирок, сот Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын ошол бойдон калтырып, 7-апрелге чейин камакта калтырды.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуялары боюнча кармалган. Ошондой эле ага криминал аталган Азиз Батукаевди камактан бошотуп жиберген деген айып коюлууда. Атамбаев 2019-жылдын август айынан бери абакта жатат, ал былтыркы жылдын октябрь айында бир нече күнгө эркиндикке бошотушкан. андан кийин ал кайра кармалып, №47 колонияга которулган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.