Кой-Таш окуясы боюнча сот ачык өтөт

Окуялар тизмеги 26 Ноя 2020 08:05
0 ой-пикир

Кой-Таш окуясы боюнча сот ачык өтмөй болду жана судья мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон үч ишти бириктирүү тууралуу чечим чыгарды.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 25-ноябрда өткөн сот отурумунан кийин жактоочулар судья Азирет Медеров Атамбаевге Кой-Таш окуясы менен кошо коюлган “кылмыш жолу менен табылган кирешени мыйзамдаштыруу” жана “Кой-Таштагы жер тилкеси” боюнча айыптарга байланыштуу эки ишти бириктирип, үчөөнү чогуу кароо тууралуу чечим чыгарганын айтышты. Алар буга макул болбой, ар бир ишти өзүнчө кароону сунуш кылышты. Кийинки отурум 27-ноябрда уланмай болду.

Кой-Таш окуясы боюнча соттолуучулардын бири, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, үй камагындагы Равшан Жээнбеков сотту ачык өткөрүү жакшы чечим болгонун билдирди:

“Эгерде сот ачык болсо, анда жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандык коом өкүлдөрүнүн катышуусуна шарт түзүлөт. Экинчиси, адвокаттарга айтпастан судья үч ишти бириктирип салыптыр. Зал аябай кичинекей. Кой-Таш боюнча ансыз деле көп катышат. Үч ишти бириктирсе ал залда өтүрүүгө мүмкүн болбой калат. Ошондуктан биздин адвокаттарыбыз баары каршы чыгышты”.

Атамбаевдин жактоочулары бириктирилген үч иш боюнча түшүндүрмө берип, алардын бири Кой-Таш окуясы, экинчиси Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча экенин айтышты. Үчүнчү иш Атамбаевге жана мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге каршы козголгон. Ал “Бишкектин Жылуулук электр борборундагы коррупция”, ““Терек” сурма кениндеги коррупция”, “Кой-Таштагы жер тилкесине мыйзамсыз ээ болуу” деген үч эпизоддон турат.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди кармоо операциясы 2019-жылдын август айында өткөн. Анда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн. Азыр күбөлөр суралууда. 250дөй күбөнүн он чактысы суралып бүттү. Батукаевдин ишине байланыштуу Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал Бишкектеги №47 колонияда кармалууда.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.