Сот Алмазбек Атамбаевди №47 абактан УКМК тергөө абагына которду

Окуялар тизмеги 10 Дек 2020 23:06
0 ой-пикир

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 10-декабрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев №47 абактан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына которуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул маалыматты аталган соттун басма сөз кызматы ырастады.

Атамбаевдин жактоочу Замир Жоошев сот бул чечимди 7-декабрь күнү тараптардын катышуусуз кабыл алып, болгону ошону жарыялап койгонун айтты. Ал 10-декабрдагы соттук отурумда мурдагы президентти үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтиргенин, сот аны четке какканын да тактады.

Биринчи май райондук соту бүгүн «Батукаев иши» боюнча кайрадан баштапкы отурумун баштаган. Анын жүрүшүндө Атамбаевдин бөгөт чарасын каралары айтылган. Алмазбек Атамбаев өзү сотко жеткирилген жок. Келерки соттук отурум 24-декабрга белгиленди.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.