Алмазбек Атамбаев: «Азыртадан эле эл арасында “Кудай Сокедей достон сактасын” деген сөз айтылып калды»

Окуялар тизмеги 26 Дек 2020 13:42
0 ой-пикир

Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбеков тууралуу кат жазып, анда “кээ бирде көчөдө басып баратып байкабай бок-сак тепселеп аласың. Анан эптеп таманыңды жолго сүртүп алып, ары басып кетесиң», — деп экс-президент тууралуу учкай жазган.

 «Мен үчүн “Соке дос” өмүр жолумда жолуккан ошондой бир ыплас нерсе. Ага убакыт коротуштун эми кажети жок. Өмүрдү жакшы нерселерге арнаш керек. Аны ансыз деле мезгил да, Кудай да жазалайт. “Соке дос” тарыхта саткынчылыкты, эки жүздүүлүктү, уурулукту норма кылган сасык бир саясатчы катары калат. Азыртадан эле эл арасында “Кудай Сокедей достон сактасын” деген сөз айтылып калды. Мындан жаман жаза ал үчүн да, урпактары үчүн да жок”, — дейт абакта жаткан Алмазбек Атамбаев.

Экс-президент АлмазбекиАтамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жылга эркинен ажыратылган. Алгач ал УКМКнын тергөө абагында кармалып, октябрдын аягында Бишкектеги №47 колонияга которулган. Декабрь айында кайра УКМКнын тергөө абагына жеткирилген. Батукаевдин ишинен тышкары анын үстүнөн азыр башка да кылмыш иштери боюнча сот уланууда.

Быйыл жайында Атамбаев пневмония болуп, ооруканага жатып чыккан. Туугандары жана жактоочулары анын кан басымы төмөн экенин айтып жатышат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.