Алмазбек Атамбаев оор абалда

Окуялар тизмеги 03 Ноя 2020 17:35
0 ой-пикир

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бронхити кармап, ооруп калды. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесаревдин сөзүнө таянып 24.kg агенттиги маалымдады.

Айтымында, Атамбаевге бронхит деген диагноз коюлду. Коронавируска тестти ал берген эмес. «Эртеңки Ко-Таштагы окуялар боюнча сот отурумуна Алмазбек Атамбаев катыша албайт окшойт», — деди Сергей Слесарев.

Жактоочу билдиргендей, Бишкек ТЭЦин модернизациялоо жана Терек —Сай кен казуу жайын иштетүү боюнча мыйзамсыз лицензия берүү иштерин караштыруу күнү белгиленген, мындан тышкары Кой-Таш айылындагы жер тилкесин сатып алуу жана пайдалануу келишимин түзүүдөгү жемкорлук боюнча ишти караштыруу күнү да маалым болду.

«Алгачкы угуулар мыйзам бузуулар менен, Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз өттү. ТЭЦ жана лицензия боюнча процесс 20-ноябрга, жер тилкелери боюнча — 6-ноябрга белгиленди», — деди Сергей Слесарев.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.