Курсан Асанов, генерал: «Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы чабуулда тирүү кармабаш керек деген тапшырма берилген»

Окуялар тизмеги 08 Окт 2020 09:47
0 ой-пикир

Бийлик тарабынан Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы резиденциясында атайын аскерлер тарабынан жүргүзүлгөн чабуулда тирүү кармабаш керек деген тапшырма коюлган. Бул тууралуу ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов «Спутник» басылмасына берген маегинде билдирди.

«Бийлик тарабынан коюлган тапшырмада менин бир кемчилигим болгон. Мен ката кетирдим — Атамбаевди тирүү кармадым. Муну менен баары айтылды. Башка эч нерсе айткым келбейт», — деди Асанов.

Ал Кой-Таш айылындагы окуялардан кийин ага карата козголгон кылмыш иш боюнча сот үчүн жетиштүү материалдар бар экенин кошумчалады.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.