Алмазбек Атамбаев ачкачылык жарыялады

Окуялар тизмеги 26 Окт 2020 18:56
0 ой-пикир

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги СИЗО-1ге которулду. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, мурунку мамлекет башчы буга чейин өлүм жазасына кесилген соттолгондор жаткан жер төлөдө кармалып жатат.

«Бул камерага жылуулук бүгүн гана кошулду. Бөлмөдө канализация тутуму иштебейт, эшиктер дайыма ачык. Алмазбек Атамбаев ачкачылык жарыялады», – деди Замир Жоошев.

Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал УКМКнын СИЗОсунда кармалып турган. 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү болгон башаламандык учурунда ал бошотулган. 9-октябрда “Ала-Тоо” аянтындагы митингге чыгып, эртеси дагы кармалган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.