Камчыбек Ташиев Алмазбек Атамбаевден кабар алды

Окуялар тизмеги 25 Дек 2020 20:34
0 ой-пикир

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 25-декабрда УКМКнын абагына камакка алынган Алмазбек Атамбаевден кабар алды.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, анын жүрүшүндө Ташиев Атамбаевдин абактагы шартын көрүп, ден соолугунан сурады.

Атамбаев абактын шартына жана УКМКнын кызматкерлерине даттануусу жок экенин, ден соолугуна гана кабатыр болуп жатканын айтты.

Ташиев тиешелүү кызматтарга Атамбаевдин ден соолугун текшерүүнү тапшырды. Анын жыйынтыгында Атамбаевди ооруканага которуу тууралуу чечим кабыл алынат.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.