Алмазбек Атамбаев менен Сергей Слесаревдун сүйлөшүүсүн атайылап тыңшоо маселеси боюнча сотко чейинки териштирүү башталды

Окуялар тизмеги 27 Ноя 2020 17:08
0 ой-пикир

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жактоочусу Сергей Слесаревдун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө бөлмөсүндө өткөн жеке сүйлөшүүсүн тыңшоо маселеси боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын адвокаты Замир Жоошев 27-ноябрда билдирди.

Ал «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазганына караганда, ишти Аскер прокуратурасы 18-ноябрда Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде козгоду. Бул беренеде «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыгында жасалган ошол эле жосун» деп көрсөтүлгөн.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.