Бишкектеги «Форум» ишканасынын алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев чыгып сүйлөп жатат. Ал президент Сооронбай Жээнбековду жактаган күчтөр кайра бийликке кайтып келүүгө аракет кылып жатканын, маселени тынч жол менен бүтүрүш керек экенин айтты. Ошондой эле Жээнбековду өз эрки менен кызматтан кетүүгө чакырды.
Атамбаев күч түзүмдөрүндө Сооронбай Жээнбековдун тарапкерлери отурганын айтып, аларды элге ок атпоого үндөдү. Ал митингге чогулгандар бүгүн Жогорку Кеңеш тарапка жүрүш жасай турганын кошумчалады.
“Айрымдар мени акчага эл чогултуп жатат деп жатышат. Ал жалган. Менде кайдагы акча, жубайымдын банкатагы эсебин камакка алышкан. Ал 500 сом карыз алым мага абакка тамака алып барды”,-деп билдирди Атамбаев.
Мурдагы президент элден Сооронбай Жээнбековду президент кылып, адашкандыгы үчүн кечирим сурады.
Сүрөт интернеттен алынды