Алмазбек Атамбаев: «Сооронбай Жээнбеков тез арада кызматын тапшырып бериши керек»

Окуялар тизмеги 12 Окт 2020 17:17
0 ой-пикир

Экс-президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков тез арада кызматын тапшырып бериши керек деп эсептейт. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаева мурдагы президенттин атынан таратылган билдирүүгө таянып «Азаттыкка» маалымдады.

Экс-президент өз билдирүүсүндө ошондой эле Садыр Жапаровду Жээнбеков-Матраимовдордун кланына кирбеген популярдуу саясатчы деп эсептеген. Президент Жээнбековдун аппараты мурдагы президенттин бул билдирүүсүнө комментарий берген жок.

Быйыл парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон 5-6-октябрдагы массалык акциялардын маалында тарапкерлери камактан бошоткон Алмазбек Атамбаев 10-октябрда кайра камакка алынган. Буга 9-октябрда Ала-Тоо аянтында өткөн митиндеги кагылышууга байланыштуу козголгон кылмыш иши негиз болгону кабарланууда. Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов тарапкерлери менен, мыйзамдуулукту талап кылган жаштар кыймылдары өткөрүп жаткан митингдеги таш, бөтөлкө ыргытуу, ок атуу менен коштолгон жаңжалды Садыр Жапаровдун тарапкерлери уюштурганы айтылган.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.