ELGEZIT - RSS

Тыянак: нооруз майрамын мусулмандар майрамдабайт
Эзелтеден бери келаткан Нооруз майрамы дин жактан ар кандай талаш жаратып келет. Буга чейин кыргыздар майрамдап келген, салтка айланган майрамга учурда анча деле маани берилбей жаткандыгы сезилет. Себеби бул майрам теңирчилердики деп айтылууда. Ар кандай талаш жараткан майрам тууралуу учкай кеп кылып, бул майрамдын тарыхын, келип чыгышын, бул майрам кимге таандыгын Еlgezit.kg порталы жооп издеди.

Маркум Чубак ажы Жалилов

Талаш жараткан майрам тууралуу дин аалымы эмне дейт?

Маркум Чубак ажы бул тууралуу мындай деген: «Нооруз бир гана кыргыздардын майрамы эмес, анын жалпы эле мусулмандарга тиешеси жок.  Чындыгында бул майрам отко, күнгө сыйынган теңирчилердин майрамы».

НООРУЗ Кимдердин майрамы Шейх Чубак ажы Жалилов — Bing video

Колумнист Абдыкерим Муратов аталган майрам тууралуу мындай дейт: нооруз – адамдын табияттын бир бүртүгү экендигин, табиятсыз адам болбостугун сездирген, адамга ал өзү бул ааламда ким экендигин айтып берген күн. Нооруз тарыхындагы ошол төрт миң жылдын ичинен биз билгенден совет учурунда гана Ноорузду белгилөөгө каршы чыккан иш-чаралар жүрдү, коммунисттер Түркмөнстанда селкинчектерди бузушкан, Кыргызстанда бешиктер талкаланган, куран окуп бата кылгандарды партиядан чыгарып, кызматтан куушкан.

Ноорузда «Өлбөгөн кулга жаз келди, кудай буйруса эми өлбөйбүз» деп жашоого канимет кылган, жаратканга ыраазы болгон.

Нооруз күнү жарык дүйнөгө келген перзенттерге өзгөчө бир башкача кароо салты өкүм сүргөн. Ал күн төрөлгөндөргө Ноорузбек, Ноорузбай, Жылкелди деген сыяктуу ысымдарды койгон.

Тарыхы

Нооруз мындан үч миң жыл мурун эле майрамдала баштаган. Чыгыш календары боюнча 20-21-22-март Нооруз катары белгиленген. Жакынкы чыгыш жана Борбордук Азиянын дыйкандарынын майрамы катары тарыхта белгилүү. Бул аймакка Ислам дини орногонуна карабай, миңдеген жылдарды карытып бизге жетип отурат. Майрамдын түпкү теги Иранда, атактуу күн кудайы Заратустра менен байланыштуу. «Навруз» фарс тилинен кыргызча которгондо «жаңы күн» дегенди билдирет. Бул күндү байыркы перси хандары башына күндүн айлануу мөөнөтүн билдирген таажыны кийип, От менен Күн кудайларынын храмдарына барышкан. Кол алдындагыларына мол белек беришкен. Майрам бара-бара Борбор Азиядагы жана Сибирдеги түрк элдерине тараган.

Нооруз майрамы

Нооруз жыл эсеби боюнча 21-мартка туура келет жана мүчөл сүрүү эсеби да мына ушул күнгө туура келет. Бул күнү күн менен түн теңелет. Элибизде эски жыл аяктап, эртең жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты «жыл ажыраш» деп аталган. Бул учурда арча, чекенди, адырашман түтөтүп үй ичин,мал-салды аласташкан:

Алас, алас,

Ар балээден калас,

Эски жыл кетти,

Жаңы жыл келди.

Алас, алас,

Айдан аман,

Жылдан эсен,

Жакшылыкты теңир берди,

Жарык күндү кеңири берди.

Орообуз данга толсун,

Оозубуз нанга толсун!

Алас, алас.

Жаңырган жылда эл журттун, мал жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тилеп, кудайга, жер-сууга, тоо-ташка сыйынып жалынган, арпадан, буудайдан көжө же сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу ичишкен. Ноорузда жаңы кийимдер кийилет, жакшы тилектер айтылат, айлана көрккө бөлөнөт. Жаш-карынын баары чогулуп улуттук оюн-зоокторду ойношот.

Сүмөлөк

Аталган майрамдын башкы тамагы. Муну татып, жок дегенде ооз тийбеген адам толук майрамды майрамдай алган жок деп эсептелинет. Анын жасалышына кошуна, тууган-урук келип, аралаштырып жардам беришет. Анын жасалышы да бир башкача. Айтуулар боюнча жаз келгенде тамак-аштар азайып, ошол калган калдыктарды чогултуп жасалган тамак. Буудайды муздак сууга таза жууп, аны 2-3 күн сууга чылап койгондон кийин, буудайды суудан алып, тактайдын үстүнө төгүп, үстүн марли менен жаап жарык жерге коюу керек, бирок, күндүн нуру тике тийбеши керек. Буудай баш алгыча 3-4 күндүн ичинде суудан сээп туруу абзел. Качан буудай 4-5см баш алганда, буудайды жанчып, андан чыккан суюктукту бөлүп алат. Кайра суу куюп 2-3 жолу алууга болот. Андан кийин казанга өсүмдүк майы куюлуп, кызыганда ун салып, бир аз кууруп, андан соң алынган сюктук куюлат. Казан бир аз кайнаганда экинчи, анан үчүнчү суюктук куюлат.
Эми жай отто токтотпостон тең салмакта аралаштырып туруу керек. Түбүнө тартып кетпеши үчүн жаңгактай таштар салынат. Даамдуу болушу үчүн, жаңгак, мейиз, как, кум шекер да кошулуп келет. Сүмөлөк толук даяр болуусу үчүн 12-14 саат керектелет. Анын бышып калганы коюу тартып, бетинде майда-майда бүтүкчөлөр пайда болот. Андан соң алдындагы от алынып, үстү капкак менен жабылып, таң атканча жылуу оролот. Эртеси бата кылып, тилектерин айтып ачып, сүмөлөктү таратышат. Казандын бетин ачканда «сүмөлөктүн бетине Теңир бир белги таштайт» деп, бетиндеги чиймелерди жакшылыктарга жоруп, тилек айтышат.

Илгери нооруз күнү бир кош өгүзгө соко кошуп, жер бетин алгач жолу тилишчү. Тапка келген жерге бороз салып бараткан дыйкандын артынан ээрчиген жоон топ кишилер этектериндеги үрөндүк буудайдан кочуштап чыгышып, элдик ырларды созолонтуп ырдашкан.
Эл ичинен «карысы бардын-ырысы бар»,- деп абышка кемпири экөө жанаша чыгып, элди айлана басышат, байбичеси арчасын түтөтүп элди аластайт:» Алас, алас! Эски жыл колдо, жаңы жыл жылга!», — деп айтып, элге тилектерин арнайт. Мындан кийин абышкасы чыгып: Оо калайык, касиеттүү Нооруз-жаңы күн келди. Азаматтар айдоону терең айдап, маласын тегиз тартып, үрөөнүн тазалап камдап койгон экен. Кана эмесе, тукумду сээп баштап берели. (Баштыгынан алып үрөн себип жаткандай түр кылат)

Мына септим уучтап,
Жылуу жерден конуш тап.
Бу-жетим-жесирге,
Мунусу карып-мискинге.
Мунусу канаттуу-кушка,
Булары курт кумурскага.
Калгандары- бизге,сизге, мага.
Баба дыйкан жолдошум,
Бардык ишти колдосун.
Арыгың кенен чабылат,
Корукчуң арбын табылат.
Айтканыма көн,
Тилегим жөн.
Өн, үрөнүм, өн,
Өн, үрөнүм, өн.
Береке бек байласын,
Бириң миңден жайнасын.
Кызылың кырдай үйүлсүн,
Көргөндүн көөнү сүйүнсүн.
Кырманың кенен чабылсын,
Күзүндө ак төөнүн карды жарылсын.
Калкым тоюнуп марысын.

Анан элдин бир четине токтоп, алакан жайып бата бере баштайт: Оо калайык, кулак сал! Ушул келген жылы жол жүрсөң жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун. Өрүшүң малга, кырманың данга, дастарконуң нанга толсун. Бак карасын, кадыр даарысын. Уучуң толсун, учуң узарсын, уул-кызың көбөйсүн. Өрүшүң жайык, өңүң кызыл болсун, өмүрүң узун болсун. Айгырың үндүү, кочкоруң жүндүү болсун,букаң бурталуу болсун, буураң чуудалуу болсун. Карың кайраттуу, жагитиң айбаттуу болсун. Уулуң урматтуу, кызың кымбаттуу, алганың уяттуу болсун. Эли журтуң аман болсун. Кырк периште колдосун, кыдыр болуп жолдошуң. Атың күлүк, айбатың бийик болсун, Оомийин!

Жогоруда айтылгандарды эске алып, чындыгында бул майрамды майрамдоо керекпи же жокпу, бул ар ким өзү чечет. Бирок эч кандай мыйзам бузбаган, салтты карманган адамдар дагы деле майрамдай беришет. Ал эми мусулмандарда эки эле майрам бар. Алар Орозо айт жана Курман айт.

Даярдаган Жазгүл Урмамбетова,

Айрым маалыматтар ВИКИПЕДИЯдан, ютуб каналынан алынды

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Өлкөдө социалдык аялуу топтордун укуктары кандайча корголгон
Бир нече жыл
мурун Оштун тургуну Айзада күйөөсүнөн ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган. Бул оору
билинген күндөн тарта үйдө чыр-чатактар болуп, үй-бүлө бузулуу алдында турган.
Бирок бул окуяга жакындар кийлигишип, аларды элдештиришкен.

Кийинчерээк
Айзаданын боюна бүткөн. Анын бейөкмөт уюмда иштеген тааныштары бойдо бар учурда
ARB-терапия алса, анда бала ден-соолугу чың болуп төрөлөрүн айтышкан. Ал
каттоого туруп, керектүү дары-дармектерди өз убагында кабыл алып турган. Бирок
ооруканага барып анализ тапшыруу учурунда, ошондой эле медкароодон өткөндө ал
кодулоого учураган, врачтар аны кабыл алгысы келбей, оолактап турушчу.

Ай күнү жетип,
операция (кесарево) жолу менен төрөй турган маал келгенде, доктурлар төрөттү
кабыл алуудан баш тартышып, облустун борборуна жөнөтүшкөн. Айзада коомдук укук
коргочу Альфияга кайрылган. Натыйжада аны операция жолу менен төрөтүшүп, бул
жарыкка дени сак бала келген.

Коомдук укук коргоочулар
кимдер?

2016-жылдан
тарта өлкөдө “Көчө юристтери” долбоору иштеп баштаган. Анын алкагында
жактоочулар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө калктын аялуу катмарына алгачкы
юридикалык  жардам көсөтүүнү үйрөтүшкөн. “Көчө
юристтерин” коомдук укук коргоочу деп да атап келишет. Учурда өлкө боюнча 23
коомдук укук коргоочу бар. Алар ВИЧ-инфекциясына чалдыккандардын,
ЛГБТ-коомчулугунун, баңгизатын колдонгондордун жана секс кызматын
көрсөткөндөрдүн укуктарын коргоп келишет.

Георгий – коомдук укук коргоочу. Ал окууну ийгиликтүү аяктап, башкаларга жардам берип жаткандардын бири.
Георгий мурда баңгизатын колдонгондордун арасында милиция кызматкерлеринин
иш-аракеттерине нааразы болгондор көп болгонун айтты.

“Аларды метадон (баңгизатынан көз каранды
болгондорду дарылоочу каражат-ред.) тараткан пункттардан кармап кетишчү. Аларды
коркутуп, уруп-согуп, камап коюшчу. Алар баңгизатын өтө каалап турган мезгилде
метадон бербей, алар кылбаган кылмыштарды моюндарына алдырган учурлар да
болгон. Биз мындай окуяларды каттоого алып, ИИМдин жетекчилигине жиберчүбүз.
Азыр абал өзгөргөн”,-дейт ал.

Коомдук укук
коргоочулар алар жардам берген адамдар айыма коомчулук тарабынан кодулоого туш
болушарын билдиришти. Натыйжада алар түнт болуп, өздөрүн-өздөрү “жей” баштайт.

“Биздин коомдо
аялуу катмарга начар мамиле кылышат. Айрымдар ВИЧ инфекцияга кабылгандарды,
ЛГБТ-коомчулугунун өкүлдөрүн, баңгизатын колдонгондорду, секс кызматын
көрсөткөндөрдү башка аралга көчүрүп, алардан кутулуу керек деген пикирде. Бирок
мындай жашоого туш болбойт деген кепилдик эч кимде жок да. Өспүрүм кезде ар
кандай иштерге барышып, кийин ал адаттардан баш тарта албай, оор кырдаалдарга
туш болушат”,-деди жактоочу Айсулуу
Шаршеева.

Айсулуу коомдук укук коргоочулардын ишин көзөмөлдөйт, сот процесстеринде калктын аялуу катмарларынын укуктарын коргойт.

Укуктук тоскоолдуктарды
жеңүү

Коомдук укук
коргоочулар айына орточо эсеп менен укуктары тепселенип жаткан 300 адамга
юридикалык жардам көрсөтүшөт.

Аларга төмөнкү себептер менен кайрылышат:

Укук коргоо
органдарынын кызматкерлери жана медицина кызматкерлери акча талап кылган
учурда;

Мыйзамсыз
камакка алынганда;

Калкты тейлөө
борборлорунун кызматкерлери тиешелүү документтерди бербей жаткан учурда;

Ишке орношууда
кодулоого кабылганда;

Маморгандардын
карамагында болгон маалыматтарды алууга чектөө койгондо;

Медициналык
кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартканда жана анын сапаты начар болгондо;

Милиция
кызматкерлери же медицина кызматкерлери тарабынан ВИЧ-инфекциясы тууралуу же
гендердик абалы тууралуу маалыматтар ачыкталганда ж.б.

Калктын аялуу
катмарына жардам берүү менен коомдук укук коргоочулар аларды тиешелүү
мамлекеттик органдарга кайрылууларды жазууну үйрөтүшөт, ошондой эле кандай укук
бузуулар болгонун каттоого алышат. Ички иштер кызматкерлери адамдардын укукарын
көп бузушат (70 пайыз), саламаттыкты сактоо кызматкерлери (20 пайыз), ошондой эле
Калкты тейлөө борборунун жана ЖАМКнын кызматкерлери (10 пайыз). Долбоордун
катышуучулары мамлекеттик органдардын мамилеси алда канча жакшырып, ал эми жапа
чеккендердин укуктар тууралуу түшүнүгү бир топ жогорулаганын белгилешти. Алардын
укуктарын коргоо менен сот процесстерин утуп чыккан учурлар да аз эмес.

Биргелешкен аракет

Калктын аялуу
катмарын коргоо боюнча долбоорду «Сорос-Кыргызстан» Фондунун (ФСК) жана БУУнун
Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен ишке ашууда.

ФСКнын “Коомдук саламаттык сактоо” программасынын директору Айбек Мукамбектов белгилегендей, калктын аялуу катмарынын укуктары бузулган учурда ал бейөкмөт уюмдарга гана терс таасирин тийгизбестен, КР Өкмөтүнүн ВИЧ-инфекциясы тууралуу программасын ишке ашырууга дагы тоскоолдук жаралат. “ВИЧ менен эффективдүү күрөшүү тууралуу айтып жатканда, биз укуктук тоскоолдуктарды азайтууга аракет кылуубуз керек. Калктын мындай катмарлары менен биргелешип иштөө КРдагы ВИЧ оорусуна каршы мамлекеттик программаны ишке ашырууда көмөкчү болот”, — деди ал.

Материал Elgezit.kg тарабынан Норвегиядагы Хельсинки Комитетинин жардамы менен «Корголбогон окуялар: Зордук-зомбулуктан жабыр тарткандар менен жолугушуудан зомбулуктун алдын алуу чараларына чейин» долбоорунун алкагында даярдалды.

Биригип туруштук берели
Темирбек Орозбаев – атайын Elgezit.kg үчүн

Кыргыз бийлигине жана президенттин дарегине айтылып жаткан сындар түшүнүктүү. Коронавируска байланышкан кырдаал башкаруу системасынын айрыкча өзгөчө абал учурунда ишке жөндөмдүү эмес экенин айкындады, башкаруучулардын көпчүлүгү сыноодон өтпөй калды.

Бирок абал бизде гана оор эмес. Өзбекстандын маалымат булактары белгилегендей, коңшу өлкөнүн президенти коронавирус эпидемиясына байланышкан абал боюнча жакында эле видеожыйын өткөрүп, жергиликтүү аткаминерлердин ишин катуу сынга алып, бир катар тапшырмаларды берди.

Казакстанда дагы катуу карантин уланууда, өлүм чакырган илдеттин жайылуусун ооздуктоо үчүн улам жаңы чаралар колдонулууда. Казак медицинасы, өзгөчө айыл жергесинде начар экени айкын болду.

Россия кыйын этаптан өтүп, эми гана чектөөлөр алынып, бардыгы өз ордуна келе баштады, бирок бул вирус толугу менен жоголду дегенди билдирбейт.

Жада калса, акыркы күнгө чейин ооруну жуктургандар жок деп келген Тажикстан дагы эпидемиянын бар экенин жашыруудан баш тартып, аны менен күрөшүү аракеттерин көрө баштады.

Башкасын кой, көрүнбөс душман менен Америка Кошмо Штаттары жана бүтүндөй Европа күрөшүп жатат.

Кыргызстан дагы бул абалды башынан өткөрү жатат. Экономикасы алсыз, медицина тармагы талкаланган, коррупцияга баткан аткаминерлер басып кеткен биздин өлкө дагы кыйын күндөрдү башынан өткөрүүдө.

Оорудан адамдар өлүп жатышат. Журналист кесиптештер дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн арасында калктын санына карата өлүм эң көп катталган биздин өлкө экенин байма-бай жазышууда. Көп киши дүйнө салды, анын ичинде элинин татыктуу уул-кыздары.

Бул көрсөткүч көпчүлүк үйүндө дарыланып, медиктерге кайрылбагандагы абал.

Бирок четке кагууга мүмкүн болбогон айрым божомолдор бар, аларды кандай болсо ошондой кабыл алуу керек.

Биринчиден, коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу бизде статистика ачык. Адам өлүмү боюнча айтып жатам. Бул бийликтин каалоосу менен эмес, болгону бизде коомчулук ачыктыкты талап кылат, башкача болушу да мүмкүн эмес эле. Кайсы бир өлүмдү биздин элден жашырып коюу мүмкүн эмес.

Экинчиден,  Кыргызстан – коронавирус менен пневмония оорусу боюнча статистиканы бириктирүү чечимин кабыл алган биринчи өлкө. Казакстан муну 1-августтан баштап киргизмей болду. Айрым бир өлкөлөрдө пневмония боюнча статистика жок.

Кошумча. Өлкөдө жарандык активисттер жана көп сандаган ыктыярчылар  өлкөгө жардамга кол сунгандыктан абал кармалып турат. Мындай бир да өлкөдө жок, биз сыймыктансак болот. Кимдир бирөө башка жол жок деши мүмкүн. Бирок бизде өз элин, өз жерин сүйгөн мыкты муун өсүп келе жатат. Өз пикири бар жаштар өсүүдө.  Бул бийлик эркин ой жүгүрткөндөргө чектөө койбогонунан улам пайда болгон жакшы көрүнүш.

Биз аймактагы коомдук пикир чоң роль ойногон, эгемендүү өлкөнүн тарыхында көп нерселерге сын көз караш менен караган жалгыз өлкөбүз.

Кандай болгон күндө дагы көпчүлүгүбүз биринчи, экинчи, үчүнчү президенттерге нааразыбыз, ошондуктан азыркы президенттин ар бир кыймылын микроскоп менен карап жатабыз.

Бул Кыргызстанда гана эле эмес дешиңиз мүмкүн. Ооба, балким көпчүлүк нерселерге сын көз караш менен карап жатабыз, бирок аймакта көпчүлүк көз караштарын эркин билдире алышпайт. Биз көптөн бери эркиндик менен жашап көнүп калганбыз, ошондуктан эркиндигибизди баалай албай жатабыз.

Бирөөнү коргоп, аткаминерлердин жана системанын ишин актоого аракет кылгандар жок. Бирок анализ кылып, жыйынтык чыгарчу мезгил келет. Ыктыярчылардын пикири үмүт берүүдө – президент аларды угуп, алар көтөргөн маселелерди өз көзөмөлүнө алып, тиешелүү чараларды көрөрүн айтты.

Эми ал ыктыярчылардын демилгесин суутпай, ишенимин актоо абзел.

Азыр болсо оору менен болгон согуш уланууда, согуш талаасында ар биринин өзүнүн миссиясы бар – кимдир бирөөнүн кызмат орду, кимдир бирөөнүн уяты жана жан дүйнө чакырыгы. Биз жеңип чыгарыбызга аз калды, башкача болуусу мүмкүн эмес, себеби биз бирбиз. Ал эми согуш маалында муштум көрсөтүп, ашыкчы сын айтып отура берүү туура эмес.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Тарых сабактары. Парламентти реформалоо тууралуу
Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн.

30 жылдан бери парламентти реформалай албай жатканыбызга таң калам. Кытай, Сингапур, Түштүк Корея, Малайзия, Чили, Тайвань сыяктуу айрым өлкөлөр бул убакыт аралыгында заманбап, өнүккөн, демократия орногон, экономикасы күчтүү, жашоо деңгээли жогору өлкөлөргө айланышты. Бизде эмне туура эмес болууда? Колу-бутубуз башка жактан өсөбү? Же башыбыз жокпу?

Мен Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенде мыйзамдар кандай кабыл алынарын көрүп, абдан жаман болгом. Бул парламентаризм теориясы талап кылган нерсе эмес эле. Теория менен практиканы шайкеш келтирүүгө болгон аракеттериме катуу каршылыктар болду. Көнүп калган адаттан эч ким арылгысы келген жок. Көрсө, кеп билимдин жетишпегенинде, консерватизмде, демократияны түшүнбөстүктө, рынок экономикасында жана анын механизмдеринде эле эмес, өзгөрүүнү каалабагандыкта экен. 10 жылдан бери иштеп жаткан Жогорку Кеңеш эл аралык келишимдерди кантип туура ратификациялоо керектигин, мыйзамдарды 1-2-3-окууда туура кабыл алууну, Өкмөттү жана башка бийлик институттарын көзөмөлдөөнү билбейт экен. Парламенттин трибунасына туруп алып бакырганды, сөгүнгөндү, урушканды, баяндамачыларга катуу тийүүнү көзөмөлдөө ыкмасы катары түшүнүшчү. Министрлер мыйзам долбоору тууралуу маалымат берүү үчүн жумалап күтүп турушчу. Жада калса Жогорку Кеңештин аталышы туура эмес болчу. Парламент — бул элдин жыйналышы, кеңеш эмес. Ал эми Кеңеште эки жыйналыш болчу – мыйзам чыгаруу жана эл өкүлдөр жыйыны.

IV чакырылышта Европа биримдигинин жана ПРООНдун парламенттик долбоорунун, эксперттер тобунун жана депутаттардын жардамы менен  мыйзам чыгаруу жана көзөмөлдөө деңгээлин, парламенттик процедуралардын жана механизмдердин жолдорун жакшылап билип алууга шарт түзүлдү. Жогорку Кеңеш заманбап парламент катары иштеп баштады жана чет элдик донорлордун жана эксперттердин күлкүсүнө калбай калды. Дагы бир чакырылыш келсе парламенттик реформа аягына чыкчудай жана ал өлкөнү башкарууну  үйрөнчүдөй сезилчү. Бирок эки “төңкөрүштөн” кийин  парламентке саясаттан алыс болгон жаңы жүздөрдүн келиши ата мекендик парламентти кайра артка тартты. Мындай көрүнүш мурда акылдуу жана тажрыйбалуу депутаттар, эксперттер, кызматкерлер иштеген Жогорку Кеңеште болуп жатканын элестетүү кыйын эле.

Азыр бактыга жараша парламентаризм тууралуу китептер толтура. Шайлоо босогосундагы 5 же 7 пайыз тууралуу талашып-тартышуунун кажети жок. Эмнени тандаш керек, кайсындан баш тартуу керек деп дагы баш катыруу зарыл эмес. Бул суроолордун баарына бизге чейин эле жооп жазылган. Байыркы гректерге, римдиктерге, индустарга, вавилондуктарга, византиялыктарга англичандарга, француздарга, америкалыктарга ж.б. рахмат. Алардын жардамы менен парламенттик тажрыйба бар болуп, парламентаризм теориясы түзүлгөн. Ал эми парламентаризм тууралуу китептерде жакшы гана эмес, африкалык өлкөлөрдүн жаман тажрыйбалары дагы камтылган. Балким, биз дагы ал катарда барбыз. Жогорку кызматта отурган бир саясатчы менен талашканым дагы деле эсимде, ал мыкты мисал катары Жогорку Вольтаны мактаган эле… Парламентаризмдин мыкты үлгүлөрүн япониялыктар, сингапурлуктар жана түштүк кореялыктар көчүрүп алышкан. Себеби аларда эң жакшысын алуу деген улуттук мүнөз бар. Алар жаман тажрыйба болсо дароо таштандыга ыргытышат.

А биз болсо таштандыны иргегенге аракет кылып эле, убактыбызды текке кетирип жатабыз. Анан эч нерсе окшобой жатканына таң калып коебуз. Бир эле нерсени улам-улам талкуулай бергендин канчалык зарылчылыгы бар?

Эми биздин парламентаризмди эмне кылуу керек? Эмнеден башташ керек? Азыр коомчулук Жогорку Кеңештин ишине нааразы болуп, ар кандай реформалоо жолун сунуштоодо. Бизде парламент кечээ эле пайда болгондой сунуштардын көптүгүн сурабаңыз. Себеби анын көп түрү бар да. Бул 5 же 7 пайыз, мажоритардык же преференциалдык шайлоо гана эмес. Бул саясий партиялар, калк, маданият, менталитет, экономиканын мүнөзү ж.б. Демократия жана парламентаризм — бул шаар маданиятынын өнүмү. Өлкө калкынын көп бөлүгү шаардык болушу керек. Экономика индустриалдык же жок дегенде индустриалдык-агрардык болушу керекю Биздегидей агрардык-чийки заттык эмес. Мындай демократияны эмес, феодалдык мамилени жаратат.

Партиялар демократиялык болушу керек. Өлкөдө чыныгы консервативдик, либералдык жана социал-демократиялык партиялар болушу керек. Руанданын президенти Поль Кагаме азыр мунун үстүнөн активдүү иш алып барууда. Африкада алгачкы жолу мындай партияларды түзүп, экономикалык өсүш багытында айрым жетишкендиктерге жетти. Себеби парламент отура бербей ар кандай идеяларды, долбоорлорду сунуштап баштады. Биздин КСДП же россиялык ЛДПР менен алмаштырып албагыла. Биздин парламентаризмдин көйгөйү – билимдүү, күчтүү мүнөзгө ээ болгон, принципке темирдей бекем турган, жоопкерчилиги жогору болгон адамдардын жетишпегени.

Эми бизге кандай модель керектиги тууралуу.

1. Өкүлчүлүк парламенти. Өкүлчүлүк орган катары калктын ар түрдүү катмарынын кызыкчылыгын коргой турган адамдардан түзүлүшү керек. Совет доорундагы Жогорку Совет ушундай болчу – дыйкандардын, эркектердин, аялдардын, карыялардын, жаштардын ж.б. парламенти болуп, алар мыйзам катары партиялык директивдерди бекитишчү. Бул жерде ашыкча акылдын деле кереги жок.

2. Мыйзам чыгаруучу парламент башка болот. Бул жерде тажрыйбалуу юристтер, экономисттер болушу шарт, себеби мыйзамдардын көбү экономикага тиешелүү. Бул жерде акыл жана тажрыйба зарыл.

3. Мырзалар клубу парламенти. Бул жерде өлкөнүн мен мен деген саясатчылары чогулуп, элди келечекке багыттайт. Бул жерде тандоо критерийлери болот, ар бир депутат премьер-министр болушу мүмкүн. Бул жерде лидердик сапаттар, акыл жана тажрыйба маанилүү.

4. Улуттук кызыкчылыкты коргогон парламент. Бул парламенттен бийлик органын түзүү аракети, жогоруда аталган моделдерге тиешелүү белгилердин баары тиешелүү. Башкача айтканда, бул бир эле убакта өкүлчүлүтүн, мыйзам чыгаруунун, саясатчылар чогулган парламенттин ролун ойнойт. Демек, ар бир топтон бир аздан дегендей.

5. Башка моделдер да бар – Англиядагыдай автономдуу же азыркы биздегидей көз каранды парламент. Бул демократиялык институттар алсыз болгон, парламентти жогорку бийлик органына айланта албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө тиешелүү.

Биздин жарандарды кайсынысы кызыктырат билбейм. Айрымдар парламентти такыр эле жоюп салалы деп да чыгышууда. Айрымдар байыркыдай эле курултайлар болсун деп да чыгышты. Түркменияда ушундай парламент бар, Халк маслахаты деп аталып, 2-3 миң депутаттан турат. Ал толугу менен президент тарабынан башкарылат, себеби анын ишмердүүлүгү дагы президент тарабынан каржыланат. Түркменияда 3 парламент бар, жогоруда аталгандан сырткары аксакалдар кеңеши-уруулардын жыйналышы жана 50 депутаттан турган Межлис бар.

Парламентаризмдин келечектеги моделинин негизин тандап алуу үчүн төмөнкүлөрдү айтам. Парламенттин моделин тандап жатканда биз жеткибиз келген максатты аныкташыбыз керек. Бизде Жогорку Кеңеш тажрыйбалуу, эффективдүү орган болуп, өлкөнүн өнүгүүсүнө жол ачып, элдин жашоосун жакшыртса эл ыраазы болмок. Демек, жогоруда аталган моделдердин ар биринен бир аздан болуусу керек.

Бул тарыхый очеркти жаздым, себеби биз өтө майдаланып бара жатабыз, эч кандай эмгек кылбай, аракети жок эле көп нерсеге жетишип алгыбыз келет, өзүбүздүн үстүбүздөн узакка иштеп, өнүккүбүз келбейт, ошондуктан эч кандай алгылыктуу иштер аткарылбай келет. “Жаса, жаса” деген иштебейт. Биз баарыбыз ушул режимде жашап жатабыз – бийлик дагы, жарандык коом дагы. Ошондуктан ишке болгон мамилени өзгөртүп, олутту, максаттуу болуу зарыл. Бул сабак ушул тууралуу.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Сүрөт: Sputnik Кыргызстан

Каза тапкан келиндин агасы: Карындашымды жиликтеп салгандан башкасын бүт жасаптыр
Нарын облусунун Кочкордо жаңы жыл түнү күйөөсүнүн ур-токмогунан 36 жаштагы келин каза тапты деген кабар желдей тарады. Бул окуя үй-бүлө баалуулуктары кайда калды деген суроону кабыргасынан койду. Көпчүлүк эми чиедей төрт баланын тагдыры эмне болот деген түпөйүл соболго жооп таба албай бушайман.

Би-Би-Си маркум келиндин бир тууган агасы Сагынбек Садабаев менен маек куруп, окуянын чоо-жайын тактаган. Үй-бүлөлүк зомбулук бир үй-бүлөнүн жеке маселеси эмес экендигин белгилеп, жалпы коомчулукту кабардар кылуу максатында бул маекти сунуштайбыз.

С. Садабаев: Жаңы жыл деп баарыбыз бейкапар гана олтурдук эле. Кечке мал куттуктайынчы деп карындашыма телефон чалдым. Эмнегедир телефон чалуума карындашым эмес, күйөө бала жооп берди. Учурашып, карындашым кайда, куттуктайын дегем десем, «сыртка чыгып кетти эле» деп койду. Мен үйгө келип сый көрүп, конок болуп кеткиле деп чакырдым. «Бүгүн бир эмес, эки теңтушубуз конокко чакырды, бара албайбыз» деп жооп берди. «Эртең барабыз» деди, мен макул деп калдым. Ошол боюнча эле тынчып калдык. Жаңы жылды тосуп, жаткандан кийин түнкү саат эки, эки жарымдардан өткөндө го, телефон чалып калышты. Күйөө бала эмес, башкалар экен. Ушинтип «карындашыңыз реанимацияга жатып калды» деди. Ошондо аткан бойдон туруп эле, машинени айдап, реанимацияга бардык. Ал жерде жок экен. Тез жардамга бардык, анда да жок болуп чыкты. Анан алардын үйү көздөй жөнөдүк. Барсак толгон-токой киши жүрүптүр. Деле ооз ачкан киши жок. Эч ким, эч нерсе айтпай жатты. Кошуналар бир ооздон эле жаңы эле келдик деп турушту. Эже, жездеси дагы башка туугандары бар экен. Алар да айтпайт. Бир убакта эки милиция келди. Анан бир жеңе бар экен, каза болуп калды деп ошол айтып жатпайбы…Таң атты, анан өлүкканага бардык…

Аёосуз ур-токмоктон соңку он күндө эле эки келин каза таап, урөй учурган кабар желдей тарап жатат

Би-Би-Си: Ур-токмок эмне болуп, качан, кайда башталганын тактай алдыңызбы?

С. Садабаев: Анын баарын азыр тактап жатышат. Жеке менин божомолумда, бул окуя эрте эле болгон окшойт. Кечинде карындашыма чалганда күйөөсү телефонду алды дебедимби, так ошондо карындашымды эбак жайлап салып, анан телефонуна жооп берип жаткан экен. А биз аларды конок болуп келет деп күтүп олтурбайбызбы… Мурун да сабап жүргөн. Кой-койлоп канча бардык? Үйгө келсе жанын койбой, телефонун тешип чалып турчу эле. Ышкырта сөгүп атканын да телефонунан далай угуп келдик. Жакында эле мечитке каттап, ырас болуп калды деп жүргөнбүз.

Би-Би-Си: Каргашалуу окуя болгон учурда балдар кайда эле?

С. Садабаев: Так ошол учурда төрт баласы тең биздин үйдө эле. Азыр эми каңырыктары түтөп жатат. Улуусу мектепти быйыл аяктамак, кичүүсү экинчи класстын окуучусу. Алардын абалын айтып бере албайм…

С. Садабаев: Так ошол учурда төрт баласы тең биздин үйдө эле. Азыр эми каңырыктары түтөп жатат.

Би-Би-Си: Карындашыңыздын күйөөсүнө жолуктуңузбу? Өзү эмне деп жатат?

С. Садабаев: Жок, ал ошол бойдон жок. Кезиге элекпиз, тергөөчү эртең жолуктурам деп айтты. Эртең кезиксем, айтчу сөздүн баарын айтам да. Башка эмне кылам? Үч уктасак түшкө кирбес окуя болуп кетти го…

Би-Би-Си: Тергөө иштери жүрүп жаткан экен. Эгерде «келишели» деп ишти токтотууга аракеттер болсо, сиз кандай деп жооп бересиз?

С. Садабаев: Кечирим берүү оюбузда да жок. Эң катаал жазасын алып, өмүр бою камалышына болгон аракетимди жумшайм.

Эске сала кетсек, республикада 2019-жылын 10 айында 5185 үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүү учуру катталса, анын ичинде денеге залал келтирүү — 3647, психологиялык — 1362, жыныстык — 7. Үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинде катталган жоруктар – 5569.

Коопсуздукту камсыздаган милиция — элдин ишенимин жандандырат!
Коомдун коопсуздугун колго алган Милиция жана Келечек ээлерине бүгүнтөн көрүлгөн камкордуктар туурасында…

ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет…

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун-басары Ибраимов Санжар Сейтакунович  менен маек курууну чечтик.

Санжар Ибраимов —  Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун-басары

Маегибиздин өзөгүн ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан
2019-жылдын 9 ай ичинде кандай иштер аткарылды, эл аралык деңгээлдеги жана ири
маданий иш-чараларды республика аймагында өткөрүүдө коомдук тартип менен
жарандардын  коопсуздугун канча милиция
кызматкерлери камсыздашты жана жашы жете элек өспүрүмдөр боюнча милиция кызматкерлери
кандай иштерди аткарууга жетишти деген өӊдүү соболдор түздү.

-Санжар мырза, айтсаӊыз, үстүбүздөгү жылдын 9 айында республика
аймагында эл аралык жана масштабдуу бир топ
иш-чаралар өткөрүлдү. Бул иш-чараларды өткөрүү учурунда милиция
кызматкерлери тарабынан кандай аракеттер көрүлдү?

-Айта кетсек, эл аралык деңгээлдеги коомдук-саясий, спорттук-массалык жана ири маданий-көркөм иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча ИИМдин жетекчилигинин уюштуруу-башкаруучулук чечимдери иштелип чыккан.

Мындай иш-чаралардын катарына 2019-жылдын
17-январында Бишкек шаарынын Ала-Тоо борбордук аянтында өткөрүлгөн тынчтык
митинг өткөн убагында жана 24-январында Бишкек шаарынын Ала-Тоо борбордук
аянтында Кыргызстан футбол боюнча курама командасына арналган майрамдык иш-чара
өткөн убагында коомдук тартипти жана коопсуздукту 2000 жакын милиция
кызматкерлери камсыздады.

Ал эми, 2019-жылдын 14-15-июнь күндөрү өткөн Шанхай кызматтыштык уюмунун Мамлекет башчыларынын Саммитин өткөрүүдө орто эсеп менен 5000 ашык милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздады.

-Айтмакчы, Кыргызстан ачык коомду куруу ураанынын астында бара жаткан
өлкө делинип келет. Андыктан, быйыл жарандар тарабынан канча митинг жана
нараазычылык акциялар өткөрүлдү жана андай учурда коомдук коопсуздук кандай
даражада камсыздалды?

-2019-жылдын 9 ай ичинде
республиканын аймагында 461 митинг жана нааразычылык акциялар өткөрүлүп, алардын
ичинен саясий мүнөздөгүсү 110,
социалдык-экономикалык мүнөздөгүсү 351
митинг. Өткөрүлгөн нааразычылык акциялардын ичинен:

-кен казуу
ишканаларынын айланасында 46
нааразычылык акция;

-жер участокторун трансформациялоо маселеси боюнча 49 нааразычылык акция.

Митинг жана нааразычылык акциялар өткөрүлүүдө. ИИОнун КККнын 3 миңден ашык кызматерлери коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча кызмат өтөп, негизги кызматтык милдеттери менен алек болушкан.

-Милицияга
элдин ишенимин арттыруу жаатында Коомдук коопсуздук кызматы бул жылы кандай
кадамдарды жасай алды?

— Мен Коомдук коопсуздук
кызматынын  багыты боюнча айтып
берсем,  элдин милицияга болгон ишенимин
кайтарууга, калк арасында ишенимди жандандыруу максатында, милициянын аймактык
ыйгарымдуу тескөөчүлөрү жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө тескөөчүлөрү тарабынан
укук бузуулардын алдын алуудагы ордун жогорулатуу багытында, жергиликтүү ички
иштер органдарынын ачыктыгын, айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыздоодо, эл
алдында 3500дөн ашуун отчеттор
уюштурулуп өткөрүлдү. Ошондой эле, маал-маалы менен түшүндүрүү иш-чаралары,
рейддер жер-жерлерде өткөрүлүп турат.

2019-жылы 9 ай ичинде, 3
милициянын аймактык бөлүмчөсү жана 5
милициянын таяныч пункту,   1 милиция бөлүмчөсү жана 1 коомдук алдын алуу борбору ачылды.

-Коомчулукта
бирден-бир талкуу жаратып келе жаткан Убактылуу кармоочу жайлардын абалы боюнча
эмнелерди айта аласыз?

-Убактылуу кармоочу жайдын абалын жакшыртуу жана шарттарды
түзүү боюнча эл аралык Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму (ЕККУ) жана Эл аралык Кызыл Крест
Комитети (ЭАККК) менен бирдикте бир
канча жумуштар жасалды.

2014-жылы башталган пилоттук
проектин негизинде Бишкек ш. ИИББ, Ош ш., Балыкчы ш., Джалал-Абад ш., Кызыл-Кыя
ш., Кара-Суу, Ноокен, Жайыл, Сокулук, районунун ИИБ УКЖда медициналык
кабинеттерин оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүп, ишке берилди. Ошону менен бирге Жайыл
районунун УКЖсын капиталдык ремонтун, Ош шаарынын УКЖсынын аба алмаштыруу
системасын жана Ысык-Ата районунун УКЖсын капиталдык ремонтун толугу менен
оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүп, ишке берилген.

Аталган УКЖда КРнын Саламаттыкты
сактоо министрлигинин борборлоштурулган үй-бүлөлүк саламаттык сактоо бөлүмүнөн
дарыгер менен фельдшер, күнүгө эки саттан ашык убакыт болушуп, камактагыларды
медициналык кароодон өткөрүп турушат. Медициналык кызматкерлерге ЭКККнан айлык
акы төлөнүп, дары-дармектер жана ага керектүү буюмдар камсыздандырылып турушат.

Аны менен бирге, 2019-жылы Эл аралык
Кызыл Крест Комитети (ЭАККК) менен
бирдикте Баткен облусунун, Баткен районунун эл аралык стандартка туура келген
УКИры жаңы салынып, аталган УКИр 2019-жылдын 22-майында ишке киргизилди.

—Келечек ээлери болгон жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө жаатында милиция кызматкерлери алгылыктуу кандай аракеттерди
көрүүдө?

-Жаш өспүрүмдөр арасындагы укук
бузуулардын алдын алуу жана кылмыштуулукту болтурбоо, эскертүү багытында Кыргыз
Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан бир нече
уюштуруу-тажрыйбалык чаралар уюштурулду.

Ошондой эле, жашы жете электерге
карата жасалган кылмыштардын жана жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун
алдын алуу, эскертүү максатында, алдын алуу субъектилери менен ведомстволор
аралык иш чаралардын 5 иш-мерчемдери ишке ашырылууда.

Белгилей кетчү жагдай, 2018-жылдын
декабрь айынан баштап Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий
сайтына өзүнчө бөлүк катары Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук
кызматынын Жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнө арналган сайттык бөлүгү
ачылып, иш алып барылууда. Бул сайтта жашы жете электер багытында өткөрүлүп
жаткан иш-чаралар, аныкталган көйгөйлүү маселелер, мамлекеттик жана коомдук
уюмдар менен бирге өткөрүлгөн иш-чаралар чагылдырылып турат.

Ички иштер
органдарынын ЖИИ кызматкерлери кызыктар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен
бирдикте түзүлгөн 511 штабдын
мүчөлөрү менен  2019-жылдын 9 айында ар
бир кожолука кирүү иш-чараларын ай сайын уюштуруп, кароосуз, көзөмөлсүз  калган, ошондой эле турмуштук оор абалга
кабылган, мигранттардын жашы жете элек 50 000ден
ашык балдарды аныктап, балдардын тизмесин, КРдин Билим берүү, Эмгек жана
социалдык мекемелерге, мамлекеттик өзүн-өзү башкаруу органдарына чара көрүү
үчүн жиберилген.

Кыргызстандын жаңы элитасы же «Эски «элита» кетсин!»
Сере Чалканова — атайын Elgezit.kg үчүн

3-июлдагы митингде Атамбаев бийликке жаңы элита келиши керектигин айтты. Бишкекте “Форумдун” алдында чогулгандар “Эски “элита”» кетсин! Жаңы, элдик лидерлер келсин!” деп жатышты. Мурдагы президент болсо “Кой-Ташта отуруп жаңы элиталарды тарбиялап чыгара турганын” билдирип, анын миссиясы ошол экенин жар салды. Бул мурдагы президент мамлекеттин эң негизги болгон милдетинин бири, жаңы элитаны даярдоо процессин түшүнбөстүгүнөн кабар берет.

Теория тууралуу эки ооз кеп

“Элита” термининин бир нече мааниси бар. Бул сөз латын тилинен (eligere) же француз тилинен (elite) келип чыккан жана мыкты, тандалма дегенди билдирет. Бул термин саясий жана социологиялык сөздүктөрдө жетекчилик кызматтарды аркалаган жана материалдык жактан камсыз болгон коомдун тандалган бөлүгү экени жазылган. Депутат Кожобек Рыспаев “Биз чимкирик эмеспиз, биз саясий элитабыз” деп парламенттин жыйынында айтканы дал ушул мааниде болсо керек. Мындай сөзгө коомчулук теригип, бул сөздөр хайп болгонуна караганда коомчулук Жогорку Кеңештин депутаттарын элита деп санабагандай. Демек, элита деген саясий жетекчилик кылгандар гана эмес мындан дагы терең мааниге ээ деп санашат. Элита деген улуттун, элдин мыкты, тандалган өзгөчө сапаттарга ээ өкүлдөрү деп санашат экен. Мындан улам биздин эл элита деп жетекчилик кызматты аркалагандарды гана эмес, бөтөнчө баалуулуктарга ээ адамдарды санашат.

Кадрлар баарын чечет

Албетте, элита жаңыланышы керек. Тарыхка көз чаптырсак элита өз нугунда кезек-кезеги менен гана кетпестен анын түрлөрү өзгөрүп турушу зарыл. Эгерде башкарган, саясий элита тууралуу кеп кыла турган болсок, анда мамлекет элиталарды даярдоо системасын жөнө салуусу зарыл.

Европада элитаны даярдоо маселеси менен алгачкылардан болуп Англия алектенип баштаган. Итон, Оксфорд, Кембридж – Британия империясынын негизги билим берүүчү жайларынын бири, ал жакта келечектеги саясий жана аскердик элита “тапталат”. Окуучу ар түрдүү сабактар боюнча билим алган Германиядан (баса, бул система кийин совет мектептеринин негизин түзгөн) айырмаланып англиялыктар мүнөздү тарбиялоого басым жасашкан. Чыныгы жигит латын тилин билбесе койсун, бирок ар түрдүү кырдаалда өзүн татыктуу алып жүрүүсү керек деп санашкан алар.

Англиядагы жабык мектептер тууралуу азыр дагы уламыштар айтылып келет. “Жигиттер жайында” шарт өтө катаал делинет. Британиянын келечектеги элитасы абдан катаал шарттарда тарбияланат: уктоочу бөлмөлөргө жылуулук берилбейт жана терезелери дайыма ачык болушу керек, тартип өтө катуу, сөзсүз түрдө спорт менен машыгуу шарт. Спортту мүнөздү калыптандыруу катары карашып, ал командада иштөөгө жана кыйынчылыктарды жеңүүгө жол ачат деп санашат.

Бирок бул Англия. Баса, дал ушундай элиталарды даярдоодо татаал шарттары бар система бул өлкөнү алдыңкылардын катарына жетеледи. Ал эми кайсы бир кездерде Советтер союзуна кирген өлкөлөрдө абал кандай? Эгерде коңшуларды карай турган болсок, анда Казакстандын тажрыйбасы кызыгуу жаратат.

Келечектеги элиталарды даярдоо биринчи президенттин көңүл сыртында калбаганы сезилип турат. Көз карандысыз жылдар ичинде Казакстан аскердик жогорку окуу жайларды түптөдү, ал жакта аскердик элиталарды даярдашат. Келечектеги чекисттерди даярдай турган окуу жайлары дагы жок эмес. Бул көз карандысыз болгон мамлекет үчүн өтө маанилүү. Анан албетте, Назарбаевдин маанилүү долбоорлорунун бири – 2008-жылы иштеп баштаган интеллектуалдык мектептер. Учурда Казакстанда 20 интеллектуалдык мектеп 15 миңге жакын окуучуга билим берет. Мектептер жатакана менен камсыздалган (интернат), ал жакта айылдан, кичи шаарлардан жана район борборлорунан келген 2 миңден ашуун окуучу бар. Мугалимдердин кесиптик бирликтери түзүлүп, ага окутуунун инновациялык ыкмаларын билген 3 миңге жакын мугалим (анын ичинен 195и чет өлкөлүк) мүчө. Акыркы жылдары Казакстандын интеллектуалдык мектептери Нидерландынын СITО деп аталган педагогдук институту менен иш алып барат. Окуучулардын баары сабактар боюнча катаал тесттен өтүшөт. Бул системада тааныш-билиш же пара берүү менен мектепке өтүү деген жок. Мектепке кирүүдөгү негизги талап окуучунун жөндөмү.

Ал эми бизде абал кандай?

Бизде болсо азырынча келечектеги элитаны тарбиялоо же окутуу иштери жок. “21-кылымдын кадрлары” деп аталган программанын азырынча эффективдүүлүктү баалоо боюнча белгилүү критерийлери жок. Көптөгөн бүтүрүүчүлөр чет өлкөлөрдө иштеп калышууда. Программа боюнча тандоо дагы таза эмес.

Биздин аскердик элита жана атайын кызматтын келечектеги кадрлары Россиядан билим алышат. Ал эми жергиликтүү билим берүү системасы коррупцияга белинен батып калган. Азыр ар бир окуучу, ал мейли жакшы окусун же аттестатты сатып алсын диплом ала алат. Бирок дипломдун артында билим барбы, бүтүрүүчүнүн деңгээли кандай деген суроо жаралат. Бул тармакта аз болсо да саз болсун деген принцип менен иш алып барыш керек эле. Баары эле университеттерден билим алганы менен чындыгында деңгээл башка болуп жатпайбы. Мындай болбойт жана өлкөгө дагы эч кандай пайда алып келбейт. Бизде ар түрдүү тармак боюнча диплому бар бирок билими жетишсиз адистер толтура. Көбү эле юрист жана экономист болуп кетишкен. Ал эми билимдүү кадрларга суусаганыбыз суусаган.

Атамбаевдин түшүнүгү боюнча элита

Жаңы элита керек деген пикир өзү актуалдуу. Бирок Атамбаев сунуштагандай, смартфонду колдоно билиши керек деген критерий менен тандап алсак анда өлкөгө коркунуч туулат. Атамбаев өзүнүн “чынчыл” жигиттерин “жаш элита” деп санап жатат. Бул тууралуу ал 3-июлдагы митингде айтты.

“Колуна телефон кармаганды билбеген адам санариптештирүү жана өлкөнү өнүктүрүү тууралуу кантип айтып жатат? Бул мүмкүн эмес. Муну жаштар жасай алышат” Өкмөт отставкага кетип, элдик өкмөт түзүлүшү керек. Түрмөдө биздин чынчыл жигиттерибиз отурат, ошолор өкмөткө келип, биздин өлкөнү өнүктүрсүн”,-деди Атамбаев.

Атамбаевдин пикиринде, түрмөдө отурбагандардын ичинен Мээрбек Мискенбаев татыктуу экен. Бирок бул жигиттин аброю боюнча маселе бар, ал уурдаганбы же андан уурдашканбы, айтор бир бүдөмүк иш болгон, андан кара так кала берди.

Бактыга жараша өлкөбүздө жаш, бычакка сап жигиттер жок эмес. Жаңы элита деген атка татыктуулар бар. Алар мыкты билим алышкан, алар китеп окуганды сүйүшөт, креативдүү жана жашоодон эмне каалап жатышканын билишет. Алар көп эмес, бирок өзүнүн жарандык позициясын билдирип, социалдык тармактарда дагы активдүү болуп келишет. Бирок алар эмнегедир саясатка же мамлекеттик кызматка барууга шашпай эле. Макул, мамлекеттик кызматка чакырбай жатышат дейли, бирок анда эмнеге саясатка аралашпай четте турушат? Себеби алар партиялар аркылуу саясатка келип, азыркы аксакалдарды кетирсе болоруна ишенишпейт. Себеби азырынча бизде Россиядагы шоу-бизнестегидей абал саясатта болуп жатат. “Голос” же ушул сыяктуу сынактар аркылуу канчалаган таланттар тапталууда, бирок сахнада ошол эле Киркоров жана Пугачева.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Сүрөт: WWW

Суу алып кеткен өмүрлөр…
Loading…

Акыркы күндөрү Кыргызстанда сууга чөгүп кеткен жаш жана өспүрүм балдардын саны көбөйүп жатат. Мектеп окуучулары учурда каникулга тарап, көпчүлүк бөлүгү үйлөрүндө же болбосо айылдарда эс алуу күндөрүн өткөзүшөт. Бул жагдайда алардын коопсуздугуна ким жооп берет? – Албетте, ата-эне. Эгерде кокус ооруп калса да ата-эне биринчи жооптуу болот. Бирок, тилекке каршы, айрым учурларда балдарыбызга көз сала албай, башка иштер менен алек болуп жатканыбыз өкүндүрбөй койбойт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги балдарды жалгыз калтырбай, аларга өтө кылдат мамиле жасоо керектигин эскертет.

Статистика эмне дейт?

Статистикага таянсак, быйыл башка жылдарга салыштырмалуу арты жаман окуя менен бүткөн окуялар көп катталды. Былтыр ушул маалга чейин 26 адам сууга чөгүп каза болгон, бүгүн ал сан 33 адамга жетти.

Анын ичинен 2018-жылы 12ге чыга элек беш баланын өлүмү катталса, быйыл 14кө жетти. Былтыр 12-18 жаштагы үч бала суудан ажал тапса, быйыл алты балага жетти. Айрыкча 18 жашка чыга элек балдар каза болууда. Быйыл апрель айында Ат-Башы каналына төрт жаштагы бала агып кетти. Аягында, баланын сөөгү Чу дарыясынан табылган. Сууга түшөм деген 6 жаштагы кыз да Нарындан сууга агып кетти. Ал эми, 2-июнда 3 жаштагы бала Суусамырда сууга агып, чарчап калды. Сөөктөрү ушул күнгө чейин табыла элек.

Статистикалык маалыматтарга караганда, соңку 3 жылда сууга чөгүп каза болгондордун саны кескин көбөйгөн. 2016-жылы сууга чөгүп 112 адам мерт кетсе, 2017-жылы 120 киши суунун курмандыгы болгон. Жалпы акыркы 6 жылда мындай кырсыктан жалпы сан 500дөн ашык киши мерт болгон.

Жай мезгили башталышы менен Ысык-Көл облусунда эки жаш өспүрүм сууга чөгүп каза болду

Үстүбүздөгү жылдын май-июнь айларында облустун аймагындагы көлмөлөрдө эки жаш өспүрүм чөгүшкөн. Алып айтканда, 28-май күнү Каракол-Пристань жериндеги көлдө 15-жашар жаш өспүрүм чөксө, бир айдан кийин Каракол шаарында төрт жашар наристе тез аккан арыктагы сууга кулап, каза болгон. Сууга чөгүп каза болгон балдар, ата-энелердин, же болбосо улуу адамдардын кароосуз калгандыгынан, мындай көрүнүш орун алгандыгы аныкталган.

Бүгүнкү күндө, облуста көлдүн жээгинде атайын пляждар уюштурулуп, коопсуз сууга түшүүгө аракеттер көрүлгөн. Ал эми, көлдүн жээктеринин башка жерлеринде сууга түшүү кооптуу болуп саналгандыктан, Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилигинин көрсөтмөсү менен облустун аймагындагы ушундай жерлеринде көзөмөлдү күчөтүү иштери колго алынууда.

Түп районунун милициясы мындай профилактикалык иштерге жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органынын өкүлдөрүн кеңири тартышып, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Өзгөчө, көл жээгинде, ылдам агуучу суулардын жанында чоңдордун кароосуз жүрүшкөн жаш өспүрүмдөргө көңүл бурулууда.

Рейддин жүрүшүндө, ата-энелердин дагы да өз балдарына кайдыгер мамиледеги көрүнүштөрдүн аныкталганы өкүндүрөт.

Ушундан улам, Ысык-Көл ОИИБи дагы бир жолу ата-энелерге эскертип кетмекчи: «Кырсык-каш кабактын ортосунда»,-демекчи, балдарыңарды көлдүн жээгинде, ылдам агуучу суулардын жанында кароосуз калтырбагыла, — деп эскертет.

Кыргызстандагы сууга түшүүгө кооптуу жай катары Чүй дарыясы жана Чоң—Чүй каналы, Нарын менен Жалал—Абадда Нарын дарыясы, Кара—Дарыя, Көк—Арт дарыялары, Таласта Талас дарыясы кооптуу болуп саналат. Баткенде Төрт—Күл суу сактагычына чөккөндөр көп болсо, Ысык—Көл облусунда көлдүн өзү кооптуу болуп эсептелет. Ошто болсо Ак—Буура дарыясына чөккөндөрдүн саны арбын. Адистер дарыяларга жана каналдарга эмес, бассейндерге түшүүнү сунушташат. Себеби анда куткаруучулар бар. Бирок, ошого таянбастан, балдарга көз салып туруу абзел.

Бишкектин тургундарынын көбү балдарын Ысык-Көлгө алып барып эс алдырып келишет. Ал эми колунда жок, шарты жоктор, ысык аптапта айла жоктон Чоң чүй каналына барып эс алышат. Бул канал абдан кооптуу болуп саналгандыктан, ӨКМ эскертүү берип, түшпөй турган жактарга адамдар атайын же билбей барып түшүшөт.

Эгерде адам чаба курганды билбесе жээктен алыс кетпегени дурус. Бирөөнү туурайм деп алыс кетип калган болсо, адам сөзсүз жаман окуяга кабыл болот.

Ага карабай, жарым жылда ушунча адамдын каза болушун серепчилер трагедия катары мүнөздөп, алдын алуу чараларын мамлекеттик деңгээлде жүргүзүү керектигин айтышууда.

Аткаминердин жана анын айдоочусунун сөөгү да суудан табылды

Жайыл районунда Көкөмерен суусуна машинеси менен кошо агып кеткени айтылган эки кишинин сөөгү табылды. Алар 59 жаштагы М.А. аттуу жаран жана айдоочу экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маркумдар 2-июлда кечки саат 20.00дөр чамасында табылган. Алардын сөөктөрү милицияга өткөрүлдү.

Сууга агып кеткен унаадагы калган жарандар табыла элек.

Маалыматтарга караганда, дарыяга түшүп кеткен «Ниссан Террано» үлгүсүндөгү автоунаада Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен келе жаткан. Азыр дагы үч киши изделип жатат. Алар Абдылдаевдин үй-бүлөсү экени айтылган.

Туугандарынын айтымында, машинеде беш киши (3 эркек, 1 аял, бир бала) бараткан. Алар акыркы жолу кырсык болгон аймакка жакын жерден телефондон байланышкан.

Маркум Молдакун Абдылдаев 2014-2018-жылдары президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.

Назгүл Турдубекова, Балдарды коргоо лигасынын жетекчиси:

-Балдардын өмүрү, саламаттыгы ата-эне үчүн биринчи орунда турат. Албетте, балдардын коопсуздугу сакталбаса,  жаман окуя болуп кетиши мүмкүн. ӨКМ (Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги) ар кандай билдирүүлөрдү жана эскертүүлөрдү байма-бай берип туруусу керек. Алардын бюджетин көтөрүү абдан зарыл. Айрыкча, куткаруучулардын айлык маяналарын кыйла көтөрүү абзел. Ошону менен катар балдарды жолдо жүрүүнүн эрежелери менен бирге сууда сүзүүнүн эрежелери тууралуу маалыматтарды улам берип туруу керек.

Эң башкысы балдарды жалгыз калтырбоо керек. Эгер балдарын кароосуз калтырса, ошол ата-энелерге тийиштүү чараларды көрүү керек деп эсептейм. Андай ата-энелерди жоопкерчиликке тартуу керек.

Дегеле балдар эмес чоңдор да мындай “кайгылуу окуялардын каарманы” болуп калышууда. Эсиңиздерге салсак, былтыр белгилүү журналист Улан Эгизбаев да көлгө чөгүп кеткен.

Акыркы күндөрү Кыргызстанда сууга чөгүп каза болгондор көбөйүп жатат. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жарандарга кайрылып, жайкы мезгилде сууга түшүүдө этият болууга чакырууда.

Мекеме шар аккан сууга, терең саздарга жана көлмөлөргө түшпөөгө кеңеш берип, сууда сүзө турган кемселдерди кийип алуу зарыл экенин эскертти. Министрликтин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдиргендей, быйыл жыл башынан бери 57 адам сууга чөгүп кетти. Анын он сегизи 12 жашка чейинки балдар, он экиси өспүрүмдөр.

— Ошол 57 кишинин 30у жайкы мезгилде ар кандай себептер менен чөгүп кетишкен, — деди ал.

Ушул күндөрү чөнтөк телефондорго балдарды абайлоого чакырган эскертмелер жөнөтүлүп жатат.

2018-жылы Кыргызстанда 134 адам сууга чөгүп каза болгон. Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында кырсык көп катталган. Каза тапкандардын 80и адам жай мезгилинде сууга чөккөн.

Эгер жабыркаган адам эстен танбаса, тамырынын кагышы, дем алуусу кадимкидей болсо, демикпесе аны кургак, катуу нерсенин үстүнө башын эңкейиштете жаткырып, чечинтип, денесин сүлгү менен кургата аарчып, чай же кофе ичирип, жылуу жаап жаткырып коюу керек. Суудан алып чыкканда анын тамыры кадимкидей эле кагып, дем алса, бирок эс-учу жок болсо, башын чалкалатып, астыңкы жаагын ылдый тартып, оозунун ичин балыр, ылай, кусундудан тазалап (кол менен), этин кургата сүртүп, нашатырь спиртин жыттатып, дем алуусун активдештирүү үчүн тилин улам-улам тартып турган оң. Эгер жүрөгү согуп, бирок дем албаса, тезинен жогорудагы бардык чараны көрүп, «ооз менен оозго» же «ооз менен мурунга» жасалма дем алдыруу зарыл. Дем албаса, жүрөгү да сокпосо, жасалма дем алдыруу менен жүрөк массажын жасоо керек. Биринчи жардам көрсөткөндөн кийин жабыркаганды абалына карабастан жакын арадагы медициналык мекемесине жеткирүү зарыл, анткени бардык учурда, ал тургай жеңил жабыркаганда да оор кабылдоодон адам өлүмгө дуушар болушу мүмкүн. Кырсык болбош үчүн балдарды суу жээгинде кароосуз калтырбай, кайыктан сууга түшпөй, чектелген жерден ары кетпей, алкоголь ичимдиктерин ичкенде сууга түшпөй бардык эрежелерди так сактоо керек. Күнгө өтө ысып алып, айрыкча улгайган, жүрөк-кан тамыры оорулуулардын сууга түшүшү, ошондой эле тааныш эмес жерде сууга секирүү (айрыкча башы менен) өтө коркунучтуу.

Жазгүл Урмамбетова — атайын Еlgezit.kg үчүн

Cүрөт WWW

Мугалим: «Азыр ошол «тентек» окуучуларым мага сый көргөзсө, мурдагы жоруктарын ичимен ойлоп, уялып кетем»
ТАРБИЯ БАШАТЫ – БИЛИМДЕ!

МУГАЛИМ – БЕРГЕН ЖАРЫК НУР

Өлкө боюнча билим уяларынан окуучулар акыркы кечелерин өткөрүштү. Алар турмуштун даңгыр жолуна түшүп, келечекте бир кесиптин ээлери болушат. Он бир жыл бирге окуп, эрезеге жеткирген мугалимдерге таазим этебиз. Ошол мугалимдердин арасынан элеттик мугалим эжебиз тууралуу учкай кеп кылууну туура көрдүк.

«Мен окуткан балдарым, ишинен баар тапса, ошол менин кубанычым жана ийгилигим», — деп баштады учкул маегин каарманым!

Мугалимдик кесип ардактуу кесип! Ар бир эле адам мугалим боло албайт. Бул кесипте иштегендер кесибин  сүйүп иштебесе, ардактабаса, ал адам мугалим боло албайт. Мына ушундай ары татаал, ары түйшүктүү кесипти өмүр бою аркалап жүргөндөр арабызда ого эле арбын. Ооба, тарбияны бала үйдүн да, мектептен да татыктуу алуусу керек. Чынында мугалим – жарык чачкан нур, мугалим – экинчи ата-эне! Мурда мугалим келе жатканда абдан ардактап сыйлап турушчу. Азыр мугалимге болгон мамиле башкача сезилет. Педагог ар бир адам үчүн үлгү жана өрнөк. Дал ушул мугалимдик кесипти аркалаган, аны ардактап, асыл сапаттарга ээ болуп, урмат-сыйга бөлөнгөн, 40 жылдан бери күн жер бетине нурун чачкандай, балдарга билим берип келген Кара-Ой айылындагы Касымалы Бектенов атындагы мектептин башталгыч класстарынын ардактуу эжекеси тууралуу окурмандарга айтып берүүнү ылайык көрдүм. Ал өзүнүн кесибин мыкты аткарган СУЛТАНАЛИЕВА Жүрсүнкан Шамшиевна, мугалимдик кесипте  40 жылдык эмгек календарын ачкан чак. Жети-Өгүз районуна караштуу Чоң-Жаргылчак  айылынын сүйүктүү кызы борборубуздагы (мурдагы Кыргыз Мамлекеттик Университети) Улуттук Университетинин «Физика» факультетин 1979-жылы ийгиликтүү аяктап,  кайрадан өзү билим алган мектебинен эмгек жолун баштайт.

1982-жылы Кара-Ой айылына турмушка чыгып, үй-бүлөө күтөт. Сүйгөн кесибин улантып, айылдык мектептин башталгыч класстарын окута баштайт.  Мына ошол мектептин босогосун аттагандан тартып, ушул күнгө чейин Жүрсүн эжей 40 жылдык эмгек барагын ачты. Мектептин ысык-суугуна чыдап, балдарга билимин берип, мугалимдик мээримин тартуулап келет. Айылдыктар эжейди абдан сыйлашат. Ар дайым жүзүнөн күлкү кетпеген эжей миңдеген балдарды тарбиялады. «Сабырдын түбү сары алтын»  демекчи, Жүрсүн эжей кесибин ардактап, сүйгөндүктөн  «Эл агартуунун отличнигине» да татыган. Эжей 9 баланын ардактуу энеси.

Жүрсүн эжей ар дайым изденип иштөөнү сүйөт. Өзү окуткан башталгыч класстын балдарына, эне тилин сүйүүгө, ардактоого умтултуп, аларга «кыргыз тили жана адабиятынан» да сабак берет. Каникул кирип келсе да бул сабакты өркүндөтүп, жаңы ыкмаларды үйрөнүүнүн үстүндө.

Жүрсүн эжейдин айтымына караганда, мугалимдик кесип абдан оор, буга чыдаган да бар, чыдабаган да бар дейт ал. – Ар бир баланын мүнөзүнө жараша мамиле кылууга аракет жасаймын. Бирөөнүн бетинен өбөсүң, тентегине урушасың, дагы башкасын алдоого туура келет. Анын үстүнө чатак ата-энелер да жок эмес.

Жүрсүн эжеге бүгүнкү күндүн мугалими кандай болуусу керек деген суроо узатканымда, ал азыркы мугалим баардык жагынан жетишкен мугалим болуусу керек деген оюн айтты.

– Мугалим интерактивдик доска менен электрондук сабак өтүүсү абзел. Азыркы жаштар мобилдик телефондон эле бардыгын издеп, билип алып жатышат. Мугалим болсо жөн гана көрсөтүп койбостон үйрөтүүсү керек.

Кыргыз тилинин методикасы жок экендигине кейиген эжей, азыркы чыгып жаткан китептердин сапаты начар экендигин баса белгиледи. Ошону менен катар, мугалим өкмөт тарабынан жеңилдик алса, жаштар бул кесипке тартылмак деген оюн билдирди. «Жаш мугалимдерге ылайыктуу шарт түзүп берилиши керек, азыр жаштарыбыз чет өлкөлөргө агылып жатканы дагы жогорудагыдай шарт түзүп бербей жаткандыгында. Бир стандарт түзүү керек. Окуучулардын алган билимин турмушта пайдалануу жана аны колдоно билүүсү керек».

Эжей өзү абдан тың, эмгекчил, бирөө тууралуу жаман сөз айтпаган, үйдө да, кызматта да баардык жумуштарды так аткарып, жетишип келет. Эже ар дайым  калыс сөзүн айтуудан тажабайт. Кесиптештеринин арасында да урмат-сыйга ээ. Эжейди бир гана өзүнүн эмгек жамааты эмес, бардык айыл сыйлап турат. Анын окуучулары учурда Кыргызстандын эле эмес, башка мамлекеттерде да үзүрлүү иштешип, эжей ошол мыкты билген уул-кыздары менен сыймыктанат. Мисалга алсак, Жүрсүн эжей окуткан  Молдоисаева Миргүл – АКШнын Нью-Йорк шаарындагы БУУнун Кыргызстандагы өкүлү болуп ийгиликтүү иштеп жатат.  Канболотова Ирина – Кыргызстандагы белгилүү акушер-гинеколог. Ал эми дагы бир окуучусу Тюлегенов Каныбек учурда Кара-Ой айыл өкмөтүн жетектеп, элдин милдетин алгылыктуу аткарууда.

Өмүрүн ыйык кесипке арнаган эжей окуучулары туурасында мындай дейт:

— Окуучуларым менен абдан сыймыктанам. Эми алардын арасында баардыгы эле жакшы окуп, сабактарына жетишип кеткендер да бар, андай эместер да бар. Кээде ушул менин колуман окуп кеткен тентек окуучуларымды бурчка тургузуп да койчумун. Эми азыр ошол «тентек» окуучуларым мага сый көргөзсө, мурдагы жоруктарын ичимен ойлоп, уялып кетем, — дейт Жүрсүн эжей.

Эжейдин окуучулары анын сабагын чыдамсыздык менен күтүп турушат.

Жүрсүн эжейдин үйүнө кирсең, үйү гүлгө толот. Кире бериштен баштап эле гүлдөр өсөт. Өзү да гүл сымал, жакындарына да жылмаюуу тартуулап келет. Биз эженин ишине ийгиликтерди каалап, ден соолугу чың болушун Кудайдан тилейбиз!

Жазгүл УРМАМБЕТОВА,

Атайын Еlgezit.kg үчүн

Жамиля Муратова, композитор: «Президенттен жооп келе элек»
Урматтуу Президент!

Постройте нам пожалуйста большой концертный зал.

Расцвет страны, начинается с культуры.

Культурная страна — развитая страна!

Сделаем же вклад в культурное развитие Кыргызстана!

Белгилүү композитор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Жамиля Муратова март аягынын этегинде президентке маданиятка көбүрөөк көңүл буруу керектиги жана концерттик зал салып берүү өтүнүчү менен өзүнүн Фейсбук баракчасынан кайрылган болчу. Бул боюнча Еlgezit.kg Жамиля Муратовага маек куруп берүү максатында кайрылдык.

-Жамиля айым, адегенде чыгармачылыгыңыз тууралуу учкай айтып берсеңиз?

— Чыгармачылык өз нугу менен өтүп жатат. «Ар бир кесип ардактуу» дегендей, ар бир кесиптин өзүнүн түйшүгү болот. Аракеттин артында сөзсүз береке болот, ошондуктан аракет кыла бериш керек.

-Келечектен эмнени күтөсүз?

— Келечекти ким билсин. Бүгүнкү күндүн суусун ичип, ыраазы бололу деп ойлойм.

-Президентке кайрылганыңызда жооп болдубу?

-Президент жооп бере элек. Эгерде Президент окуган болсо, эсине түйүп койоор деген каалоо.

-Учурда ырчылардын саны көбөйүп кетти. Бул тууралуу сиздин оюңуз кандай?

— Саны бар сапаты жок ырчылар чынында эле көбөйүүдө. Бирок, жашоонун шары ушундай көрүнгөнсүйт.

-Учурда эмне иш менен алексиз?

-Азыр да музыка жазып, окуучуларыма да ырларды жазып, чыгармачылык уланууда.

-Чыгармачылыгыңызга албан ийгиликтерди каалайбыз. Ишиңиз илгери болсун!

-Рахмат. Ишиңерге ийгилик.

Маектешкен Жазгүл Урмамбетова — атайын Еlgezit.kg үчүн

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Сүрөттөр Жамиля Муратованын жеке баракчасынан жана интернеттен алынды.

24-марттын сабактары
Жекшемби күн болуп калгандыктанбы же эмнеси билбейм, 14 жыл мурун орун алган 24-март «Түлпан Ыңкылабын» эскерген дээрлик эч нерсе жок көпчүлүк чоң басылмаларда. Кыргызстандын жаңы тарыхындагы эң маанилүү, кесепеттүү окуяны минтип бат эле унутта калтырганыбыз, экинчи планга түртө салганыбыздын өзү эле биздин саясий маданиятыбыздан бир маани туйдуруп турат. Кечээ эле баштан өткөн окуяларды унутуп салганыбыздын натыйжасында биз күн сайын, жыл сайын, бийлик өзгөргөн сайын баткакка байлангандай каргашалуу турумубуздан арыла албай жүргөн чыкпайлы.

Талашсыз майрам болбосо да, 2005-жылкы ыңкылаптын биз үчүн мааниси, сабагы чоң, жакшы жагына да, жаман жагына да. Так ушу 24-март күнү, 2005-жылы, Кыргызстандын эли, ага чейинки эки жума бою өлкөнүн ар жеринен уюшуп келип, бийликтин тактысынын алдында «оюнуңарга, алдастооңорго, уурулугуңарга тойдук!» деп кыйкырып келишкен. Андан мурунураак бир нече жыл бою жасалып жаткан үй-бүлөлүк талап-тоноочулукту көрүп, ичинен бышып келген эл 24-мартка келип жарылып чыккан. Калың эл дарыядай агып, милийсадан, түрмөсүнөн чоочубай, мындай бийликке кекиртектен тойгонун билдирип көчөгө чыккан. Акыркы күндөрдө болуп жаткан казакстандык туугандардын акыбалын көрүп, биздеги өткөн окуялар көз алдыңа тура келет.

Жаман бийликтин жамандыгына каршы чыккан эл, ошол эле кезде, бийликтин борпоң экенин, катуу түртсө кыйрап каларын да ошол күнү көрүп алган. Алсыз мамлекет деген түшүнүктүн мааниси ошондо ачыкка чыккан. Бийликсиз мамлекет коркунучтуу экенин, мыйзамды коргогон эч ким жок болсо, арабыздан ач бөрүлөр четтен чыгып, башкалардын мал-мүлкун талап кирээрин, ушундай арам оокаттан баш тартпаган көптөгөн журтташтарыбыз бар экени байкалган. Албетте, арам ойлуу кылмышкерлер ар элде, ар убакта бар деңизчи, бирок, бул жерде эске алчу нерсе – азыркы коом үчүн мыйзамдын жана ал мыйзамды коргоонун мааниси. Бул нерселер жок болсо, шаарын бир заматта «джунгли» токойуна айлана калаары, «21-кылымдын цивилизациясы» деген менен көптөрдүн урганы жок экени маанилүү.

Жаман бийликти айдап чыгып, бийликсиздиктин да даамын таттыра койуп, 24-март бизге жакшы бийлик керегин, жакшысы болбосо жаманы деле болгону жакшы экенин тыянактап берди окшойт. Бийлик ордосун бошотуп берип, жаңы бийлик түзөбүз дегендерге каалганы ачып берип эл кеткен. Ордого кире чапкан менменсинген тын-чыкмалардын талашын эми айтпай эле койолу. Ал талаштын натыйжасында, «мен Акаевдей эмесмин» дегендердин заманы келген. Көп убакыт өтпөй, Акаев заманынан беш бетер акыбалга түшкөн өлкө кайра эле айла-амал издеп сыйпалап калганы эсте.

Демек, 24-марттын дагы бир натыйжасы – алдым-жуттум кырдаалдын арасынан келе чыккан, мамлекетти эмес, өз чөнтөгүн гана билген, мыйзамды каалагандай калчап ойносо болоорун билип алган, өзүн «элита» атай койгон бир ууч топтун өлкөнү башкарууга келип калуусу. Бул көрүнүш жөн гана бир кыска, убактылуу көрүнүш эмес, системалык түрдө орун алып калган илдет. Бул илдеттен арылуу эбегейсиз зор аракет талап кылаарын, чыгаан лидерлерди жана атуул элдин бекем киришүүсүн талап кылаарын байкоо салган ар ким түшүнсө керек. Чыгаан лидерлерди алып келүү үчүн, атуул эл шайлоолордо сатылбай, коркпой, өз тууган жанына тартпай, кылдат талдап тандоо кылуусу – эң эле оңой жана көз-көрүнөө бир шарт.

24-мартты унутуп, 7-апрелди майрам кылуу – калын эл үчүн, кеминде, тайыз ойлуулук. Албетте, 7-апрелди өзгөчө майрам кылып, ураан тутуп, дээрлик менчиктеп алган күчтөр бар – алар үчүн, бул окуя аларды бийликке алып келген күн, басып кирип бийликти алганда «Элдик ыңкылап!» деген ураан аларга легитимдүүлүк берген. Жеңген тарап дайым баатыр болот, жеңилген тарап күнөө тартат эмеспи. Бирок, ошо жеңген тарап да эми бөлүнүп-жарылып, ар кимиси 7-апрелди өз атына байлап жатып, бул окуянын маанисин да азыр төгүп-чачып жатышат. 7-апрелден кийин айтылып чыккан жакшы ураандар, көтөрүлүп чыккан үмүттөр – 24-мартта туулган ураан менен үмүттөр; 7-апрелден кийин орун алып калган алешемдиктер, бийликти салабаттуу бийлик эмес көк-бөрүнүн улагындай талашып ойногон көрүнүш – 24-мартта пайда болгон терең илдет.

Көп нерсенин арасында, 24-марттын кыргыз эли үчүн эң маанилүү бир устуканы – бийлик бузукулук кылганда, ага каршы уюшуп чыгууга, ачуу сынын ачык айтканга болгон дем. Алданып эле калбасак, чарчап кетип байкабай эле калбасак, бийлик адилетсиздигин көтөрө берчү эл эмеспиз, андайды көтөрө чапчу элбиз деген дем бар. Арийне, ал эркинчил, адилетчил демди да өз кызыкчылыгына бура тарткан, алдай коюп эл топтоп, борк алдырбай баш алдырган ыкма да так ошол 24-марттан бери көп орун алды. Кээ бир кишилер ошол ыкманы жакшы өздөштүргөнбү, жакшы колдонуп калганбы, ыңкылаптан баарына мен автормун деп калганы да бар. Канткенде да, элдин эркин добушу, адилетсиздикке моюн сунбай толкуп туруусу – бул да 24-марттан бекемделген бир күч.

Андыктан, 24-мартты унутууга, аны коюп 7-апрелди эле белгилеп калууга бизде тарыхый, саясый укук жок. Андай унутууга жол берилген сайын дагы бир ыңкылап болуусуна, 7-апрель да унутулуп дагы бир жаңы дата пайда болуусуна, бизди мыкчыган саясый саздан чыга албай кала берүүбүзгө шарт түзүлө берет. Кечээки тарыхтын сабактарын так түшүнүү менен гана эртеңки тарыхтын кандай болуусу керектигин элестетип, аны курууга аракет бел байлай алабыз.

Саясат таануучу Эмил Жураев — атайын Еlgezit.kg үчүн

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Эмиль Жураев: Майда саясат жөнүндө
Экс-президент Атамбаевдин 17-мартта башкаларды шылдыңдап, өзүнө комплимент айтып, кыскасы буркан-шаркан түшүп сүйлөгөн сөзүнөн кийин, КСДП оппозиция болорун расмий түрдө жарыялады. Аны менен катар эле өзүнүн фракциясына коалициядан чыгууну сунуштады. Эми эмне болот?

Негизи КСДПда өзгөрүүлөр бир жылдан бери эле болуп жатат. Учурда КСДПнын атынан сүйлөгөн 3 топ бар: Атамбаев жана “Форумда” отурган партия өкүлдөрү, “КСДП Атамбаевсиз” кыймылы менен Сагынбек Абдрахманов жана Парламентте аталган партиядан келген айрым депутаттар менен Иса Өмүркулов. Эң кызыгы, партиянын апрель айынын башында боло турган съезди тууралуу эки башка билдирүүлөр болду: чындыгында эле, Өмүркулов айткан маалда жана Атамбаев койгон убакытта съезд боло турган болсо, анда партия менен болуп жаткан абал бир аз болсо дагы түшүнүктүү болуп калмак.

Бирок, партиянын оппозицияга кетип жатканы тууралуу билдирүү боюнча Өмүркулов берген жооп көпчүлүктү таң калтырды. Ал партиянын мындай билдирүүсү легитимдүү эмес, себеби саясий кеңештин бир бөлүгү чечим кабыл алууда катышкан эмес деп айтарын күтүшкөн. Себеби ал Атамбаев съезд өтө турчу күндү белгилей албайт деген эмес беле. Бүгүн болсо партия менен фракция бөлүнүп калганын айтуу менен партияны (Атамбаев жетектеген) таанырын билдирип койду.

Андан сырткары, фракция көпчүлүк коалициядан чыкпай турганын мындай курч абалда Өкмөттүн ишин туруксуздыштыруу туура эмес экендиги менен түшүндүрдү. Башкача айтканда, ал партиянын чечими менен саясий дагы укуктук дагы тарабынан макул эместигин билдирген жок. Бул чечимди эсине аларын, бирок фракция аны менен макул эместигин кыйытты. Ага караганда Строкова айым логикага ылайык реакция кылды, ал Президентти партияга Атамбаев байлаганын жана өзү алып келген кишиге партия оппозиция боло албастыгын билдирди.

КСДПда шахматтагыдай пат кырдаалы түзүлдү, өзгөчө фракцияда. Де факто, парламенттеги социал-демократтар партиясыз фракция болуп калышты, бирок Конституциядагы шайлоо Мыйзамында партиясыз шайлоого катышуу мүмкүн эмес.  Прецедентке ылайык, партия парламентте отурган депутаттарды мандатынан ажырата албайт. Албетте, партия депутаттарын башкаруу коалициясынан чыгууну талап кыла алат, бирок ал максаттарына жетиши күмөн.

Атамбаевге мындан эч кандай жаман кырдаал жаралбайт, бирок фракцияны бир топ эле алсыздандырат. Депутаттар өздөрү менен өздөрү. Бул жерде формалдуу эмес нерсе аргасыздан формалдуу болуп калат – себеби шайлоочулардын добушун талапкерлер өздөрү күчүнүн барынча аракет кылып алышкан, адамдар партия үчүн добуш беришкен жок да. КСДПнын депутаттары парламентке келүүсүн ушинтип түшүндүрүшсө болот. Жанар Акаев мурда эле депутат болуу укугун негиздеп берген, бирок, КСДПнын депутаттары дагы абалдан ушундай жол менен чыга алышары күмөн.

Азырынча КСДП фракциясындагы депутаттардын көбү партиянын мүчөсү, ошондуктан, партиялык мандат сакталып келүүдө. Атамбаев, Ниязов жана Жолдубаева биригип туруп, алар менен макул болбогон “саткындарды” партиядан чыгарып салышса кандай абал жаралары кызык. Эң кызык комедия болот. Эми Мыйзамда жазылбаган иштер болуп жаткандыктан, бул жерден дагы жазылбаган иш-аракеттерди кылып КСДПдан чыгарылгандардын баары “Ата Мекендин” катарына кошуп алса болот, ошондо алар эң чоң фракция болуп, көпчүлүк коалициясын түзүп алышат!

Бул саясий циркте “чоң саясаттан кетпей турганын”, “кайрадан саясатка кайтып жатканын” айтып жаткан адамдын ролу унутулуп калышы мүмкүн. Биздин саясаттын тили өзү эле цирк. Кыргызстандын саясатында “кетип жатам”, “кетпейм”, “келип жатам” ж.б. айтуу маанисиз, эч ким саясаттан эч жакка кетпейт. КСДП оппозицияга “кетип жатат”, бирок, оппозиция деле башка жакта эмес, ушул эле жерде. Кыргызстанда башкаруучу партия менен оппозициянын ортосундагы дистанция эки адамдын эле ортосундагы мамиледе. Бирок, саясат тиги тарапта болобу же бул тараптабы ал аморфтуу. Саясатта сезилерлик өзгөрүү болуп жатса, Өкмөт туура эмес кадамдарга барган болсо “оппозицияга” кетүү максатка ылайык. Бирок, Кыргызстандай мындай болбойт.

“Чоң саясат” тууралуу кеп кылып да кереги жок. Чоң саясат – бул чоң идеялардын, стратегиялардын талкуулануусу. Кыргызстандын саясаты майдаланып кеткен. Себеби, саясаттагы тай казан – Ак үй. Чоң саясатты чоң адамдар жасайт. Ал эми биздин саясаттагы адамдар, тилекке каршы, майда адамдар. Өзү маңдай тери менен тапкан миллиондор, кандай коньякты кайсы идиштен ичкени, кандай тамеки чеккени тууралуу кеп кылышат. Майда саясат Ак үй аркылуу жасалып жаткандыктан, өлкө да майда бөлүктөргө бөлүнүп кеткен. Өлкөдөгү саясий жашоо циркке, комедияга айланып калган.

Саясий серепчи Эмиль Жураев – атайын Elgezit.kg үчүн.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Партия ичиндеги бөлүнүү. КСДП vs КСДП фракциясы
Шахмат талаасындагы жүрүш

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин каршылашуусу логикалык чекке жетти. Артка кайра кайтууга жол жок деген чийинге келишти. Жакында эле социал-демократтар өздөрүн бийликке оппозиция катары жарыялашты. Бул жаңылык күтүүсүз болду деп айтууга болбойт. Акыркы жылда саясаттагы аба ырайы туруктуу болгон жок. Өзгөчө КСДПда. Бул партиянын парламенттеги фракциясы партия менен эч кандай иши жок экенин далилдеди. Анын үстүнө “КСДП Атамбаевсиз” түзүмүнүн дагы тарапташтары жок деп айта албайбыз. Партиянын расмий өкүлүнүн жайылткан маалыматтарынан соң, мурдагы КСДП жок экени толук билинди.

Жээнбеков менен Атамбаевдин каршылашып жатканы шахмат оюнун эске салат. Салтка айланып калгандай эле, экс-президент биринчи кадамды таштады. Баары бир жыл мурун маалымат жыйыны учурунда Атамбаев Жээнбековдун ишин сындаганда башталган.

Башынан эле мурдагы өлкө башчысы үстөмдүк кылуу позициясын карманып келет. Өзүн чынчыл адам катары көрсөтүп келген Атамбаев кандай сүйлөштү билет. Бир жыл мурун ал Жээнбековго өлкөнү кандай башкаруу керектигин үйрөткөн. Президентке бул кеңештер албетте, жаккан жок. Бирок, шахмат талаасында оппоненти өз жүрүшүн абдан ойлонуп чыккан. Шахматта утушка ээ болуу үчүн ханга жетчү жолду тазалоо керек. ЖЭБди модернизациялоо боюнча соттук териштирүүлөр бир нече башкы фигураларды оюн талаасынан алып түштү: экс-премьер-министр Сапар Исаков, Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов.

Чөгүп бара жаткан кемеден качуу керекпи?

КСДПда ошол маалда эле бөлүнүп-жарылуу башталган. Өзгөчө партияда “тазалоо” иштерин жүргүзүү керек деген Атамбаевдин сөзүнөн кийин . Айрым салмактуу саясатчылар позициясы күчтүү, келечекте утушка ээ боло турган тараптарга жакындай баштады. Жакында эле экс-президентке берилгендигин айтып, жагалдангандар Атамбаевдин дарегине сындарды жаадырып башташты.

ЖКнын Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаевге жана КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркуловго партиядан чыгууну сунушташты. Ошондой эле, ЖКдагы кызматтарын да өткөрүп берүү керектигин билдиришти. Бирок депутаттар буга макул болушкан жок.

Иса Өмүркулов «жуурканды өзүнө тартып», социал-демократтардын лидери экенин эске салды. 3-апрелде КСДПнын съезди болорун жар салды. Буга эски партиянын расмий өкүлү (эми партияны эски жана жаңы деп бөлүүгө туура келет окшойт) Кундуз Жолдубаева партиялаштардын жолугушуусу 6-апрелде болот деген жообун берди.

Ал эми ортодо карама-каршылыкка аралашпаган социал-демократтар дагы бар. Мисалы, Чыныбай Турсунбеков бир нече жолу эски досторду элдештирүү аракетин көргөнүн билдирген. Аны менен катар эле, эч бир тарапка жан тартпай турганын кошумчалаган. Жакында эле партиянын ичиндеги иштерди көрүп туруп, социал-демократтардын катарынан чыгуу ниети бар экенин билдирди.

Уландысы болобу?

Атамбаев өткөн жылдын ноябрь айында жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү дагы душмандары экендигин айткан. Ал эми Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президенттин ыкмасын колдонуп, аны аброюбузга шек келтирди деп сотко бергенге да жетишишти.

Атамбаев өзүнө душмандарды арттырууну жакшы билет. КСДП түзүлгөн 25 жыл ичинде партия дайыма бийликке оппозиция болуп келген. Балким, төңкөрүшчү духу экс-президентке тынчтык бербей жаткандыр? Бул тууралуу ал Аксы окуяларына байланышкан митинг-реквием учурунда эске салды. Атамбаев Акаевдин, Бакиевдин кландары менен кандай күрөшкөнүн, эми “Жээнбековдун кланы” менен күрөшүү максаты бар экенин айтып берди.

Экс-президент «шахмат талаасында жүрүштү» дагы бир жолу биринчи баштады. КСДП бийликке оппозиция экенин айтты. Көпүрөлөр кыйрады, артка жол жок. Мурдагы достор элдешет деп үмүт артып жүргөндөрдүн үмүт шамы өчтү. Көпчүлүк Жээнбековдун кадамдары кандай болорун күтүүдө. Бирок, ажонун кээ бир учурларда эл күтпөгөн аракеттерди жасап койчу адаты бар. Өткөн жылдын 8-февралындагыдай.

Эмне дейбиз, азыр бир нерсе айкын – жазында туруктуулук болбойт. Бирок биз тынч, жай турмушту каалаганбыз…

Руслан Изреков – атайын Еlgezit.kg үчүн

Сабыр МУКАНБЕТОВ: “Алмазбек Атамбаев өзү деле кырдаалды түшүнүп, соодасы бүткөнүн сезип сынып калгандай”
Elgezit.kg саясат таануучу, журналист Сабыр Муканбетовдун «Майдан» гезитине берген интервьюсун сунуш кылат.

— Жазда, күздө саясый айдыңды козг оп көнгөн эл эмеспизби. Мына Кудаа каласа кыштан аман эсен чыктык, жаз да кирип келди… Учурдагы кырдаалды кандай баалар элеңиз? Быйылкы жаз кандай болчудай?  Өлкөдө саясый туруктуулук барбы, бекемдиги канча?

— Тынымсыз жазда, күздө кужулдап, көчөгө чыгып, нааразы болуп жүргөнүбүздүн себеби эмнеде эле? Бийликтин кылган ишине ичибиз чыкпай, бийлик башындагылардын коррупциялык иштерине, ач көздүктөрүнө жинибиз кайнап, элибиздин жакырланганына зээнибиз кейип, мамлекеттүүлүгүбүздү жок кылуучу кадамдарына кыжырдангандан көчөгө чыгып жүрдүк да.

А, азыр болсо бийлик алмашты, жаңы президенттин отурганына бир эле жыл болду, элге каршы иш кылып жаман көрүнгөн жери жок. Мурдагыларга окшоп ичип-жейин деп жулуңдаганы байкалбайт, тетирисинче адилет, ак иштөөгө чын дилден аракет кылып жатканын көрүп атабыз. Жаманатты кылууну көздөгөндөр деле эмне деп айтаарын билишпей, фактылары жок кыйналып, кара пиарлары өтпөй жатат.

“Экономикалык прорыв жок” деп эле кейимиш болгон коомчулугубуз деле бирок, азыр, жеке Сооронбай Жээнбековго карата нааразычылыктарын айтып жаткан жери жок. Айрым, баягы, “оппозициялык маанайдагы саясатчынын ордун ээлешим керек” –деп максат кылып алган, бирин-экин саясатчылар гана “сайрап” жатканын көрүп атабыз.  Ошондуктан азыр, ким кандай аракеттерди кылып козутпасын элди нааразычылык акциясына алып чыгыш кыйын.

Албетте саясый кырдаалдын курчушун көптөгөн саясатчылар ичтеринен тилээри турган иш. Анткени бийликтин креслосу шаткий боло баштаса алардын баркы артып, шанстары жогорулайт деген түшүнүк бар эмеспи.

Экинчиден, 2020-жылда боло турган парламенттик шайлоого даярданууну көздөгөн саясый күчтөрдүн баары курулай ресурстарын коротуп чарпылгылары келбей, демдерин ичине алып, кантип күчтөнөөрүн, кимге кошулаарын ойлоп баштары маң болуп жатат.

Көпчүлүгү шайлоо алдында бийликтин каарына калбай, колдоо табууга, жок дегенде лоялдуулукту камсыздоону көздөп жатат. Айтор азыр, экс-президент Алмазбек Атамбаевден башка тополоң көксөп, аракеттенген күчтөр жокко эсе десек болот. Саясат айдыңы, менимче парламенттик шайлоо жакындаганда гана кызыйт дебесек, азырынча туруктуулук бузулат дегенге негиз жок. Кандайдыр эле бир одоно катачылыктар орун алып, экстра ординарный жагдайлар жаралбаса.

— Алмазбек Атамбаев маал-маалы менен медиа айдыңда пайда болуп маалымат жыйынын өткөрүп, интервьюларды берип азыркы бийликти сынга алып, ар-түркүн ЖМКларды каржылап Сооронбай Жээнбековго каршы кара пиар уюштуруу менен алек. Партиялаштарынын оозу менен КСДП партиясын жетектеп алдыдагы парламенттик шайлоого катышаары да айтылды. Түрмөдө жаткан белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев да “Атамбаев везучий, андан ар кандай күтүлбөгөн кадамдар болушу мүмкүн” дегендей ойду айтты. Атамбаевдин саясатка кайтып келүү мүмкүнчүлүгү канчалык? Сиз кандай дейсиз?

— Алмазбек Атамбаевдин Сооронбай Жээнбековго болгон нааразычылыгынын төркүнү бештен белгилүү. “Сени мен президент кылгам, тынч отур” деп, өкмөт башына койгон “кол баласы” аркылуу, өзүм билемдигин, талап-тоноосун улантуу планы “жооштон жоон чыгат болуп” ишке ашпай калды. Сооронбай Жээнбеков андайга жол берген жок, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койду.

Эми бул экс-президент тууралуу абдан көп айтылды, жазылды. Экс-президенттин жеке керт башынын гана камын жеген андай арам оюн кыргыз коомчулугу жакшы билип калды. Эми аны эл эч качан колдобойт. Ал саясый өлүк экенин билбей эле чарпылып атат. А эл болсо билип турат. Андыктан ал, КСДП мененби же башка партия менен барабы толк жок!

Акыркы маалымат жыйынында аягына чейин турбай кетип калып, артынан башкалар ал үчүн сүйлөп, “Атамбаев КСДПнын тизмесин баштап шайлоого барат” деп айттырып жатканы бекеринен эмес. Өзү айта албады, себеби ишеним жок. Менимче, Алмазбек Атамбаев өзү деле кырдаалды түшүнүп, соодасы бүткөнүн сезип, сынып калгандай…

Өмүрбек Текебаев элге алынган, сөзү ишеним жараткан саясатчылардан. Бирок Өмүкенин Алмазбек Атамбаевдин саясый келечегине шанс бергенсиген сөзү менимче ишеним жаратпайт. Анын бул сөздөрү Атамбаевге, анын тагдырына, келечегине карата эмес, башка жактарга багытталган, кырдаалды өзгөртүү ниетинде, жеке мүнөздүү маселе деген ойдо калдым.

— Бирок андай дейли десек экс-президентке тиешелүү телевидениелер, гезиттер аракеттерин токтотушпай, каржылоо улантылып эле жаткандай. Буга кандай дейсиз?

— Акча алып иштеп аткан гезиттер деле атайылап түрткүлөп, айдактап, материал берип турбаса “мойунунан байланган ит ууга жарабайт” дегендей илең-салаң… Чоң каражатка иштеп аткан “7-канал” деле транш түшкөндө жанданып, анан “Форумдан” атайын сураныч болсо кыймылдап, болбосо өз оокатын кылып, же башка заказ издеп, бийликти шынаарлаганга куштар болуп жүрсө, негизги ишенген “Апрель ТВсы” деле баштагыдай үзүлүп түшүп, Атамбаевди көкөлөтүп, азыркы бийликтин беделин түшүргүдөй иш алып бара алган жери жок. Айдама болуп калгандай. Айтор, баары эле, эптеп-септеп акчаны сиңирүү аракеттери менен алектенип жүрүшөт.

Андыктан, ошончо каржыны чачып аткан Атамбаев деле өзү каржылаган, жалдаган ЖМКлардын ишине канагаттанып жатат деп айта албайм. Эл болсо -“уурдаган акчаны самандай чачпай, андан көрө казынага кайтарбайбы” деп жаман көрүп атат. “Суунуку сууга” дегенсип акчаны сатылма,  жалакор, жагымпоз журналистерге чачып атканы элге да, жерге да жакпасын экс-президент өзү деле сезип жатат болуш керек? Андыктан, эгер экс-президенттин “сынганы” чын болсо, Кудаанын каарынан, элдин заарынан сестенип арзыматтарды семиртип аткан ишин токтотот болуш керек деген ойдомун. Эми толк чыкпасын сезгенден кийин эмне убара…

— Атамбаев тараптагылар 6-апрелде сьезд өткөзөбүз дешсе, “Атамбаевсиз КСДП” кыймылы менен ЖКдагы Иса Өмүркулов башында турган КСДП фракциясы 3-апрелге сьезд өткөзөбүз деп жатышат. Эми булардын кимиси легитимдүү деп ойлойсуз?

— Сагынбек Абдырахманов негиздеген “Атамбаевсиз КСДП” кыймылы жер-жерлерди кыдырып, Алмазбек Атамбаевдин былыктарын элге жеткизип, анын анык жүзүн ачып, чоң иш жасады. Бул кыймылды жергиликтүү партиялаштарынын негизги көпчүлүгү колдоого алгандан кийин, ЖКдагы фракция да, КСДПнын саясый кенешинин көпчүлүк мүчөлөрү акыры колдоого мажбур болду.

“Сьезд чакыруу легитимсиз болду, бул рейдерство, сот чечсин” дегендер да бар. Тиги кыймыл менен эле фракция чечип койсо ошентип айтсак жарашмак. Бирок андай болгон жок. 34 адамдан турган, Алмазбек Атамбаев өзү киргизген КСДПнын саясый кеңешинин 20дан ашыгы 3-апрелде сьезд деп чечим кабыл алып жатат. Уставы боюнча саясый кеңештин үчтөн биринин, же 12 эле мүчөсүнүн сьез чакырууга укугу бар. А бу жерде менин угушумча саясый кеңештин 23 мүчөсү, же үчтөн экиси макулдугун берген экен. Алар жөн эле көчөдө жүргөн кишилер эмес, бирөө жазып койгон тизме эмес, алар сьезде шайланган аты-заты бар, тирүү адамдар. Башкача айтканда Алмазбек Атамбаевден анын өзү тандап, саясый кеңешке киргизген, жакын соратниктери – саясый кеңештин мүчөлөрү- түңүлүп баш тартты десек болот.

— Саясый Кенештин 19 мүчөсү чечти делинип, бирок кимдер экени тууралуу тизмеси жарыяланбаганынан улам саясый кенештин жыйынын легитимсиз дегендер чыгууда?

— Менин билишимче 19 эмес 23 мүчө макулдугун берген. Кол коюп макулдугун да беришкен. Бул эми сот болуп калса далил да… Тизмени сьездге чейин жарыялабай туруу, ошол эле саясый кеңеш мүчөлөрүнүн каалосу болуптур. “Экс лидерибиз “чалпоо” неме, кайра-кайра киши жиберип, сьездге чейин тынчыбызды алып, башыбызды оорутпасын” дешип тизмени жарыялашкан жок окшойт. Эми 3-апрелде сьезд болот. Жер-жердеги КСДПчы делегаттар келет. Сьездин күн тартибине биринчи маселе кылып партия төрагасы Алмазбек Атамбаевдин отчетун койуп жатышат. Келип отчетун береби, же келбейби, баары бир аны ордунан алып жаңы лидер шайланат. Баардык делегаттар 3-апрелдеги сьездде жүрсө Атамбаевдин 6-апрелдеги жыйынына кайсы КСДПчы келет? Ал жөн эле легитимсиз жыйын, Атамбаевдин фан клубунун эле жыйыны болуп калат.

— Маегибизди 2020-жылда боло турган парламенттик шайлоого бурайын деп турам. Кандай шайлоо болот? Мыйзам кандай өзгөртүлөт? Ушул суроолор саясатчыларды да, элди да катуу ойлондуруп жатканы байкалууда. Анткени учурдагы Шайлоо кодекси коррупциялык жолдор менен мандаттарды соодалаганга кенен жол ачып, жалаң өз кызыкчылыгын коргоо үчүн келген байлар, соодагерлер депутат болуп, элдин мамлекеттин кызыкчылыгы каралбай, калыстык, адилеттүүлүк деген түшүнүктөр тепсендиде калып, Жогорку Кеңеш эрксиз, арсыз, бир короо койдон айырмасы калбай айдама болуп калганын көрүп атабыз. Пропорционалдык системадан баштартып, мажоритардык системага өтүүнү сунуштагандар да бар? Искак Масалиев менен Жанар Акаев пропорцианалдык системаны эле персонификациялоо аркылуу депутат менен шайлоочулардын арасында байланышты камсыздоону сунушташканы маалым болду. Кандай кылсак туура болот деген ойдосуз?

— Азыркы шайлоо кодекси менен шайлоо өткөрсөк кайра эле баягы таз кейпибизди киерибизде шек жок. Аны бийлик да, саясатчылар да, эл да түшүнүп турат. Президентибиз да бул темага бир нече ирет кайрылып, шайлоого бир жыл калганча гана Шайлоо кодексин өзгөртүү укугубуз бар экенин эске салып, быйыл ЖК каникулга тараганча мыйзамды өзгөртүп үлгүрүшүбүз керек экенин эскерткен. Жумушчу топтор иштеп бир нече вариант сунуштар берилген. Анан эми Исхак менен Жанар атайын сунуш киргизип жатканы мыйзамга өзгөртүү киргизүү иш аракеттери ойдогудай жүрбөй кечеңдеп жатканынан, кардиналдуу өзгөрүүлөр болбой жатканынан кабар бергенсийт.

Жаңылануудан чочулаган бийлик кеңешчилери: “Өткөн шайлоодо сындан өткөн, көнүмүш система менен 2020-жылкы шайлоону өткөрүп, өзүбүзгө лоялдуу ЖКнын курамын эптеп алалы, андан кийин өзгөртүүлөргө баралы” деп жаткандары тууралуу да маалыматтар айтылып жатат. Бирок азыр эл, коом, реформа көксөп турганда аны жасабай, бут тосуу менен бүгүнкү бийлик эмне табат? Болуптур, кайра эле, ары чапса ары, бери тартса бери оогон ЖКга ээ болот дейли.  Бирок элди иренжитип алат да. Мына, канчалык өөдүк-сөөдүк жүргөнүнө карабай Алмазбек Атамбаев чечкиндүүлүк менен шайлоо системасына өзгөртүүлөрдү киргизип кетти. Аны канчалык жамандаган күндө да анын таза шайлоого карата жасаган аракеттерин тана албайбыз да. Карусель токтоду, “бир шайлоочу — бир бюллетень”, бармак аркылуу идентификациялоо системасын киргизгени тарыхта калбадыбы.

Анан эми, мисалы мен, азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбековдун реформатор эмес, реформага бут тоскон адам катары, жылуу-жумшак ордун козгогусу келбеген, жеке кызыкчылыгын баарынан жогору койгон адам катары эсте калуусун каалабас элем. “Бетеге кетет бел калат …”, “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен таанысын”, деген эмеспи. Андыктан мен, азыркы президентибизди жаңылануу алып келген, чечкиндүү реформатор катары эсте калганы жакшы демекмин.

Ошон үчүн, жалпы элдик колдоо бар кезде чочулабай, Шайлоо кодексине кардиналдуу өзгөрүүлөрдү киргизүү керек. Азыркыдай, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын алдыга койгон саясатын уланта берсе, ЖКнын азыркы, кийинки курамы да колдоого алат. Жалпы элдик колдоо турганда бийликтин баардык бутактары колдоого мажбур болоору турган иш. Таза, адилет шайлоо гана саясый туруктуулукту камсыздап, өз кезегинде туруктуулук экономикалык өнүгүүнү шарттаары талашсыз. Андыктан, биз Шайлоо кодексин заманга ылайыктап өзгөртүү киргизишибиз керек. Азыркы бийлик киргизбесе бул өзгөрүүлөр 2025-жылкы шайлоого сөзсүз кирет. Анткени эл күтүп атат. Талылуу маселе экенин билип калды. Азыр өзгөртө албасак, өкүнүчтүүсү беш жыл курдан бошко кетет. Бийлик да жакшы атты болбойт.

— Шайлоо кодексине өзгөртүүлөр тууралуу кеп болгондо эле депутаттарды тикелей шайлабай партияларды шайлаганыбыз, партия лидерлери мандаттарды жарым миллион долларга чейин соодалап, капкайдагы ууру-кескилер депутат болуп атканына нааразычылыктар айтылууда. Ошондон улам, партиялык, пропорционалдык системадан кайтып, можаритардык системаны киргизүү да сунушталып жатат. Сиз кандай дейсиз?

— Терең ойлонбогон адамдар партиялык системаны жерип, депутатты тикелей шайлайбыз “өз улагыбыздан теке салабыз”- дешип күпүлдөй беришет. Алардын анткени ошол эле байлар менен сүткорлорго майдай жагат. Анткени өз коктусундагы тууган-туушкандарынын кардын кампайтып, көпүрөө салып, мектеп курууга көмөктөшүмүш болуп мандатты сатып алат. Борборго келип ошол акчасын кайтарууну көздөп, добушун саткан депутатка айланат. Ал депутат эч кандай идеяга байланган эмес, бир күнү коммунистти, бир күнү либералды, дагы бир күнү экстремистти же дагы башкасын колдоп, сойкуланып кетет.

Партиялык система деген турмуштан кайнап чыккан нерсе. Ал идеяга карата тилектештердин биримдигин түзүп, ошол идеяны жалпылап ишке ашырууну максат кылат. Партияга өтүп аткан адам анын программасын колдоп, уставына ылайык милдеттенмелерди моюндайт. Тартипти сактабаса, партиялык максаттарга каршы чыкса партиядан чыгарылат. Анан ошол партиялардын программаларын эл тандайт. Коммунистерди тандайбызбы, демократтарды же дагы башка идеяны тандайбызбы (?), айтор, көпчүлүк кайсы идеяны тандаса бийликти ошолор алып, алар айткан багытта өнүгүш керек деген кеп да.

Анан ар кимибиз эле, “партияңды урганым жок, депутат болсом болду, эмне кылсам өз эрким”-деп депутат болсо, жалпы эл тандаган багыт болбосо, кандай болот, анда? Ошондуктан каалайбызбы, каалабайбызбы партиялык система, пропорционалдык система керек. Жаман-жакшыны ылгаган коом боло албай, жапайы үйүр сыяктуу кебетебиз менен партиялык курулушту жөндөй албай жатканыбыз ал системанын кемчилиги эмес, ал биздин үйүрдүн кемчилиги да. Ошого мээбиз жетпей, “майга жетпеген мышык, сасык экен дептир …” дегендей болуп, даяр тажырыйбаны кабылдай албай, түшүнбөй «велосипед ойлоп чыгаруу» менен алекпиз.

— Эми таза пропорционалдык система менен шайланган Жогорку Кенешибиз тууралуу кандай нааразычылыктар айтылууда? Буга кандай дейсиз?

— Биздин саясатчылар пропорционалдык системаны киргизүүдө эң көп калпыстыктарды кетиргенин турмуш далилдеди. Жон терибиз менен сездик. Бул чоң тажрыйба болду. Анан “туура эмес болуптур, жаңылыппыз” деп чалкабыздан кетип, кайра башка жолго түшөлүбү? Же каталарды оңдоп, түздөп жолубузду уланталыбы? Кеп ошондо болуп атпайбы. Менимче, биздин эл, саясатчыларыбыз, элитабыз, бул маселе боюнча, көпчүлүгү “каталыктарды оңдоп, жолду уланталы” деген пикирде болуп жатат.

Исхак Масалиев, Жанар Акаев, Ишенбай Кадырбековр, Феликс Кулов, Кубатбек Байболов ж.б. көптөгөн саясатчылар, “Ата-Меке”н партиясы баштаган бир топ партиялар негизинен ушу системаны өркүндөтүүнү эле сунуштап жатышат. Кеп негизинен, партия лидерлерине мандат соодалоого жол берген коррупциялык схеманы жоюп, депутаттар менен электораттын ортосундагы тыгыз комуникацияны камсыздоо тууралуу жүрүп жатат.

Муну жасаса, каталыктарды оңдосо болот. Жогорудагы саясатчылар ар кайсысы ар кандай ыкма сунуштап жатышат. Искак менен Жанардын сунушу боюнча, өзүң тандаган партияңа добушуңдү бергенден кийин ал партиянын узун тизмесин алып алып, анын ичинен кайра өзүң жактырган бир канчасына добуш беришиң керек.

Феликс Кулов, Кубатбек Байболов, Ишенбай Кадырбеков ж.б. ушундай добуштарды талапкерлерге персоналдаштыруу сунуштарын айтып атса, башкалар талапкерлер менен электоратты жакындатуунун башка жолун сунуштап жатышат. Кыргызстанды жети облус, Бишкек, Ош кылып тогуз округга бөлүп, мурдагыдай бир тизме эмес тогуз тизме кылуу сунушун айтып жатам.

Ар бир округдагы талапкерлер өз округдарында үгүт жасап эл менен иштешип, депутаттыктан кетсе ордуна ошол округдун тизмесинен депутат келсе бир райондон 10дон ашык депутат чыгып, айрым облустардан бир, эки гана депутат болгон учурлар жокко чыгат эле.

Анан узун тизмени чукулап, өз талапкериндин номурун издөө техникалык жактан ишке ашыруу мүмкүн болгону менен абдан кыйын, түйшүктүү, көп убакыт, убаракерчилик талап кылынат. Кары картаң, көзү начар көргөндөр кыйналат. Андыктан убакыт жетпей калганча, тогуз округга илинген үгүт материалдары аркылуу эле кайсы партиялар кандай адамдарды тизмеге тизгенин көрүп тандоо жүргүзгөнү туура го (?) деген ойдомун. Азырынча.

Эми бул системаны заманбап кылыш үчүн бир эле өзгөртүү жетишсиз, улам улам жаңыртып, партиялык курулушту да шайкеш кылып оңдош керек болот. “Ак калпак”, “Ак шумкар”, “Боз торгой”, “Кум шекер” деген сыяктуу экзотикалык аттар коюлган, джентелменский набор иретиндеги 200дөй партиялар тарыхка кетип, оңчул, солчул, ортозаар, улутчулдар, жашылдар деген сыяктуу идеага негизделген партиялар гана калышы керек.

Эми партиялык жол менен гана өнүгүү бар экенин билгенден кийин, болбосо бул, партиялык курулуш иши элибиздин колунан келбей жатканын көргөндөн кийин эмне кылышыбыз керек?  Ал үчүн, эч тартынбастан, партиялык курулушту мамлекет өзү колго алып өнүктүрүүсү керек деп ойлойм. Керек болсо мамлекет өзү идеялык багыттагы төрт, беш партияны түзүп этип, алгачкы этабында мамлекет тарабынан каржылоону колго алсын.

Саясатчылар барышсын да, ошол өзүлөрүнүн ички дүйнөсүнө туура келген партияга мүчө болуп кирип, ички конкуренцияга катышып, партия лидерлеринин катарына чейин өсүшсүн. Ким кайсы партиянын катарында экенин, партия ичиндеги мыйзамдуулуктун сакталышын, алардын ички шайлоолорун Минюст көзөмөлгө алсын. Саясый сойкулукту чектөөнү да унутпай бир партиядан башка партияга секирүүгө бир эле жолу уруксат берип, андан ашкандар эч жакка баш баккыс болсун. Ушундай кылсак неге болбосун. Азыр эле ушу жолго түшөлү дегенди айткым келген жок. Каталыктарды оңдоп, туура жолго түшө албай, кайра-кайра мүдүрүлө берсек ошентели деген кеп да. Азыркы партиялардын шайлоого даярдыгы, шансы тууралуу, дагы көптөгөн  ойлор айтылбай калды. Гезитиңе батпай кетет го? Кийинкисинде уланталы.

Маектешкен Нургазы Анаркулов

Эркинбек Жороев: Кыргызстан – квази-мамлекетпи?
Дүйнөлүк аренада кубаттуу өлкөлөр, өз аймагын толук контролдой албаган, жарандарынын коопсуздугуна кепилдик бере албаган мамлекеттерди алсыз мамлекет же квази-мамлекет деп коюшат. Сырткы таасирге да сезимтал болгондуктан, албетте ар кимиси өз тарабына тартууга дилгирленет.

Бул жагынан караганда, өткөн жумаларда өлкөбүздө болуп өткөн бир канча окуя бир жагынан күлкүнү келтирсе, экинчи жагынан терең ойлорго түртөт.

Кара-Суу районундагы кээ бир жарандарыбыз айыл өкмөтү маселелери боюнча Путинге кайрылуу жасашты. Вице-премьер, каржы министри сыяктуу мамлекеттик жооптуу кызматтарды аркалап келген депутат Жапаров эл аралык жардамдарды алууда ар бир областты донор өлкөлөргө бөлүп берели деген пикирин билдирди. Өлкөбүздүн борбор шаарында биздин окуучулар жаш панфиловчулар отрядын түзүп, Россиядан келген генералга ант беришти. Ушул сыяктуу күндөлүк кабарларды окуган кишиге, деги биздин мамлекет кандай “мамлекет” деген ой аргасыздан келсе керек.

Негизи эле Мамлекет деген түшүнүккө кайрылсак, ага үч негизги элемент пайдубал болууда: территориялык аймак, калк жана эгемендик.

Аймак жагы, Кудайга шүгүр, Советтик тарыхыбыздан мурас калды (бирок Ж. Абдрахмановдун азыркы аймак менен союздук республикага айландыруудагы баа жеткис эмгегин айрыкча баалашыбыз керек), чек аралардагы коңшу мамлекеттер менен болгон маселелерди эсепке албасак, бир бүтүн өлкө аймагыбыз бар. Калк жагынан да саныбыз 6 миллионго жетип, өлкө катары кадыресе деңгээлге жеттик.

Эгемендик болсо, мамлекет курулушунда эң маанилуу жана эң динамикалык элемент болуп эсептелет.

Ички жагынан алып караганда, эгемендик — өлкө ичинде абсолюттук күчтүн булагы. Бул күч менен мамлекетти башкаруу органдары тандалат, эн маанилүү саясий чечимдер, бүтүндөй калктын жашоосун жөнгө салган мыйзамдар кабыл алынат, буларды аткаруу үчүн тартип күч органдары, баш ийбегенге соттору менен абактары курулат.

Сырттан караганда, эгемендик — бул кайсы бир мамлекеттин дүйнөдөгү башка мамлекеттерге карата көз карандысыздыгы. Эл аралык деңгээлде өз алдынча байланыш жана мамиле куруп, өз алдынча чечим алуу кудурети, башка мамлекеттердин буга болгон ишеними анын көз каранды эместик даражасын корсотот.

Кыскача караганда, эгемендик бул бүгүнкү саясий бийлик жана анын жургузгөн башкаруу саясаты десек да туура болоор.

Адатта, мамлекеттин эгемендиги өтө узун тарыхый процесстин негизинде калыптанат, ички жана тышкы факторлор менен күрөш, согуш, коргонуу, көтөрүлүш, төңкөрүш сыяктуу эчендеген окуялар менен байып келип белгилүү бир формага кирет. Эгемендиктин калыптанышы канчалык азаптуу болсо, мамлекеттин пайдубалы да ошончолук бекем болгонун дүйнөлүк тажрыйбалардан көрсө болот. Мамлекеттин ыйыктыгы мына ошондон келсе керек, мамлекет менен жарандын тагдыры кыйын кезеңде ширелет.

Биздин да тарыхта мындай азаптуу жылдар аз болгон эмес, Манас эпосубуздагы элибиздин каармандыгы кылымдар бою айтылып келет, Улуу Ата Мекендик согуштагы элдик күрөш күнү бүгүнкүдөй эсибизде, бирок чындык ушул белем, заман жагынан же географиялык жактан бираз узакта калгансып, биздин жаштарга, биздин коомго дем берүу күчү жеткиликтүү эместей.

Биз, тарыхыбызды даңазалап, Евразиянын ар чөлкөмүнөн байыркы кытай летопистерине чейин кылым карытканыбызды үндөп бир далайга өзүбүздүн демибизди көтөрүп келебиз, бирок бүтүн булар азыркы ар бир кыргыз жаранын бүгүнкү абалы жана эртеңки кыялы менен бекем туташпаса, бизди замандаш башка өлкөлөр менен (экономика, технология, адам укугу, спорт жб тармактарда) тең тайлашууга чакырбаса, анда балким кайра карап чыгуу абзел?

Ал эми сырттан карасак, бүгүнкү эл аралык коомчулукта өзүбүздү тарыхы 30 жылга жетпеген жаш мамлекет катары таанытып келебиз. Кыргыз Республикасы мамлекеттүүлүктү жаңыдан түптөп, бүткүл тармактарыбызда сырттан болгон колдоолорго муктаждыгы болгон өлкө катары, бул муктаждыкты ондогон жылдардан бери бир ыкма да катары жакшы өздөштүрдүк, жада калса «жардам үчүн областтарды берели» деп чыгармачылык тарабын да өнүктүрүп жибердик.  Бирок, жардам сураган кол ар дайым кичүү болот дегендей, эгемендикке доо кетирген толтура жагдайлар болуп атса деле, коомчулук кайдыгер болсо, муну калың катмар калкыбыздын келечегинен кетип жатат деп билишибиз керек.

Бүгүнкү күндө, Советтерден кийин пайда болгон бир канча мамлекет бизге окшоп өз алдынча жашоону өздөштүрүүгө аракет кылууда. Бул мамлекеттер БУУ алкагында жана башка өлкөлөр тарабынан көз каранды эмес мамлекет катары кабыл алынганы менен, мамлекет куруу жолундагы кээ бир маанилүү институттарын алгылыктуу иштете албай келет.

Макаланын башында да айтылгандай, саясат таануучулар өз чөйрөсүндө мындай өлкөлөрдү квази-мамлекет деп коюшат, сырттан эгемен мамлекет болгону менен мамлекеттик структуралары өз функцияларын толугу менен аткарбай келет. Бул абалга мамлекетти башкаруудагы бюрократиялык тарыхый тажрыйбанын жоктугу же аздыгы, калктын жарандык кимдиги (идентичность) калыптанбай жатышы же коомчулуктун социалдык өнүгүүсүнүн патриархалдык мамилелерге негизделиши сыяктуу көптөгөн себептер менен келет.

Башкалар менен ишибиз болбойт, бирок тарыхта өчпөс тамгалар менен жазылган бир элдин урпактары катары тарыхыбыз бизге дем-күч менен бирге өтө чоң жоопкерчилик берсе, Кытай, Орусия сыяктуу кубаттуу өлкөлөрдүн чегинде өтө маанилүү геополитикалык орунду ээлегенибиз бизге бүгүнкүнү эмес эртенкини да эсепке алып аяр кадам таштоо чеберчилигин мажбурлайт.

Биздин эгемендигибиз, балким бирөөлөр үчүн Советтердин кулашы же Горбачевдин тарыхый катасы катары бааланышы мүмкүн, бирок Кыргыз эли үчүн бул тарыхтагы эн чоң жеңиштердин бири деп эсептейм, бул мүмкүнчүлүктү биз туура түшүнүп эч качан колдон чыгарбашыбыз керек. Эгемендикти, эркиндикти жоготуу кандай трагедияларга алып келиши мүмкүн экендигин азыркы күндө мамлекети жок, бирок саны миллиондогон элдердин тагдырынан ачык-айкын көрүп жатабыз. Эгемендүү мамлекетте жашоо сүрүү, балдарыбыздын эртеңки келечегин даярдап кыялдануу, аларга ылайыктуу эркин бир өлкөнү мурас калтыруу — ар бир кыргыз жаранынын эң ыйык укугу.

Айылыбызда маселе болсо ишеним көрсөткөн өз өкмөтүбүзгө кайрылууга, саясий упай топтоо үчүн кландык курултайлар сыяктуу альтернативдүү жолдорго эмес мыйзам чегинде шайланган депутаттарга кайрылууга, өлкөдөгү тартипти жана адилеттүүлүүктү жарандык коомдордон же болбосо кылмыш топторунан эмес мыйзамдуу күч түзүмдөрдөн талап кылууга ар бир жарандын өзүнүн мамлекети болуш керек. Мамлекет жашаган жана өнүккөн бир организм катары, өз алдына ыйык максат коюп, бүткүл органдары менен алга гана умтулушу керек, мээси иштеп, кечээкибиз менен бүгүнкүбүз эртеңкибизге сабак болуп жазылышы керек.

Жаран — мамлекет өз ара байланышы калыптанып, кыйын учурда мамлекетине ишеними, мыйзам чегинен чыкканда мамлекеттин жазасынан коркуу сезими керек, мына ошондо өлкөдө тартип орнолот, ар бир үй-бүлөдө эртеңкиге үмүт жаралат.

Бул жерде тарыхый милдет, ар бир жарандын добушу менен шайланып мамлекетти башкарууга белсенген азаматтарыбызга жүктөлүүдө.

Эркинбек Жороев – атайын Elgezit.kg үчүн

Чек араны кара булут каптады. Өлкөнүн түштүгүнө күн тиеби?
Чек араны кара булут каптады. Өлкөнүн түштүгүнө күн тиеби?

Чуулуу түштүк

Кыргызстан көз карандысыздык алгандан бери өлкөнүн түштүгүндө дайыма жаңжалдар чыгып турат. Кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек араларын демаркациялоо көйгөйү өлкө башчыларынын баш оорусуна айланды. Коңшу мамлекеттердин жашоочулары душманга айланып бара жатышат.

Жаңжалдар негизинен күнүмдүк турмуш-тиричилигинен чыгат. Суу, жер, жайыт, инфраструктураны куруу – мунун баарына чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары курч реакция кылып келишет. Эми кайрадан чатак оту тутанды. Бийликтегилер аны аракетин көрүүдө.

Окуялардын хроникасы

13-мартта болжол менен саат 15:00дө чек арага жакын жайгашкан Ак-Сай айылы (Баткен облусу) менен Мехнатабад айылынын (Тажикстан) тургундары ортосунда чыр чыккан. Буга Баткен районундагы Ак-Сай – Тамдык айланма жолунун курулуш иштеринин башталышы себеп болгон. Тажиктер чек араны демаркациялоо маселеси чечилмейинче жол курууга караманча каршы чыгышкан. Натыйжада бири-бирин таш менен уруп башташкан.

Бир нече сааттан кийин кыргыз чек арачылары абалды жөнгө салышкан. Бирок 19:00гө жакын Кыргыз жарандары Ак-Сай айылындагы жолду тосуп алышкан, тажиктер болсо Төрт-Көчө айылындагы жолду тороп алышкан. Мындай аракеттер абалды кайрадан курчуткан.

«Чек арачылардын абалды турукташтыруу үчүн жасаган аракеттерине карабастан, чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары агрессивдүү болушуп, тажик жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн өрттөп салышкан”,-деп жазылат Чек ара кызматынын маалыматында.

Мындан сырткары, 1 кыргыз жаракат алып ооруканага жеткирилген. Чек арачылар Тажикстандын жарандарын тынчтандыруу үчүн абага ок атканга аргасыз болушканын Чек ара кызматы кабарлады.

Өз кезегинде, Тажикстандын Чек ара кызматы болсо, ар түрдүү жаракаттары менен 11 адам ооруканага жеткирилгенин билдирген. Алардын бири тийген октон улам каза болгонун кабарлаган.

Кийинки күнү, 14-мартта эки өлкөнүн Чек ара кызматы абал турукташканын, бирок, эки тараптан тең чогулган адамдар бар экени билдиришкен.

Күндүн экинчи жарымында кайрадан чыр уланган. Эки өлкөнүн чек арачыларынын тосконуна карабастан каарданган жергиликтүү тургундар кайрадан урушуп

башташкан. Аларды таратуу үчүн аскер кызматкерлери бир нече жолу абага ок чыгарышкан.

Бирок конфликт улам кайрадан башталып, жарадар болгондор жана каза болгон адам бар экени тууралуу маалыматтар чыкты. Милиция кызматкери ок жегенин КРнын Чек ара кызматы билдирди. Ал эми тажик ММКлары болсо дагы 1 адам каза болуп, 2 жаран жарадар алганын жазышты. Жаңжал чыккан айылдан балдарды жана аялдарды убактылуу Баткен шаарына алып чыгышкан. Мэрия аларды мамлекеттик мекемелерге жайгаштырып, тамак-аш менен камсыздады.

Карайлаган карапайым калк, камырабаган бийлик

КРнын жана ТРнын ТИМ жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүшүп, абалды жөнгө салуу боюнча кадамдарды талкуулашкан. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында болсо депутаттар жабык эшик артында Өкмөттүн маалыматын угушту. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков болсо окуя болгон жерге барды. Кыргызстандын Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев тажик кесиптеши Кохир Расулзодо учурдагы абалды талкуулады. Эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө окуяны объективдүү изилдөө үчүн комиссия түзүү зарылчылыгын белгилешти.

Ал эми бизде болсо бийлик бул абалды алдын алса болбойт беле деген суроо туулду. Парламентте жабык артында өткөн жыйындан кийин кышында эле ал жакта абал тынч эмес болгону белгилүү болду. Биринчи араздашуу 7-мартта, кыргыз жарандары Ворух анклавынан кум алганы барганда чыккан экен. Ал учурда абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр эки райондун акимдеринин ортосунда гана жүрүптүр, болду!

Абал курчугандан бери бир жума өтүптүр. Ички иштер министрлигинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери кайда эле? Эмнеге борбордук бийлик унчукпай отурду, же маалыматка ээ эмес беле? Эмнеге кыргызстандыктар маалыматты социалдык тармактар, тааныштары, туугандары аркылуу гана билип жатышат? Эмнеге чек арадагы абал боюнча мониторинг жүргүзүлбөйт? Эмнеге мындай абалдарды алдын алчу иш-чаралар жок? Аткаминерлер эмне себептен конфликттерди алдын албай, аларды чечкенге гана маш? Эмнеге иш алпарып жатабыз деген сөздөр айтылганы менен эч кандай иштер жасалбай келет.

Эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзүшпөйт.Иш алып барган учурда дагы жергиликтүү тургундардын “чек ара качан такталат” деген суроолоруна жооп бере алышпайт. Укуктук талаада жылаңач калган чек ара, аймакты сеники-меники деп бөлүү чоң көйгөй жаратып, дайыма уруш чыгып келет. Ал эми ал жактарда баарына чыдап жашагандарга даңк. Бирок чыдамкайлыктын дагы чеги болот эмеспи, уруш-талаштан тажаган эл үйлөрүн таштап көчүп кетүүсү толук мүмкүн.

Акыркы 1-2 жылда кыргыз-өзбек чек арасында абал турукташып калганына Кудайга шүгүр. Буга эки өлкөнүн аткаминерлеринин байма-бай жолугушуусу, ошондой эле жергиликтүү калктын катышуусу менен маданий иш-чаралардын өткөрүлгөнү себеп болду.

Ал эми чек аранын башка аймагында азырынча абал курч. Кыш чыкты, жазгы талаа иштери, мал жаюу, курулуш иштерин жүргүзүү башталды. Демек, суу, жер үчүн чатактар чыга берет. Бийлик өрттү өчүрүүнү гана эмес, аны алдын алууну үйрөнүүсү зарыл.

Руслан Изреков – атайын Elgezit.kg үчүн

Ыраазычылык – Садыркуловго тургузулган эң мыкты эстелик. Искендер Гайпкуловдун маеги
Жакын адамдарыбыздын мааракелери, туулган күндөрү жана биз үчүн маанилүү болгон окуялардын датасы убакыт учкан куш экенин эске салып турат.

2009-жылдын 13-мартында Медет Садыркулов арабыздан кеткен күн. Бул инсан өз доорунун белгилүү фигурасы, көзү өткөн соң өлкөгө чын дилинен кызмат кылуунун символу болуп кала берди.

Мекенге кызмат кылуу ар түрдүү болот. Коммунисттик доор өтүп кеткени менен, өлкөнүн жыргалчылыгы жана элинин бейкут жашоосу үчүн керек болсо өзүн-өзү курмандыкка чалуу керектиги тууралуу тарбия, салттар жана түшүнүктөр мээбизге уюп калган.

Өлкөбүзгө учурда күн сайын жөн гана мамлекетке кызмат кылчу мекенчил адамдар жетишпей тургандай.

Elgezit.kg Медет Садыркулов жана анын мурасы тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Гайпкулов менен маек курду.

Elgezit.kg:  Сиз Медет Садыркуловго жакын адамдардын бири болгонсуз. Көзү тирүү кезде МЧС деп аташкан Медет Садыркуловду Кыргызстанда дайыма эстеп жүрүшөт. Өзгөчө мамлекеттик башкаруудагы эффективдүүлүк тууралуу кеп козголгондо эстегендер аз эмес.

— Медет Чоканович өзү тууралуу коомчулукка жар салууну жактырчу эмес, коомдук чөйрөгө аралашканды көп каалабайт эле. Ал кырдаалга карап иш алып барган аткаминер эле, ошол эле учурда бул же тигил абалга карап өзү ошол чөйрөнү дагы, кырдаалды да жарата билген инсан болчу. Анын мекенчил жетекчи катары өзгөчөлүгү дал ушунда эле. Мындай жетекчилер өлкөгө дайым керек болгон жана учурда дагы керек деп ойлойм.

Албетте, көп нерсеге анын өз көз карашы бар болчу, адамдардын кандай бир сапаттарын бааласа, айрымдарын жактырчу эмес. Бирок ал кандай иш менен алек болбосун баарын жан дили менен аткарып келген.

Elgezit.kg: Анын мүнөзүнүн өзгөчөлүгү дал ушунда болсо керек?

— Медет Чокановичтин мүнөзү оңой эмес эле. Аны “тикендүү” болчу деп айтып келишет. Бирок өз убагында көптөгөн татыктуу адамдарды өзүнө магниттей тартып турган жогорку рангдагы мындай аткаминерлердин табылары күмөн.

Аны эскерүү китебинде көпчүлүк Садыркулов менен кандайча таанышып калганын жазышкан. Ал артында көптөгөн алгылыктуу иштерди калтырды, айрымдарын акырына чыгара албай калды. Бирок ал тарыхта өчпөс болуп жазылып калды, мүнөзү менен өзүнө тартып турганы, достукка бекем экени, саткынчылыкты жек көрөрү көпчүлүктүн эсинде.

Elgezit.kg: Ал адамдарды алыстан таанып, ишенген кишилерин идеяга, оптимизмге толтуруп койчу деп айтсак болсо керек. Бул тууралуу эскерүүлөрдө анын достору, шакирттери көп айтып жүрүшөт го…

— Ал артында аны эч качан унутпай, эскерип турчу ишенимдүү адамдарды, мыкты команданы калтырып кетти. Баары эле мындай сыйга татый бербейт. Анын башкалардан өзгөчөлүгү дал ушунда деп ойлойм жана өзгөлөрдөн айырмачылыгы муну менен эле чектелбейт…

Медет Чоканович менен достук мамиледе болуп, аны жакындан билген адамдар аны эскерип жатканын көрүп, көзү тирүү кезинде жанында болуп, ошол эле учурда дүйнө салгандан кийин дагы ооздорунан түшүрбөй, эстеп жүрүшкөнү – бул эстеликтердин эң мыктысы деп билем.

Анын туулган күнүндө жана көзү өткөн күнүндө анын достору, жакындары, санаалаштары, эрктүү жана акылдуу айым Айнагүл Токтогуловна башында турган үй-бүлөсү сөзсүз чогулат. Жыл сайын. Бул салт болуп калды. Дайыма ал адам тууралуу эскере турган жана айтып бере турган сөзүбүз бар.

Cүрөт: Медет Садыркуловдун үй-бүлөсү

Менде бир жазылган ыр саптары бар. Аны такыр эле бөтөн адам, мугалим Измайлова Людмила Геннадьевна жазган. Мен ал айымга Медет Чоканович тууралуу бир жолукканда кеңири айтып бергемин. Анан эле бир күнү ал мага жазган ырын алып келди. Чын жүрөктөн жазылган ыр үчүн авторго абдан ыраазымын. Ал эмгек мага абдан жакты. Балким бир нече саптарын жарыялайсыңар?

Elgezit.kg: Албетте. Жылуу маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат!

Поезд времени дальше уносит,

Те события памятных лет…

Быть может кто -то проходящий рядом,

Спеша по будничным делам,

Напомнит вдруг Медета взглядом,

Таким родным до боли нам!

Глазами лучезарными, с искринкой

И звонким смехом, характерным для него,

Улыбкой столь похожею с хитринкой.

Каким друзья запомнили его…

Ещё пока свежи воспоминанья,

Хоть пролетело ровно десять лет,

Все наши мысли, чувства состраданья,

О том соратнике, которого здесь нет!

О человеке том, по праву одарённом,

Масштабно мыслящем, прозорливом вдвойне,

Уверенном в себе, непокорённом,

Оставившим лишь память о себе!

КТРКнын директорун тандоо. Коомго диагноз
Өлкөдөгү башкы каналдын директорун шайлоо, башкача айтканда, аны алмаштыруу көпчүлүккө кызык эмес. Себеби аны шайлоо телеканалдын ишине эч кандай деле таасир бербейт. КТРК бийликтин камчысын канал болуп келген жана ошол боюнча кала берет. Эч андай төңкөрүштөр бул абалды өзгөртө алган эмес.

Бул жолу деле жетекчи болууну каалагандардын фамилиясын атап, алардын өмүр таржымалына көз чаптыруу менен чектелсек болмок. Бирок, бул жолу КТРКнын жетекчилигин шайлоодо башкачараак маани жатат. Моралдык тандоо, коомдук адеп-ахлактын багытын аныктоо деп билсек болот.

Ооба, учурда карап көрсөк, КТРКнын тышкы көрүнүшү өзгөрүп жатат. Ал жакта эми open space стилиндеги заманбап жаңылык студиясы бар. Азыркы талаптарга жооп берген техникалар алынды.

Бирок саясий оппоненттерди каралоону көздөгөн Белизден алынып келинди делинген жасалма кагаздар дал ушул канал аркылуу жарыяланганын эч ким тана албайт эмеспи. Ошол маалда бул телеканал Белизден “расмий” документтерди алдык деп күнү-түнү тынбай какшап турбады беле. Тилекке каршы, бул жогору жактын буйругу экени белгилүү болгон соң, буга чейинки студияларда жасалган оңдоп-түзөө жана жаңы ток-шоулар сыяктуу бир катар жакшы иштерди жууп кетти. Белизгейт кадимки эле фейк экени, эң чоң алдамчылык экени  аныкталды.

Бул кадамдар коомчулуктун моралдык, адеп-ахлактык абалын көрсөттү. Тилекке каршы, биз теле аркылуу кеткен маалыматтын баарына ишене берерибизди көрсөтүп койдук.

Ал эми коомчулуктун башын айланткан бул маалыматтар коомдук канал аркылуу берилгени менен эч ким жоопкерчилик алган жок. Эч ким отставкага да кетпеди, жада калса бул жаңылыштык болчу же жогорку жактын буйрутмасы болчу деп кечирим да сураган жок.

Бүтүндөй өлкөнү алдаганы үчүн эч ким жооп берген жок! Биздин каражатка жан багып жаткандар жогорку трибунада туруп алып элди алдаганы үчүн эч ким үн каткан жок!

7-апрелдеги окуялар боюнча процесс жүрүп жатканда “кылмышка түрткөн буйруктар” бар экенин, бирок погончондор аны аткарбай коюуга укугу бар экени белгилүү болду. Демек, КТРКнын жетекчисинде, ал жерде иштеген журналисттерде, алып баруучуларда бийликтин “кылмышка түрткөн буйругун” аткарбай коюуга толук укугу жана мүмкүнчүлүгү бар эле. Себеби өз маегинде Текебаевдин душманы Өмүрбек Абдрахманов эмне айтары белгилүү болчу да. Же Рыкунова айым. КТРК атайын репортажын дал ушул адамдардын айткан пикирине басым жасап чыгарбады беле. Ал эми ал материалды жасаган журналист Канат Каниметов өз убагында каналдан кетүүгө жетишти. Бирок кайталап кетейин, жада калса баарын акылы жоктой көрсөткүсү келген бул факт дагы учурда өтө маанилүү эмес.

Биз чекте тургангыбызды айтам.

Коомдук телевидение коомчулуктун талаптарын чагылдырышы керек. Бирок азыркы абалдан улам бизде азырынча моралдык норманы сактоого эч ким шашылбай эле жатканын байкасак болот.

Бирок балким КТРКнын Байкоочу кеңеши бизди таң калтырар… Себеби жомоктордо эле жакшылык жамандыкты жеңбейт эмеспи.

Мораль (лат. moralis – адеп-ахлак) – адамдардын жүрүм- турумун жакшы жаман, адилеттүү адилетсиз деп тескеген коомдук аң-сезимдин бир формасы.

Сере Чалканова — атайын Elgezit.kg үчүн

Редакциядан: «Elgezit.kg» материал үчүн жоопкерчилик албайт жана автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.