Эркинбек Жороев: Кыргызстан – квази-мамлекетпи?

Коом, Статьялар 16 Мар 2019 08:20
0 билдирүү

 Дүйнөлүк аренада кубаттуу өлкөлөр, өз аймагын толук контролдой албаган, жарандарынын коопсуздугуна кепилдик бере албаган мамлекеттерди алсыз мамлекет же квази-мамлекет деп коюшат. Сырткы таасирге да сезимтал болгондуктан, албетте ар кимиси өз тарабына тартууга дилгирленет.

Бул жагынан караганда, өткөн жумаларда өлкөбүздө болуп өткөн бир канча окуя бир жагынан күлкүнү келтирсе, экинчи жагынан терең ойлорго түртөт.

Кара-Суу районундагы кээ бир жарандарыбыз айыл өкмөтү маселелери боюнча Путинге кайрылуу жасашты. Вице-премьер, каржы министри сыяктуу мамлекеттик жооптуу кызматтарды аркалап келген депутат Жапаров эл аралык жардамдарды алууда ар бир областты донор өлкөлөргө бөлүп берели деген пикирин билдирди. Өлкөбүздүн борбор шаарында биздин окуучулар жаш панфиловчулар отрядын түзүп, Россиядан келген генералга ант беришти. Ушул сыяктуу күндөлүк кабарларды окуган кишиге, деги биздин мамлекет кандай “мамлекет” деген ой аргасыздан келсе керек.

Негизи эле Мамлекет деген түшүнүккө кайрылсак, ага үч негизги элемент пайдубал болууда: территориялык аймак, калк жана эгемендик.

Аймак жагы, Кудайга шүгүр, Советтик тарыхыбыздан мурас калды (бирок Ж. Абдрахмановдун азыркы аймак менен союздук республикага айландыруудагы баа жеткис эмгегин айрыкча баалашыбыз керек), чек аралардагы коңшу мамлекеттер менен болгон маселелерди эсепке албасак, бир бүтүн өлкө аймагыбыз бар. Калк жагынан да саныбыз 6 миллионго жетип, өлкө катары кадыресе деңгээлге жеттик.

Эгемендик болсо, мамлекет курулушунда эң маанилуу жана эң динамикалык элемент болуп эсептелет.

Ички жагынан алып караганда, эгемендик — өлкө ичинде абсолюттук күчтүн булагы. Бул күч менен мамлекетти башкаруу органдары тандалат, эн маанилүү саясий чечимдер, бүтүндөй калктын жашоосун жөнгө салган мыйзамдар кабыл алынат, буларды аткаруу үчүн тартип күч органдары, баш ийбегенге соттору менен абактары курулат.

Сырттан караганда, эгемендик — бул кайсы бир мамлекеттин дүйнөдөгү башка мамлекеттерге карата көз карандысыздыгы. Эл аралык деңгээлде өз алдынча байланыш жана мамиле куруп, өз алдынча чечим алуу кудурети, башка мамлекеттердин буга болгон ишеними анын көз каранды эместик даражасын корсотот.

Кыскача караганда, эгемендик бул бүгүнкү саясий бийлик жана анын жургузгөн башкаруу саясаты десек да туура болоор.

Адатта, мамлекеттин эгемендиги өтө узун тарыхый процесстин негизинде калыптанат, ички жана тышкы факторлор менен күрөш, согуш, коргонуу, көтөрүлүш, төңкөрүш сыяктуу эчендеген окуялар менен байып келип белгилүү бир формага кирет. Эгемендиктин калыптанышы канчалык азаптуу болсо, мамлекеттин пайдубалы да ошончолук бекем болгонун дүйнөлүк тажрыйбалардан көрсө болот. Мамлекеттин ыйыктыгы мына ошондон келсе керек, мамлекет менен жарандын тагдыры кыйын кезеңде ширелет.

Биздин да тарыхта мындай азаптуу жылдар аз болгон эмес, Манас эпосубуздагы элибиздин каармандыгы кылымдар бою айтылып келет, Улуу Ата Мекендик согуштагы элдик күрөш күнү бүгүнкүдөй эсибизде, бирок чындык ушул белем, заман жагынан же географиялык жактан бираз узакта калгансып, биздин жаштарга, биздин коомго дем берүу күчү жеткиликтүү эместей.

Биз, тарыхыбызды даңазалап, Евразиянын ар чөлкөмүнөн байыркы кытай летопистерине чейин кылым карытканыбызды үндөп бир далайга өзүбүздүн демибизди көтөрүп келебиз, бирок бүтүн булар азыркы ар бир кыргыз жаранын бүгүнкү абалы жана эртеңки кыялы менен бекем туташпаса, бизди замандаш башка өлкөлөр менен (экономика, технология, адам укугу, спорт жб тармактарда) тең тайлашууга чакырбаса, анда балким кайра карап чыгуу абзел?

Ал эми сырттан карасак, бүгүнкү эл аралык коомчулукта өзүбүздү тарыхы 30 жылга жетпеген жаш мамлекет катары таанытып келебиз. Кыргыз Республикасы мамлекеттүүлүктү жаңыдан түптөп, бүткүл тармактарыбызда сырттан болгон колдоолорго муктаждыгы болгон өлкө катары, бул муктаждыкты ондогон жылдардан бери бир ыкма да катары жакшы өздөштүрдүк, жада калса «жардам үчүн областтарды берели» деп чыгармачылык тарабын да өнүктүрүп жибердик.  Бирок, жардам сураган кол ар дайым кичүү болот дегендей, эгемендикке доо кетирген толтура жагдайлар болуп атса деле, коомчулук кайдыгер болсо, муну калың катмар калкыбыздын келечегинен кетип жатат деп билишибиз керек.

Бүгүнкү күндө, Советтерден кийин пайда болгон бир канча мамлекет бизге окшоп өз алдынча жашоону өздөштүрүүгө аракет кылууда. Бул мамлекеттер БУУ алкагында жана башка өлкөлөр тарабынан көз каранды эмес мамлекет катары кабыл алынганы менен, мамлекет куруу жолундагы кээ бир маанилүү институттарын алгылыктуу иштете албай келет.

Макаланын башында да айтылгандай, саясат таануучулар өз чөйрөсүндө мындай өлкөлөрдү квази-мамлекет деп коюшат, сырттан эгемен мамлекет болгону менен мамлекеттик структуралары өз функцияларын толугу менен аткарбай келет. Бул абалга мамлекетти башкаруудагы бюрократиялык тарыхый тажрыйбанын жоктугу же аздыгы, калктын жарандык кимдиги (идентичность) калыптанбай жатышы же коомчулуктун социалдык өнүгүүсүнүн патриархалдык мамилелерге негизделиши сыяктуу көптөгөн себептер менен келет.

Башкалар менен ишибиз болбойт, бирок тарыхта өчпөс тамгалар менен жазылган бир элдин урпактары катары тарыхыбыз бизге дем-күч менен бирге өтө чоң жоопкерчилик берсе, Кытай, Орусия сыяктуу кубаттуу өлкөлөрдүн чегинде өтө маанилүү геополитикалык орунду ээлегенибиз бизге бүгүнкүнү эмес эртенкини да эсепке алып аяр кадам таштоо чеберчилигин мажбурлайт.

Биздин эгемендигибиз, балким бирөөлөр үчүн Советтердин кулашы же Горбачевдин тарыхый катасы катары бааланышы мүмкүн, бирок Кыргыз эли үчүн бул тарыхтагы эн чоң жеңиштердин бири деп эсептейм, бул мүмкүнчүлүктү биз туура түшүнүп эч качан колдон чыгарбашыбыз керек. Эгемендикти, эркиндикти жоготуу кандай трагедияларга алып келиши мүмкүн экендигин азыркы күндө мамлекети жок, бирок саны миллиондогон элдердин тагдырынан ачык-айкын көрүп жатабыз. Эгемендүү мамлекетте жашоо сүрүү, балдарыбыздын эртеңки келечегин даярдап кыялдануу, аларга ылайыктуу эркин бир өлкөнү мурас калтыруу — ар бир кыргыз жаранынын эң ыйык укугу.

Айылыбызда маселе болсо ишеним көрсөткөн өз өкмөтүбүзгө кайрылууга, саясий упай топтоо үчүн кландык курултайлар сыяктуу альтернативдүү жолдорго эмес мыйзам чегинде шайланган депутаттарга кайрылууга, өлкөдөгү тартипти жана адилеттүүлүүктү жарандык коомдордон же болбосо кылмыш топторунан эмес мыйзамдуу күч түзүмдөрдөн талап кылууга ар бир жарандын өзүнүн мамлекети болуш керек. Мамлекет жашаган жана өнүккөн бир организм катары, өз алдына ыйык максат коюп, бүткүл органдары менен алга гана умтулушу керек, мээси иштеп, кечээкибиз менен бүгүнкүбүз эртеңкибизге сабак болуп жазылышы керек.

Жаран — мамлекет өз ара байланышы калыптанып, кыйын учурда мамлекетине ишеними, мыйзам чегинен чыкканда мамлекеттин жазасынан коркуу сезими керек, мына ошондо өлкөдө тартип орнолот, ар бир үй-бүлөдө эртеңкиге үмүт жаралат.

Бул жерде тарыхый милдет, ар бир жарандын добушу менен шайланып мамлекетти башкарууга белсенген азаматтарыбызга жүктөлүүдө.

 

Эркинбек Жороев – атайын Elgezit.kg үчүн

 

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.