Партия ичиндеги бөлүнүү. КСДП vs КСДП фракциясы

Коом, Статьялар 19 Мар 2019 17:51
0 ой-пикир

Шахмат талаасындагы жүрүш

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин каршылашуусу логикалык чекке жетти. Артка кайра кайтууга жол жок деген чийинге келишти. Жакында эле социал-демократтар өздөрүн бийликке оппозиция катары жарыялашты. Бул жаңылык күтүүсүз болду деп айтууга болбойт. Акыркы жылда саясаттагы аба ырайы туруктуу болгон жок. Өзгөчө КСДПда. Бул партиянын парламенттеги фракциясы партия менен эч кандай иши жок экенин далилдеди. Анын үстүнө “КСДП Атамбаевсиз” түзүмүнүн дагы тарапташтары жок деп айта албайбыз. Партиянын расмий өкүлүнүн жайылткан маалыматтарынан соң, мурдагы КСДП жок экени толук билинди.

Жээнбеков менен Атамбаевдин каршылашып жатканы шахмат оюнун эске салат. Салтка айланып калгандай эле, экс-президент биринчи кадамды таштады. Баары бир жыл мурун маалымат жыйыны учурунда Атамбаев Жээнбековдун ишин сындаганда башталган.

Башынан эле мурдагы өлкө башчысы үстөмдүк кылуу позициясын карманып келет. Өзүн чынчыл адам катары көрсөтүп келген Атамбаев кандай сүйлөштү билет. Бир жыл мурун ал Жээнбековго өлкөнү кандай башкаруу керектигин үйрөткөн. Президентке бул кеңештер албетте, жаккан жок. Бирок, шахмат талаасында оппоненти өз жүрүшүн абдан ойлонуп чыккан. Шахматта утушка ээ болуу үчүн ханга жетчү жолду тазалоо керек. ЖЭБди модернизациялоо боюнча соттук териштирүүлөр бир нече башкы фигураларды оюн талаасынан алып түштү: экс-премьер-министр Сапар Исаков, Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов.

Чөгүп бара жаткан кемеден качуу керекпи?

КСДПда ошол маалда эле бөлүнүп-жарылуу башталган. Өзгөчө партияда “тазалоо” иштерин жүргүзүү керек деген Атамбаевдин сөзүнөн кийин . Айрым салмактуу саясатчылар позициясы күчтүү, келечекте утушка ээ боло турган тараптарга жакындай баштады. Жакында эле экс-президентке берилгендигин айтып, жагалдангандар Атамбаевдин дарегине сындарды жаадырып башташты.

ЖКнын Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаевге жана КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркуловго партиядан чыгууну сунушташты. Ошондой эле, ЖКдагы кызматтарын да өткөрүп берүү керектигин билдиришти. Бирок депутаттар буга макул болушкан жок.

Иса Өмүркулов «жуурканды өзүнө тартып», социал-демократтардын лидери экенин эске салды. 3-апрелде КСДПнын съезди болорун жар салды. Буга эски партиянын расмий өкүлү (эми партияны эски жана жаңы деп бөлүүгө туура келет окшойт) Кундуз Жолдубаева партиялаштардын жолугушуусу 6-апрелде болот деген жообун берди.

Ал эми ортодо карама-каршылыкка аралашпаган социал-демократтар дагы бар. Мисалы, Чыныбай Турсунбеков бир нече жолу эски досторду элдештирүү аракетин көргөнүн билдирген. Аны менен катар эле, эч бир тарапка жан тартпай турганын кошумчалаган. Жакында эле партиянын ичиндеги иштерди көрүп туруп, социал-демократтардын катарынан чыгуу ниети бар экенин билдирди.

Уландысы болобу?

Атамбаев өткөн жылдын ноябрь айында жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү дагы душмандары экендигин айткан. Ал эми Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президенттин ыкмасын колдонуп, аны аброюбузга шек келтирди деп сотко бергенге да жетишишти.

Атамбаев өзүнө душмандарды арттырууну жакшы билет. КСДП түзүлгөн 25 жыл ичинде партия дайыма бийликке оппозиция болуп келген. Балким, төңкөрүшчү духу экс-президентке тынчтык бербей жаткандыр? Бул тууралуу ал Аксы окуяларына байланышкан митинг-реквием учурунда эске салды. Атамбаев Акаевдин, Бакиевдин кландары менен кандай күрөшкөнүн, эми “Жээнбековдун кланы” менен күрөшүү максаты бар экенин айтып берди.

Экс-президент «шахмат талаасында жүрүштү» дагы бир жолу биринчи баштады. КСДП бийликке оппозиция экенин айтты. Көпүрөлөр кыйрады, артка жол жок. Мурдагы достор элдешет деп үмүт артып жүргөндөрдүн үмүт шамы өчтү. Көпчүлүк Жээнбековдун кадамдары кандай болорун күтүүдө. Бирок, ажонун кээ бир учурларда эл күтпөгөн аракеттерди жасап койчу адаты бар. Өткөн жылдын 8-февралындагыдай.

Эмне дейбиз, азыр бир нерсе айкын – жазында туруктуулук болбойт. Бирок биз тынч, жай турмушту каалаганбыз…

Руслан Изреков – атайын Еlgezit.kg үчүн

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.