Сабыр МУКАНБЕТОВ: “Алмазбек Атамбаев өзү деле кырдаалды түшүнүп, соодасы бүткөнүн сезип сынып калгандай”

Коом 16 Мар 2019 09:07
0 билдирүү

Elgezit.kg саясат таануучу, журналист Сабыр Муканбетовдун «Майдан» гезитине берген интервьюсун сунуш кылат.

— Жазда, күздө саясый айдыңды козг оп көнгөн эл эмеспизби. Мына Кудаа каласа кыштан аман эсен чыктык, жаз да кирип келди… Учурдагы кырдаалды кандай баалар элеңиз? Быйылкы жаз кандай болчудай?  Өлкөдө саясый туруктуулук барбы, бекемдиги канча?

— Тынымсыз жазда, күздө кужулдап, көчөгө чыгып, нааразы болуп жүргөнүбүздүн себеби эмнеде эле? Бийликтин кылган ишине ичибиз чыкпай, бийлик башындагылардын коррупциялык иштерине, ач көздүктөрүнө жинибиз кайнап, элибиздин жакырланганына зээнибиз кейип, мамлекеттүүлүгүбүздү жок кылуучу кадамдарына кыжырдангандан көчөгө чыгып жүрдүк да.

А, азыр болсо бийлик алмашты, жаңы президенттин отурганына бир эле жыл болду, элге каршы иш кылып жаман көрүнгөн жери жок. Мурдагыларга окшоп ичип-жейин деп жулуңдаганы байкалбайт, тетирисинче адилет, ак иштөөгө чын дилден аракет кылып жатканын көрүп атабыз. Жаманатты кылууну көздөгөндөр деле эмне деп айтаарын билишпей, фактылары жок кыйналып, кара пиарлары өтпөй жатат.

“Экономикалык прорыв жок” деп эле кейимиш болгон коомчулугубуз деле бирок, азыр, жеке Сооронбай Жээнбековго карата нааразычылыктарын айтып жаткан жери жок. Айрым, баягы, “оппозициялык маанайдагы саясатчынын ордун ээлешим керек” –деп максат кылып алган, бирин-экин саясатчылар гана “сайрап” жатканын көрүп атабыз.  Ошондуктан азыр, ким кандай аракеттерди кылып козутпасын элди нааразычылык акциясына алып чыгыш кыйын.

Албетте саясый кырдаалдын курчушун көптөгөн саясатчылар ичтеринен тилээри турган иш. Анткени бийликтин креслосу шаткий боло баштаса алардын баркы артып, шанстары жогорулайт деген түшүнүк бар эмеспи.

Экинчиден, 2020-жылда боло турган парламенттик шайлоого даярданууну көздөгөн саясый күчтөрдүн баары курулай ресурстарын коротуп чарпылгылары келбей, демдерин ичине алып, кантип күчтөнөөрүн, кимге кошулаарын ойлоп баштары маң болуп жатат.

Көпчүлүгү шайлоо алдында бийликтин каарына калбай, колдоо табууга, жок дегенде лоялдуулукту камсыздоону көздөп жатат. Айтор азыр, экс-президент Алмазбек Атамбаевден башка тополоң көксөп, аракеттенген күчтөр жокко эсе десек болот. Саясат айдыңы, менимче парламенттик шайлоо жакындаганда гана кызыйт дебесек, азырынча туруктуулук бузулат дегенге негиз жок. Кандайдыр эле бир одоно катачылыктар орун алып, экстра ординарный жагдайлар жаралбаса.

— Алмазбек Атамбаев маал-маалы менен медиа айдыңда пайда болуп маалымат жыйынын өткөрүп, интервьюларды берип азыркы бийликти сынга алып, ар-түркүн ЖМКларды каржылап Сооронбай Жээнбековго каршы кара пиар уюштуруу менен алек. Партиялаштарынын оозу менен КСДП партиясын жетектеп алдыдагы парламенттик шайлоого катышаары да айтылды. Түрмөдө жаткан белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев да “Атамбаев везучий, андан ар кандай күтүлбөгөн кадамдар болушу мүмкүн” дегендей ойду айтты. Атамбаевдин саясатка кайтып келүү мүмкүнчүлүгү канчалык? Сиз кандай дейсиз?

— Алмазбек Атамбаевдин Сооронбай Жээнбековго болгон нааразычылыгынын төркүнү бештен белгилүү. “Сени мен президент кылгам, тынч отур” деп, өкмөт башына койгон “кол баласы” аркылуу, өзүм билемдигин, талап-тоноосун улантуу планы “жооштон жоон чыгат болуп” ишке ашпай калды. Сооронбай Жээнбеков андайга жол берген жок, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койду.

Эми бул экс-президент тууралуу абдан көп айтылды, жазылды. Экс-президенттин жеке керт башынын гана камын жеген андай арам оюн кыргыз коомчулугу жакшы билип калды. Эми аны эл эч качан колдобойт. Ал саясый өлүк экенин билбей эле чарпылып атат. А эл болсо билип турат. Андыктан ал, КСДП мененби же башка партия менен барабы толк жок!

Акыркы маалымат жыйынында аягына чейин турбай кетип калып, артынан башкалар ал үчүн сүйлөп, “Атамбаев КСДПнын тизмесин баштап шайлоого барат” деп айттырып жатканы бекеринен эмес. Өзү айта албады, себеби ишеним жок. Менимче, Алмазбек Атамбаев өзү деле кырдаалды түшүнүп, соодасы бүткөнүн сезип, сынып калгандай…

Өмүрбек Текебаев элге алынган, сөзү ишеним жараткан саясатчылардан. Бирок Өмүкенин Алмазбек Атамбаевдин саясый келечегине шанс бергенсиген сөзү менимче ишеним жаратпайт. Анын бул сөздөрү Атамбаевге, анын тагдырына, келечегине карата эмес, башка жактарга багытталган, кырдаалды өзгөртүү ниетинде, жеке мүнөздүү маселе деген ойдо калдым.

— Бирок андай дейли десек экс-президентке тиешелүү телевидениелер, гезиттер аракеттерин токтотушпай, каржылоо улантылып эле жаткандай. Буга кандай дейсиз?

— Акча алып иштеп аткан гезиттер деле атайылап түрткүлөп, айдактап, материал берип турбаса “мойунунан байланган ит ууга жарабайт” дегендей илең-салаң… Чоң каражатка иштеп аткан “7-канал” деле транш түшкөндө жанданып, анан “Форумдан” атайын сураныч болсо кыймылдап, болбосо өз оокатын кылып, же башка заказ издеп, бийликти шынаарлаганга куштар болуп жүрсө, негизги ишенген “Апрель ТВсы” деле баштагыдай үзүлүп түшүп, Атамбаевди көкөлөтүп, азыркы бийликтин беделин түшүргүдөй иш алып бара алган жери жок. Айдама болуп калгандай. Айтор, баары эле, эптеп-септеп акчаны сиңирүү аракеттери менен алектенип жүрүшөт.

Андыктан, ошончо каржыны чачып аткан Атамбаев деле өзү каржылаган, жалдаган ЖМКлардын ишине канагаттанып жатат деп айта албайм. Эл болсо -“уурдаган акчаны самандай чачпай, андан көрө казынага кайтарбайбы” деп жаман көрүп атат. “Суунуку сууга” дегенсип акчаны сатылма,  жалакор, жагымпоз журналистерге чачып атканы элге да, жерге да жакпасын экс-президент өзү деле сезип жатат болуш керек? Андыктан, эгер экс-президенттин “сынганы” чын болсо, Кудаанын каарынан, элдин заарынан сестенип арзыматтарды семиртип аткан ишин токтотот болуш керек деген ойдомун. Эми толк чыкпасын сезгенден кийин эмне убара…

— Атамбаев тараптагылар 6-апрелде сьезд өткөзөбүз дешсе, “Атамбаевсиз КСДП” кыймылы менен ЖКдагы Иса Өмүркулов башында турган КСДП фракциясы 3-апрелге сьезд өткөзөбүз деп жатышат. Эми булардын кимиси легитимдүү деп ойлойсуз?

— Сагынбек Абдырахманов негиздеген “Атамбаевсиз КСДП” кыймылы жер-жерлерди кыдырып, Алмазбек Атамбаевдин былыктарын элге жеткизип, анын анык жүзүн ачып, чоң иш жасады. Бул кыймылды жергиликтүү партиялаштарынын негизги көпчүлүгү колдоого алгандан кийин, ЖКдагы фракция да, КСДПнын саясый кенешинин көпчүлүк мүчөлөрү акыры колдоого мажбур болду.

“Сьезд чакыруу легитимсиз болду, бул рейдерство, сот чечсин” дегендер да бар. Тиги кыймыл менен эле фракция чечип койсо ошентип айтсак жарашмак. Бирок андай болгон жок. 34 адамдан турган, Алмазбек Атамбаев өзү киргизген КСДПнын саясый кеңешинин 20дан ашыгы 3-апрелде сьезд деп чечим кабыл алып жатат. Уставы боюнча саясый кеңештин үчтөн биринин, же 12 эле мүчөсүнүн сьез чакырууга укугу бар. А бу жерде менин угушумча саясый кеңештин 23 мүчөсү, же үчтөн экиси макулдугун берген экен. Алар жөн эле көчөдө жүргөн кишилер эмес, бирөө жазып койгон тизме эмес, алар сьезде шайланган аты-заты бар, тирүү адамдар. Башкача айтканда Алмазбек Атамбаевден анын өзү тандап, саясый кеңешке киргизген, жакын соратниктери – саясый кеңештин мүчөлөрү- түңүлүп баш тартты десек болот.

— Саясый Кенештин 19 мүчөсү чечти делинип, бирок кимдер экени тууралуу тизмеси жарыяланбаганынан улам саясый кенештин жыйынын легитимсиз дегендер чыгууда?

— Менин билишимче 19 эмес 23 мүчө макулдугун берген. Кол коюп макулдугун да беришкен. Бул эми сот болуп калса далил да… Тизмени сьездге чейин жарыялабай туруу, ошол эле саясый кеңеш мүчөлөрүнүн каалосу болуптур. “Экс лидерибиз “чалпоо” неме, кайра-кайра киши жиберип, сьездге чейин тынчыбызды алып, башыбызды оорутпасын” дешип тизмени жарыялашкан жок окшойт. Эми 3-апрелде сьезд болот. Жер-жердеги КСДПчы делегаттар келет. Сьездин күн тартибине биринчи маселе кылып партия төрагасы Алмазбек Атамбаевдин отчетун койуп жатышат. Келип отчетун береби, же келбейби, баары бир аны ордунан алып жаңы лидер шайланат. Баардык делегаттар 3-апрелдеги сьездде жүрсө Атамбаевдин 6-апрелдеги жыйынына кайсы КСДПчы келет? Ал жөн эле легитимсиз жыйын, Атамбаевдин фан клубунун эле жыйыны болуп калат.

— Маегибизди 2020-жылда боло турган парламенттик шайлоого бурайын деп турам. Кандай шайлоо болот? Мыйзам кандай өзгөртүлөт? Ушул суроолор саясатчыларды да, элди да катуу ойлондуруп жатканы байкалууда. Анткени учурдагы Шайлоо кодекси коррупциялык жолдор менен мандаттарды соодалаганга кенен жол ачып, жалаң өз кызыкчылыгын коргоо үчүн келген байлар, соодагерлер депутат болуп, элдин мамлекеттин кызыкчылыгы каралбай, калыстык, адилеттүүлүк деген түшүнүктөр тепсендиде калып, Жогорку Кеңеш эрксиз, арсыз, бир короо койдон айырмасы калбай айдама болуп калганын көрүп атабыз. Пропорционалдык системадан баштартып, мажоритардык системага өтүүнү сунуштагандар да бар? Искак Масалиев менен Жанар Акаев пропорцианалдык системаны эле персонификациялоо аркылуу депутат менен шайлоочулардын арасында байланышты камсыздоону сунушташканы маалым болду. Кандай кылсак туура болот деген ойдосуз?

— Азыркы шайлоо кодекси менен шайлоо өткөрсөк кайра эле баягы таз кейпибизди киерибизде шек жок. Аны бийлик да, саясатчылар да, эл да түшүнүп турат. Президентибиз да бул темага бир нече ирет кайрылып, шайлоого бир жыл калганча гана Шайлоо кодексин өзгөртүү укугубуз бар экенин эске салып, быйыл ЖК каникулга тараганча мыйзамды өзгөртүп үлгүрүшүбүз керек экенин эскерткен. Жумушчу топтор иштеп бир нече вариант сунуштар берилген. Анан эми Исхак менен Жанар атайын сунуш киргизип жатканы мыйзамга өзгөртүү киргизүү иш аракеттери ойдогудай жүрбөй кечеңдеп жатканынан, кардиналдуу өзгөрүүлөр болбой жатканынан кабар бергенсийт.

Жаңылануудан чочулаган бийлик кеңешчилери: “Өткөн шайлоодо сындан өткөн, көнүмүш система менен 2020-жылкы шайлоону өткөрүп, өзүбүзгө лоялдуу ЖКнын курамын эптеп алалы, андан кийин өзгөртүүлөргө баралы” деп жаткандары тууралуу да маалыматтар айтылып жатат. Бирок азыр эл, коом, реформа көксөп турганда аны жасабай, бут тосуу менен бүгүнкү бийлик эмне табат? Болуптур, кайра эле, ары чапса ары, бери тартса бери оогон ЖКга ээ болот дейли.  Бирок элди иренжитип алат да. Мына, канчалык өөдүк-сөөдүк жүргөнүнө карабай Алмазбек Атамбаев чечкиндүүлүк менен шайлоо системасына өзгөртүүлөрдү киргизип кетти. Аны канчалык жамандаган күндө да анын таза шайлоого карата жасаган аракеттерин тана албайбыз да. Карусель токтоду, “бир шайлоочу — бир бюллетень”, бармак аркылуу идентификациялоо системасын киргизгени тарыхта калбадыбы.

Анан эми, мисалы мен, азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбековдун реформатор эмес, реформага бут тоскон адам катары, жылуу-жумшак ордун козгогусу келбеген, жеке кызыкчылыгын баарынан жогору койгон адам катары эсте калуусун каалабас элем. “Бетеге кетет бел калат …”, “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен таанысын”, деген эмеспи. Андыктан мен, азыркы президентибизди жаңылануу алып келген, чечкиндүү реформатор катары эсте калганы жакшы демекмин.

Ошон үчүн, жалпы элдик колдоо бар кезде чочулабай, Шайлоо кодексине кардиналдуу өзгөрүүлөрдү киргизүү керек. Азыркыдай, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын алдыга койгон саясатын уланта берсе, ЖКнын азыркы, кийинки курамы да колдоого алат. Жалпы элдик колдоо турганда бийликтин баардык бутактары колдоого мажбур болоору турган иш. Таза, адилет шайлоо гана саясый туруктуулукту камсыздап, өз кезегинде туруктуулук экономикалык өнүгүүнү шарттаары талашсыз. Андыктан, биз Шайлоо кодексин заманга ылайыктап өзгөртүү киргизишибиз керек. Азыркы бийлик киргизбесе бул өзгөрүүлөр 2025-жылкы шайлоого сөзсүз кирет. Анткени эл күтүп атат. Талылуу маселе экенин билип калды. Азыр өзгөртө албасак, өкүнүчтүүсү беш жыл курдан бошко кетет. Бийлик да жакшы атты болбойт.

— Шайлоо кодексине өзгөртүүлөр тууралуу кеп болгондо эле депутаттарды тикелей шайлабай партияларды шайлаганыбыз, партия лидерлери мандаттарды жарым миллион долларга чейин соодалап, капкайдагы ууру-кескилер депутат болуп атканына нааразычылыктар айтылууда. Ошондон улам, партиялык, пропорционалдык системадан кайтып, можаритардык системаны киргизүү да сунушталып жатат. Сиз кандай дейсиз?

— Терең ойлонбогон адамдар партиялык системаны жерип, депутатты тикелей шайлайбыз “өз улагыбыздан теке салабыз”- дешип күпүлдөй беришет. Алардын анткени ошол эле байлар менен сүткорлорго майдай жагат. Анткени өз коктусундагы тууган-туушкандарынын кардын кампайтып, көпүрөө салып, мектеп курууга көмөктөшүмүш болуп мандатты сатып алат. Борборго келип ошол акчасын кайтарууну көздөп, добушун саткан депутатка айланат. Ал депутат эч кандай идеяга байланган эмес, бир күнү коммунистти, бир күнү либералды, дагы бир күнү экстремистти же дагы башкасын колдоп, сойкуланып кетет.

Партиялык система деген турмуштан кайнап чыккан нерсе. Ал идеяга карата тилектештердин биримдигин түзүп, ошол идеяны жалпылап ишке ашырууну максат кылат. Партияга өтүп аткан адам анын программасын колдоп, уставына ылайык милдеттенмелерди моюндайт. Тартипти сактабаса, партиялык максаттарга каршы чыкса партиядан чыгарылат. Анан ошол партиялардын программаларын эл тандайт. Коммунистерди тандайбызбы, демократтарды же дагы башка идеяны тандайбызбы (?), айтор, көпчүлүк кайсы идеяны тандаса бийликти ошолор алып, алар айткан багытта өнүгүш керек деген кеп да.

Анан ар кимибиз эле, “партияңды урганым жок, депутат болсом болду, эмне кылсам өз эрким”-деп депутат болсо, жалпы эл тандаган багыт болбосо, кандай болот, анда? Ошондуктан каалайбызбы, каалабайбызбы партиялык система, пропорционалдык система керек. Жаман-жакшыны ылгаган коом боло албай, жапайы үйүр сыяктуу кебетебиз менен партиялык курулушту жөндөй албай жатканыбыз ал системанын кемчилиги эмес, ал биздин үйүрдүн кемчилиги да. Ошого мээбиз жетпей, “майга жетпеген мышык, сасык экен дептир …” дегендей болуп, даяр тажырыйбаны кабылдай албай, түшүнбөй «велосипед ойлоп чыгаруу» менен алекпиз.

— Эми таза пропорционалдык система менен шайланган Жогорку Кенешибиз тууралуу кандай нааразычылыктар айтылууда? Буга кандай дейсиз?

— Биздин саясатчылар пропорционалдык системаны киргизүүдө эң көп калпыстыктарды кетиргенин турмуш далилдеди. Жон терибиз менен сездик. Бул чоң тажрыйба болду. Анан “туура эмес болуптур, жаңылыппыз” деп чалкабыздан кетип, кайра башка жолго түшөлүбү? Же каталарды оңдоп, түздөп жолубузду уланталыбы? Кеп ошондо болуп атпайбы. Менимче, биздин эл, саясатчыларыбыз, элитабыз, бул маселе боюнча, көпчүлүгү “каталыктарды оңдоп, жолду уланталы” деген пикирде болуп жатат.

Исхак Масалиев, Жанар Акаев, Ишенбай Кадырбековр, Феликс Кулов, Кубатбек Байболов ж.б. көптөгөн саясатчылар, “Ата-Меке”н партиясы баштаган бир топ партиялар негизинен ушу системаны өркүндөтүүнү эле сунуштап жатышат. Кеп негизинен, партия лидерлерине мандат соодалоого жол берген коррупциялык схеманы жоюп, депутаттар менен электораттын ортосундагы тыгыз комуникацияны камсыздоо тууралуу жүрүп жатат.

Муну жасаса, каталыктарды оңдосо болот. Жогорудагы саясатчылар ар кайсысы ар кандай ыкма сунуштап жатышат. Искак менен Жанардын сунушу боюнча, өзүң тандаган партияңа добушуңдү бергенден кийин ал партиянын узун тизмесин алып алып, анын ичинен кайра өзүң жактырган бир канчасына добуш беришиң керек.

Феликс Кулов, Кубатбек Байболов, Ишенбай Кадырбеков ж.б. ушундай добуштарды талапкерлерге персоналдаштыруу сунуштарын айтып атса, башкалар талапкерлер менен электоратты жакындатуунун башка жолун сунуштап жатышат. Кыргызстанды жети облус, Бишкек, Ош кылып тогуз округга бөлүп, мурдагыдай бир тизме эмес тогуз тизме кылуу сунушун айтып жатам.

Ар бир округдагы талапкерлер өз округдарында үгүт жасап эл менен иштешип, депутаттыктан кетсе ордуна ошол округдун тизмесинен депутат келсе бир райондон 10дон ашык депутат чыгып, айрым облустардан бир, эки гана депутат болгон учурлар жокко чыгат эле.

Анан узун тизмени чукулап, өз талапкериндин номурун издөө техникалык жактан ишке ашыруу мүмкүн болгону менен абдан кыйын, түйшүктүү, көп убакыт, убаракерчилик талап кылынат. Кары картаң, көзү начар көргөндөр кыйналат. Андыктан убакыт жетпей калганча, тогуз округга илинген үгүт материалдары аркылуу эле кайсы партиялар кандай адамдарды тизмеге тизгенин көрүп тандоо жүргүзгөнү туура го (?) деген ойдомун. Азырынча.

Эми бул системаны заманбап кылыш үчүн бир эле өзгөртүү жетишсиз, улам улам жаңыртып, партиялык курулушту да шайкеш кылып оңдош керек болот. “Ак калпак”, “Ак шумкар”, “Боз торгой”, “Кум шекер” деген сыяктуу экзотикалык аттар коюлган, джентелменский набор иретиндеги 200дөй партиялар тарыхка кетип, оңчул, солчул, ортозаар, улутчулдар, жашылдар деген сыяктуу идеага негизделген партиялар гана калышы керек.

Эми партиялык жол менен гана өнүгүү бар экенин билгенден кийин, болбосо бул, партиялык курулуш иши элибиздин колунан келбей жатканын көргөндөн кийин эмне кылышыбыз керек?  Ал үчүн, эч тартынбастан, партиялык курулушту мамлекет өзү колго алып өнүктүрүүсү керек деп ойлойм. Керек болсо мамлекет өзү идеялык багыттагы төрт, беш партияны түзүп этип, алгачкы этабында мамлекет тарабынан каржылоону колго алсын.

Саясатчылар барышсын да, ошол өзүлөрүнүн ички дүйнөсүнө туура келген партияга мүчө болуп кирип, ички конкуренцияга катышып, партия лидерлеринин катарына чейин өсүшсүн. Ким кайсы партиянын катарында экенин, партия ичиндеги мыйзамдуулуктун сакталышын, алардын ички шайлоолорун Минюст көзөмөлгө алсын. Саясый сойкулукту чектөөнү да унутпай бир партиядан башка партияга секирүүгө бир эле жолу уруксат берип, андан ашкандар эч жакка баш баккыс болсун. Ушундай кылсак неге болбосун. Азыр эле ушу жолго түшөлү дегенди айткым келген жок. Каталыктарды оңдоп, туура жолго түшө албай, кайра-кайра мүдүрүлө берсек ошентели деген кеп да. Азыркы партиялардын шайлоого даярдыгы, шансы тууралуу, дагы көптөгөн  ойлор айтылбай калды. Гезитиңе батпай кетет го? Кийинкисинде уланталы.

Маектешкен Нургазы Анаркулов

 

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.