Биригип туруштук берели

Аналитика, Коом, Окуялар тизмеги, Статьялар 24 Июл 2020 22:11
0 ой-пикир

Темирбек Орозбаев – атайын Elgezit.kg үчүн

Кыргыз бийлигине жана президенттин дарегине айтылып жаткан сындар түшүнүктүү. Коронавируска байланышкан кырдаал башкаруу системасынын айрыкча өзгөчө абал учурунда ишке жөндөмдүү эмес экенин айкындады, башкаруучулардын көпчүлүгү сыноодон өтпөй калды.

Бирок абал бизде гана оор эмес. Өзбекстандын маалымат булактары белгилегендей, коңшу өлкөнүн президенти коронавирус эпидемиясына байланышкан абал боюнча жакында эле видеожыйын өткөрүп, жергиликтүү аткаминерлердин ишин катуу сынга алып, бир катар тапшырмаларды берди.

Казакстанда дагы катуу карантин уланууда, өлүм чакырган илдеттин жайылуусун ооздуктоо үчүн улам жаңы чаралар колдонулууда. Казак медицинасы, өзгөчө айыл жергесинде начар экени айкын болду.

Россия кыйын этаптан өтүп, эми гана чектөөлөр алынып, бардыгы өз ордуна келе баштады, бирок бул вирус толугу менен жоголду дегенди билдирбейт.

Жада калса, акыркы күнгө чейин ооруну жуктургандар жок деп келген Тажикстан дагы эпидемиянын бар экенин жашыруудан баш тартып, аны менен күрөшүү аракеттерин көрө баштады.

Башкасын кой, көрүнбөс душман менен Америка Кошмо Штаттары жана бүтүндөй Европа күрөшүп жатат.

Кыргызстан дагы бул абалды башынан өткөрү жатат. Экономикасы алсыз, медицина тармагы талкаланган, коррупцияга баткан аткаминерлер басып кеткен биздин өлкө дагы кыйын күндөрдү башынан өткөрүүдө.

Оорудан адамдар өлүп жатышат. Журналист кесиптештер дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн арасында калктын санына карата өлүм эң көп катталган биздин өлкө экенин байма-бай жазышууда. Көп киши дүйнө салды, анын ичинде элинин татыктуу уул-кыздары.  

Бул көрсөткүч көпчүлүк үйүндө дарыланып, медиктерге кайрылбагандагы абал.

Бирок четке кагууга мүмкүн болбогон айрым божомолдор бар, аларды кандай болсо ошондой кабыл алуу керек. 

Биринчиден, коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу бизде статистика ачык. Адам өлүмү боюнча айтып жатам. Бул бийликтин каалоосу менен эмес, болгону бизде коомчулук ачыктыкты талап кылат, башкача болушу да мүмкүн эмес эле. Кайсы бир өлүмдү биздин элден жашырып коюу мүмкүн эмес.

Экинчиден,  Кыргызстан – коронавирус менен пневмония оорусу боюнча статистиканы бириктирүү чечимин кабыл алган биринчи өлкө. Казакстан муну 1-августтан баштап киргизмей болду. Айрым бир өлкөлөрдө пневмония боюнча статистика жок.

Кошумча. Өлкөдө жарандык активисттер жана көп сандаган ыктыярчылар өлкөгө жардамга кол сунгандыктан абал кармалып турат. Мындай бир да өлкөдө жок, биз сыймыктансак болот. Кимдир бирөө башка жол жок деши мүмкүн. Бирок бизде өз элин, өз жерин сүйгөн мыкты муун өсүп келе жатат. Өз пикири бар жаштар өсүүдө.  Бул бийлик эркин ой жүгүрткөндөргө чектөө койбогонунан улам пайда болгон жакшы көрүнүш.

Биз аймактагы коомдук пикир чоң роль ойногон, эгемендүү өлкөнүн тарыхында көп нерселерге сын көз караш менен караган жалгыз өлкөбүз.

Кандай болгон күндө дагы көпчүлүгүбүз биринчи, экинчи, үчүнчү президенттерге нааразыбыз, ошондуктан азыркы президенттин ар бир кыймылын микроскоп менен карап жатабыз.  

Бул Кыргызстанда гана эле эмес дешиңиз мүмкүн. Ооба, балким көпчүлүк нерселерге сын көз караш менен карап жатабыз, бирок аймакта көпчүлүк көз караштарын эркин билдире алышпайт. Биз көптөн бери эркиндик менен жашап көнүп калганбыз, ошондуктан эркиндигибизди баалай албай жатабыз.

Бирөөнү коргоп, аткаминерлердин жана системанын ишин актоого аракет кылгандар жок. Бирок анализ кылып, жыйынтык чыгарчу мезгил келет. Ыктыярчылардын пикири үмүт берүүдө – президент аларды угуп, алар көтөргөн маселелерди өз көзөмөлүнө алып, тиешелүү чараларды көрөрүн айтты.

Эми ал ыктыярчылардын демилгесин суутпай, ишенимин актоо абзел.

Азыр болсо оору менен болгон согуш уланууда, согуш талаасында ар биринин өзүнүн миссиясы бар – кимдир бирөөнүн кызмат орду, кимдир бирөөнүн уяты жана жан дүйнө чакырыгы. Биз жеңип чыгарыбызга аз калды, башкача болуусу мүмкүн эмес, себеби биз бирбиз. Ал эми согуш маалында муштум көрсөтүп, ашыкчы сын айтып отура берүү туура эмес.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.