24-марттын сабактары

Аналитика, Коом, Саясат 25 Мар 2019 10:12
0 ой-пикир

Жекшемби күн болуп калгандыктанбы же эмнеси билбейм, 14 жыл мурун орун алган 24-март «Түлпан Ыңкылабын» эскерген дээрлик эч нерсе жок көпчүлүк чоң басылмаларда. Кыргызстандын жаңы тарыхындагы эң маанилүү, кесепеттүү окуяны минтип бат эле унутта калтырганыбыз, экинчи планга түртө салганыбыздын өзү эле биздин саясий маданиятыбыздан бир маани туйдуруп турат. Кечээ эле баштан өткөн окуяларды унутуп салганыбыздын натыйжасында биз күн сайын, жыл сайын, бийлик өзгөргөн сайын баткакка байлангандай каргашалуу турумубуздан арыла албай жүргөн чыкпайлы.

Талашсыз майрам болбосо да, 2005-жылкы ыңкылаптын биз үчүн мааниси, сабагы чоң, жакшы жагына да, жаман жагына да. Так ушу 24-март күнү, 2005-жылы, Кыргызстандын эли, ага чейинки эки жума бою өлкөнүн ар жеринен уюшуп келип, бийликтин тактысынын алдында «оюнуңарга, алдастооңорго, уурулугуңарга тойдук!» деп кыйкырып келишкен. Андан мурунураак бир нече жыл бою жасалып жаткан үй-бүлөлүк талап-тоноочулукту көрүп, ичинен бышып келген эл 24-мартка келип жарылып чыккан. Калың эл дарыядай агып, милийсадан, түрмөсүнөн чоочубай, мындай бийликке кекиртектен тойгонун билдирип көчөгө чыккан. Акыркы күндөрдө болуп жаткан казакстандык туугандардын акыбалын көрүп, биздеги өткөн окуялар көз алдыңа тура келет.

Жаман бийликтин жамандыгына каршы чыккан эл, ошол эле кезде, бийликтин борпоң экенин, катуу түртсө кыйрап каларын да ошол күнү көрүп алган. Алсыз мамлекет деген түшүнүктүн мааниси ошондо ачыкка чыккан. Бийликсиз мамлекет коркунучтуу экенин, мыйзамды коргогон эч ким жок болсо, арабыздан ач бөрүлөр четтен чыгып, башкалардын мал-мүлкун талап кирээрин, ушундай арам оокаттан баш тартпаган көптөгөн журтташтарыбыз бар экени байкалган. Албетте, арам ойлуу кылмышкерлер ар элде, ар убакта бар деңизчи, бирок, бул жерде эске алчу нерсе – азыркы коом үчүн мыйзамдын жана ал мыйзамды коргоонун мааниси. Бул нерселер жок болсо, шаарын бир заматта «джунгли» токойуна айлана калаары, «21-кылымдын цивилизациясы» деген менен көптөрдүн урганы жок экени маанилүү.

Жаман бийликти айдап чыгып, бийликсиздиктин да даамын таттыра койуп, 24-март бизге жакшы бийлик керегин, жакшысы болбосо жаманы деле болгону жакшы экенин тыянактап берди окшойт. Бийлик ордосун бошотуп берип, жаңы бийлик түзөбүз дегендерге каалганы ачып берип эл кеткен. Ордого кире чапкан менменсинген тын-чыкмалардын талашын эми айтпай эле койолу. Ал талаштын натыйжасында, «мен Акаевдей эмесмин» дегендердин заманы келген. Көп убакыт өтпөй, Акаев заманынан беш бетер акыбалга түшкөн өлкө кайра эле айла-амал издеп сыйпалап калганы эсте.

Демек, 24-марттын дагы бир натыйжасы – алдым-жуттум кырдаалдын арасынан келе чыккан, мамлекетти эмес, өз чөнтөгүн гана билген, мыйзамды каалагандай калчап ойносо болоорун билип алган, өзүн «элита» атай койгон бир ууч топтун өлкөнү башкарууга келип калуусу. Бул көрүнүш жөн гана бир кыска, убактылуу көрүнүш эмес, системалык түрдө орун алып калган илдет. Бул илдеттен арылуу эбегейсиз зор аракет талап кылаарын, чыгаан лидерлерди жана атуул элдин бекем киришүүсүн талап кылаарын байкоо салган ар ким түшүнсө керек. Чыгаан лидерлерди алып келүү үчүн, атуул эл шайлоолордо сатылбай, коркпой, өз тууган жанына тартпай, кылдат талдап тандоо кылуусу – эң эле оңой жана көз-көрүнөө бир шарт.

24-мартты унутуп, 7-апрелди майрам кылуу – калын эл үчүн, кеминде, тайыз ойлуулук. Албетте, 7-апрелди өзгөчө майрам кылып, ураан тутуп, дээрлик менчиктеп алган күчтөр бар – алар үчүн, бул окуя аларды бийликке алып келген күн, басып кирип бийликти алганда «Элдик ыңкылап!» деген ураан аларга легитимдүүлүк берген. Жеңген тарап дайым баатыр болот, жеңилген тарап күнөө тартат эмеспи. Бирок, ошо жеңген тарап да эми бөлүнүп-жарылып, ар кимиси 7-апрелди өз атына байлап жатып, бул окуянын маанисин да азыр төгүп-чачып жатышат. 7-апрелден кийин айтылып чыккан жакшы ураандар, көтөрүлүп чыккан үмүттөр – 24-мартта туулган ураан менен үмүттөр; 7-апрелден кийин орун алып калган алешемдиктер, бийликти салабаттуу бийлик эмес көк-бөрүнүн улагындай талашып ойногон көрүнүш – 24-мартта пайда болгон терең илдет.

Көп нерсенин арасында, 24-марттын кыргыз эли үчүн эң маанилүү бир устуканы – бийлик бузукулук кылганда, ага каршы уюшуп чыгууга, ачуу сынын ачык айтканга болгон дем. Алданып эле калбасак, чарчап кетип байкабай эле калбасак, бийлик адилетсиздигин көтөрө берчү эл эмеспиз, андайды көтөрө чапчу элбиз деген дем бар. Арийне, ал эркинчил, адилетчил демди да өз кызыкчылыгына бура тарткан, алдай коюп эл топтоп, борк алдырбай баш алдырган ыкма да так ошол 24-марттан бери көп орун алды. Кээ бир кишилер ошол ыкманы жакшы өздөштүргөнбү, жакшы колдонуп калганбы, ыңкылаптан баарына мен автормун деп калганы да бар. Канткенде да, элдин эркин добушу, адилетсиздикке моюн сунбай толкуп туруусу – бул да 24-марттан бекемделген бир күч.

Андыктан, 24-мартты унутууга, аны коюп 7-апрелди эле белгилеп калууга бизде тарыхый, саясый укук жок. Андай унутууга жол берилген сайын дагы бир ыңкылап болуусуна, 7-апрель да унутулуп дагы бир жаңы дата пайда болуусуна, бизди мыкчыган саясый саздан чыга албай кала берүүбүзгө шарт түзүлө берет. Кечээки тарыхтын сабактарын так түшүнүү менен гана эртеңки тарыхтын кандай болуусу керектигин элестетип, аны курууга аракет бел байлай алабыз.

Саясат таануучу Эмил Жураев — атайын Еlgezit.kg үчүн

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.