Мугалим: «Азыр ошол «тентек» окуучуларым мага сый көргөзсө, мурдагы жоруктарын ичимен ойлоп, уялып кетем»

Аймак, Без категории, Коом 25 Июн 2019 14:34
0 ой-пикир

ТАРБИЯ БАШАТЫ – БИЛИМДЕ!

                                                                    МУГАЛИМ – БЕРГЕН ЖАРЫК НУР

 Өлкө боюнча билим уяларынан окуучулар акыркы кечелерин өткөрүштү. Алар турмуштун даңгыр жолуна түшүп, келечекте бир кесиптин ээлери болушат. Он бир жыл бирге окуп, эрезеге жеткирген мугалимдерге таазим этебиз. Ошол мугалимдердин арасынан элеттик мугалим эжебиз тууралуу учкай кеп кылууну туура көрдүк.

«Мен окуткан балдарым, ишинен баар тапса, ошол менин кубанычым жана ийгилигим», — деп баштады учкул маегин каарманым!

Мугалимдик кесип ардактуу кесип! Ар бир эле адам мугалим боло албайт. Бул кесипте иштегендер кесибин  сүйүп иштебесе, ардактабаса, ал адам мугалим боло албайт. Мына ушундай ары татаал, ары түйшүктүү кесипти өмүр бою аркалап жүргөндөр арабызда ого эле арбын. Ооба, тарбияны бала үйдүн да, мектептен да татыктуу алуусу керек. Чынында мугалим – жарык чачкан нур, мугалим – экинчи ата-эне! Мурда мугалим келе жатканда абдан ардактап сыйлап турушчу. Азыр мугалимге болгон мамиле башкача сезилет. Педагог ар бир адам үчүн үлгү жана өрнөк. Дал ушул мугалимдик кесипти аркалаган, аны ардактап, асыл сапаттарга ээ болуп, урмат-сыйга бөлөнгөн, 40 жылдан бери күн жер бетине нурун чачкандай, балдарга билим берип келген Кара-Ой айылындагы Касымалы Бектенов атындагы мектептин башталгыч класстарынын ардактуу эжекеси тууралуу окурмандарга айтып берүүнү ылайык көрдүм. Ал өзүнүн кесибин мыкты аткарган СУЛТАНАЛИЕВА Жүрсүнкан Шамшиевна, мугалимдик кесипте  40 жылдык эмгек календарын ачкан чак. Жети-Өгүз районуна караштуу Чоң-Жаргылчак  айылынын сүйүктүү кызы борборубуздагы (мурдагы Кыргыз Мамлекеттик Университети) Улуттук Университетинин «Физика» факультетин 1979-жылы ийгиликтүү аяктап,  кайрадан өзү билим алган мектебинен эмгек жолун баштайт.

 

1982-жылы Кара-Ой айылына турмушка чыгып, үй-бүлөө күтөт. Сүйгөн кесибин улантып, айылдык мектептин башталгыч класстарын окута баштайт.  Мына ошол мектептин босогосун аттагандан тартып, ушул күнгө чейин Жүрсүн эжей 40 жылдык эмгек барагын ачты. Мектептин ысык-суугуна чыдап, балдарга билимин берип, мугалимдик мээримин тартуулап келет. Айылдыктар эжейди абдан сыйлашат. Ар дайым жүзүнөн күлкү кетпеген эжей миңдеген балдарды тарбиялады. «Сабырдын түбү сары алтын»  демекчи, Жүрсүн эжей кесибин ардактап, сүйгөндүктөн  «Эл агартуунун отличнигине» да татыган. Эжей 9 баланын ардактуу энеси.

Жүрсүн эжей ар дайым изденип иштөөнү сүйөт. Өзү окуткан башталгыч класстын балдарына, эне тилин сүйүүгө, ардактоого умтултуп, аларга «кыргыз тили жана адабиятынан» да сабак берет. Каникул кирип келсе да бул сабакты өркүндөтүп, жаңы ыкмаларды үйрөнүүнүн үстүндө.

Жүрсүн эжейдин айтымына караганда, мугалимдик кесип абдан оор, буга чыдаган да бар, чыдабаган да бар дейт ал. – Ар бир баланын мүнөзүнө жараша мамиле кылууга аракет жасаймын. Бирөөнүн бетинен өбөсүң, тентегине урушасың, дагы башкасын алдоого туура келет. Анын үстүнө чатак ата-энелер да жок эмес.

Жүрсүн эжеге бүгүнкү күндүн мугалими кандай болуусу керек деген суроо узатканымда, ал азыркы мугалим баардык жагынан жетишкен мугалим болуусу керек деген оюн айтты.

– Мугалим интерактивдик доска менен электрондук сабак өтүүсү абзел. Азыркы жаштар мобилдик телефондон эле бардыгын издеп, билип алып жатышат. Мугалим болсо жөн гана көрсөтүп койбостон үйрөтүүсү керек.

Кыргыз тилинин методикасы жок экендигине кейиген эжей, азыркы чыгып жаткан китептердин сапаты начар экендигин баса белгиледи. Ошону менен катар, мугалим өкмөт тарабынан жеңилдик алса, жаштар бул кесипке тартылмак деген оюн билдирди. «Жаш мугалимдерге ылайыктуу шарт түзүп берилиши керек, азыр жаштарыбыз чет өлкөлөргө агылып жатканы дагы жогорудагыдай шарт түзүп бербей жаткандыгында. Бир стандарт түзүү керек. Окуучулардын алган билимин турмушта пайдалануу жана аны колдоно билүүсү керек».

Эжей өзү абдан тың, эмгекчил, бирөө тууралуу жаман сөз айтпаган, үйдө да, кызматта да баардык жумуштарды так аткарып, жетишип келет. Эже ар дайым  калыс сөзүн айтуудан тажабайт. Кесиптештеринин арасында да урмат-сыйга ээ. Эжейди бир гана өзүнүн эмгек жамааты эмес, бардык айыл сыйлап турат. Анын окуучулары учурда Кыргызстандын эле эмес, башка мамлекеттерде да үзүрлүү иштешип, эжей ошол мыкты билген уул-кыздары менен сыймыктанат. Мисалга алсак, Жүрсүн эжей окуткан  Молдоисаева Миргүл – АКШнын Нью-Йорк шаарындагы БУУнун Кыргызстандагы өкүлү болуп ийгиликтүү иштеп жатат.  Канболотова Ирина – Кыргызстандагы белгилүү акушер-гинеколог. Ал эми дагы бир окуучусу Тюлегенов Каныбек учурда Кара-Ой айыл өкмөтүн жетектеп, элдин милдетин алгылыктуу аткарууда.

Өмүрүн ыйык кесипке арнаган эжей окуучулары туурасында мындай дейт:

— Окуучуларым менен абдан сыймыктанам. Эми алардын арасында баардыгы эле жакшы окуп, сабактарына жетишип кеткендер да бар, андай эместер да бар. Кээде ушул менин колуман окуп кеткен тентек окуучуларымды бурчка тургузуп да койчумун. Эми азыр ошол «тентек» окуучуларым мага сый көргөзсө, мурдагы жоруктарын ичимен ойлоп, уялып кетем, — дейт Жүрсүн эжей.

Эжейдин окуучулары анын сабагын чыдамсыздык менен күтүп турушат.

Жүрсүн эжейдин үйүнө кирсең, үйү гүлгө толот. Кире бериштен баштап эле гүлдөр өсөт. Өзү да гүл сымал, жакындарына да жылмаюуу тартуулап келет. Биз эженин ишине ийгиликтерди каалап, ден соолугу чың болушун Кудайдан тилейбиз!

Жазгүл УРМАМБЕТОВА,

Атайын Еlgezit.kg үчүн

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.