Чек араны кара булут каптады. Өлкөнүн түштүгүнө күн тиеби?

Аймак, Коом 15 Мар 2019 15:15
0 ой-пикир

Чек араны кара булут каптады. Өлкөнүн түштүгүнө күн тиеби?

Чуулуу түштүк

Кыргызстан көз карандысыздык алгандан бери өлкөнүн түштүгүндө дайыма жаңжалдар чыгып турат. Кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек араларын демаркациялоо көйгөйү өлкө башчыларынын баш оорусуна айланды. Коңшу мамлекеттердин жашоочулары душманга айланып бара жатышат.

Жаңжалдар негизинен күнүмдүк турмуш-тиричилигинен чыгат. Суу, жер, жайыт, инфраструктураны куруу – мунун баарына чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары курч реакция кылып келишет. Эми кайрадан чатак оту тутанды. Бийликтегилер аны аракетин көрүүдө.

Окуялардын хроникасы

13-мартта болжол менен саат 15:00дө чек арага жакын жайгашкан Ак-Сай айылы (Баткен облусу) менен Мехнатабад айылынын (Тажикстан) тургундары ортосунда чыр чыккан. Буга Баткен районундагы Ак-Сай – Тамдык айланма жолунун курулуш иштеринин башталышы себеп болгон. Тажиктер чек араны демаркациялоо маселеси чечилмейинче жол курууга караманча каршы чыгышкан. Натыйжада бири-бирин таш менен уруп башташкан.

Бир нече сааттан кийин кыргыз чек арачылары абалды жөнгө салышкан. Бирок 19:00гө жакын Кыргыз жарандары Ак-Сай айылындагы жолду тосуп алышкан, тажиктер болсо Төрт-Көчө айылындагы жолду тороп алышкан. Мындай аракеттер абалды кайрадан курчуткан.

«Чек арачылардын абалды турукташтыруу үчүн жасаган аракеттерине карабастан, чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары агрессивдүү болушуп, тажик жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн өрттөп салышкан”,-деп жазылат Чек ара кызматынын маалыматында.

Мындан сырткары, 1 кыргыз жаракат алып ооруканага жеткирилген. Чек арачылар Тажикстандын жарандарын тынчтандыруу үчүн абага ок атканга аргасыз болушканын Чек ара кызматы кабарлады.

Өз кезегинде, Тажикстандын Чек ара кызматы болсо, ар түрдүү жаракаттары менен 11 адам ооруканага жеткирилгенин билдирген. Алардын бири тийген октон улам каза болгонун кабарлаган.

Кийинки күнү, 14-мартта эки өлкөнүн Чек ара кызматы абал турукташканын, бирок, эки тараптан тең чогулган адамдар бар экени билдиришкен.

Күндүн экинчи жарымында кайрадан чыр уланган. Эки өлкөнүн чек арачыларынын тосконуна карабастан каарданган жергиликтүү тургундар кайрадан урушуп

башташкан. Аларды таратуу үчүн аскер кызматкерлери бир нече жолу абага ок чыгарышкан.

Бирок конфликт улам кайрадан башталып, жарадар болгондор жана каза болгон адам бар экени тууралуу маалыматтар чыкты. Милиция кызматкери ок жегенин КРнын Чек ара кызматы билдирди. Ал эми тажик ММКлары болсо дагы 1 адам каза болуп, 2 жаран жарадар алганын жазышты. Жаңжал чыккан айылдан балдарды жана аялдарды убактылуу Баткен шаарына алып чыгышкан. Мэрия аларды мамлекеттик мекемелерге жайгаштырып, тамак-аш менен камсыздады.

Карайлаган карапайым калк, камырабаган бийлик

КРнын жана ТРнын ТИМ жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүшүп, абалды жөнгө салуу боюнча кадамдарды талкуулашкан. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында болсо депутаттар жабык эшик артында Өкмөттүн маалыматын угушту. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков болсо окуя болгон жерге барды. Кыргызстандын Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев тажик кесиптеши Кохир Расулзодо учурдагы абалды талкуулады. Эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө окуяны объективдүү изилдөө үчүн комиссия түзүү зарылчылыгын белгилешти.

Ал эми бизде болсо бийлик бул абалды алдын алса болбойт беле деген суроо туулду. Парламентте жабык артында өткөн жыйындан кийин кышында эле ал жакта абал тынч эмес болгону белгилүү болду. Биринчи араздашуу 7-мартта, кыргыз жарандары Ворух анклавынан кум алганы барганда чыккан экен. Ал учурда абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр эки райондун акимдеринин ортосунда гана жүрүптүр, болду!

Абал курчугандан бери бир жума өтүптүр. Ички иштер министрлигинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери кайда эле? Эмнеге борбордук бийлик унчукпай отурду, же маалыматка ээ эмес беле? Эмнеге кыргызстандыктар маалыматты социалдык тармактар, тааныштары, туугандары аркылуу гана билип жатышат? Эмнеге чек арадагы абал боюнча мониторинг жүргүзүлбөйт? Эмнеге мындай абалдарды алдын алчу иш-чаралар жок? Аткаминерлер эмне себептен конфликттерди алдын албай, аларды чечкенге гана маш? Эмнеге иш алпарып жатабыз деген сөздөр айтылганы менен эч кандай иштер жасалбай келет.

Эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзүшпөйт.Иш алып барган учурда дагы жергиликтүү тургундардын “чек ара качан такталат” деген суроолоруна жооп бере алышпайт. Укуктук талаада жылаңач калган чек ара, аймакты сеники-меники деп бөлүү чоң көйгөй жаратып, дайыма уруш чыгып келет. Ал эми ал жактарда баарына чыдап жашагандарга даңк. Бирок чыдамкайлыктын дагы чеги болот эмеспи, уруш-талаштан тажаган эл үйлөрүн таштап көчүп кетүүсү толук мүмкүн.

Акыркы 1-2 жылда кыргыз-өзбек чек арасында абал турукташып калганына Кудайга шүгүр. Буга эки өлкөнүн аткаминерлеринин байма-бай жолугушуусу, ошондой эле жергиликтүү калктын катышуусу менен маданий иш-чаралардын өткөрүлгөнү себеп болду.

Ал эми чек аранын башка аймагында азырынча абал курч. Кыш чыкты, жазгы талаа иштери, мал жаюу, курулуш иштерин жүргүзүү башталды. Демек, суу, жер үчүн чатактар чыга берет. Бийлик өрттү өчүрүүнү гана эмес, аны алдын алууну үйрөнүүсү зарыл.

Руслан Изреков – атайын Elgezit.kg үчүн

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.