Каза тапкан келиндин агасы: Карындашымды жиликтеп салгандан башкасын бүт жасаптыр

Коом, Окуялар тизмеги 08 Янв 2020 22:28
0 ой-пикир

Нарын облусунун Кочкордо жаңы жыл түнү күйөөсүнүн ур-токмогунан 36 жаштагы келин каза тапты деген кабар желдей тарады. Бул окуя үй-бүлө баалуулуктары кайда калды деген суроону кабыргасынан койду. Көпчүлүк эми чиедей төрт баланын тагдыры эмне болот деген түпөйүл соболго жооп таба албай бушайман.

Би-Би-Си маркум келиндин бир тууган агасы Сагынбек Садабаев менен маек куруп, окуянын чоо-жайын тактаган. Үй-бүлөлүк зомбулук бир үй-бүлөнүн жеке маселеси эмес экендигин белгилеп, жалпы коомчулукту кабардар кылуу максатында бул маекти сунуштайбыз.

С. Садабаев: Жаңы жыл деп баарыбыз бейкапар гана олтурдук эле. Кечке мал куттуктайынчы деп карындашыма телефон чалдым. Эмнегедир телефон чалуума карындашым эмес, күйөө бала жооп берди. Учурашып, карындашым кайда, куттуктайын дегем десем, «сыртка чыгып кетти эле» деп койду. Мен үйгө келип сый көрүп, конок болуп кеткиле деп чакырдым. «Бүгүн бир эмес, эки теңтушубуз конокко чакырды, бара албайбыз» деп жооп берди. «Эртең барабыз» деди, мен макул деп калдым. Ошол боюнча эле тынчып калдык. Жаңы жылды тосуп, жаткандан кийин түнкү саат эки, эки жарымдардан өткөндө го, телефон чалып калышты. Күйөө бала эмес, башкалар экен. Ушинтип «карындашыңыз реанимацияга жатып калды» деди. Ошондо аткан бойдон туруп эле, машинени айдап, реанимацияга бардык. Ал жерде жок экен. Тез жардамга бардык, анда да жок болуп чыкты. Анан алардын үйү көздөй жөнөдүк. Барсак толгон-токой киши жүрүптүр. Деле ооз ачкан киши жок. Эч ким, эч нерсе айтпай жатты. Кошуналар бир ооздон эле жаңы эле келдик деп турушту. Эже, жездеси дагы башка туугандары бар экен. Алар да айтпайт. Бир убакта эки милиция келди. Анан бир жеңе бар экен, каза болуп калды деп ошол айтып жатпайбы…Таң атты, анан өлүкканага бардык…

Аёосуз ур-токмоктон соңку он күндө эле эки келин каза таап, урөй учурган кабар желдей тарап жатат
Аёосуз ур-токмоктон соңку он күндө эле эки келин каза таап, урөй учурган кабар желдей тарап жатат

Би-Би-Си: Ур-токмок эмне болуп, качан, кайда башталганын тактай алдыңызбы?

С. Садабаев: Анын баарын азыр тактап жатышат. Жеке менин божомолумда, бул окуя эрте эле болгон окшойт. Кечинде карындашыма чалганда күйөөсү телефонду алды дебедимби, так ошондо карындашымды эбак жайлап салып, анан телефонуна жооп берип жаткан экен. А биз аларды конок болуп келет деп күтүп олтурбайбызбы… Мурун да сабап жүргөн. Кой-койлоп канча бардык? Үйгө келсе жанын койбой, телефонун тешип чалып турчу эле. Ышкырта сөгүп атканын да телефонунан далай угуп келдик. Жакында эле мечитке каттап, ырас болуп калды деп жүргөнбүз.

Би-Би-Си: Каргашалуу окуя болгон учурда балдар кайда эле?

С. Садабаев: Так ошол учурда төрт баласы тең биздин үйдө эле. Азыр эми каңырыктары түтөп жатат. Улуусу мектепти быйыл аяктамак, кичүүсү экинчи класстын окуучусу. Алардын абалын айтып бере албайм…

С. Садабаев: Так ошол учурда төрт баласы тең биздин үйдө эле. Азыр эми каңырыктары түтөп жатат.
С. Садабаев: Так ошол учурда төрт баласы тең биздин үйдө эле. Азыр эми каңырыктары түтөп жатат.

Би-Би-Си: Карындашыңыздын күйөөсүнө жолуктуңузбу? Өзү эмне деп жатат?

С. Садабаев: Жок, ал ошол бойдон жок. Кезиге элекпиз, тергөөчү эртең жолуктурам деп айтты. Эртең кезиксем, айтчу сөздүн баарын айтам да. Башка эмне кылам? Үч уктасак түшкө кирбес окуя болуп кетти го…

Би-Би-Си: Тергөө иштери жүрүп жаткан экен. Эгерде «келишели» деп ишти токтотууга аракеттер болсо, сиз кандай деп жооп бересиз?

С. Садабаев: Кечирим берүү оюбузда да жок. Эң катаал жазасын алып, өмүр бою камалышына болгон аракетимди жумшайм.

Эске сала кетсек, республикада 2019-жылын 10 айында 5185 үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүү учуру катталса, анын ичинде денеге залал келтирүү — 3647, психологиялык — 1362, жыныстык — 7. Үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинде катталган жоруктар – 5569.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.