КТРКнын директорун тандоо. Коомго диагноз

Коом 20 Фев 2019 13:03
0 ой-пикир

Өлкөдөгү башкы каналдын директорун шайлоо, башкача айтканда, аны алмаштыруу көпчүлүккө кызык эмес. Себеби аны шайлоо телеканалдын ишине эч кандай деле таасир бербейт. КТРК бийликтин камчысын канал болуп келген жана ошол боюнча кала берет. Эч андай төңкөрүштөр бул абалды өзгөртө алган эмес.

Бул жолу деле жетекчи болууну каалагандардын фамилиясын атап, алардын өмүр таржымалына көз чаптыруу менен чектелсек болмок. Бирок, бул жолу КТРКнын жетекчилигин шайлоодо башкачараак маани жатат. Моралдык тандоо, коомдук адеп-ахлактын багытын аныктоо деп билсек болот.

Ооба, учурда карап көрсөк, КТРКнын тышкы көрүнүшү өзгөрүп жатат. Ал жакта эми open space стилиндеги заманбап жаңылык студиясы бар. Азыркы талаптарга жооп берген техникалар алынды.

Бирок саясий оппоненттерди каралоону көздөгөн Белизден алынып келинди делинген жасалма кагаздар дал ушул канал аркылуу жарыяланганын эч ким тана албайт эмеспи. Ошол маалда бул телеканал Белизден “расмий” документтерди алдык деп күнү-түнү тынбай какшап турбады беле. Тилекке каршы, бул жогору жактын буйругу экени белгилүү болгон соң, буга чейинки студияларда жасалган оңдоп-түзөө жана жаңы ток-шоулар сыяктуу бир катар жакшы иштерди жууп кетти. Белизгейт кадимки эле фейк экени, эң чоң алдамчылык экени  аныкталды.

Бул кадамдар коомчулуктун моралдык, адеп-ахлактык абалын көрсөттү. Тилекке каршы, биз теле аркылуу кеткен маалыматтын баарына ишене берерибизди көрсөтүп койдук.

Ал эми коомчулуктун башын айланткан бул маалыматтар коомдук канал аркылуу берилгени менен эч ким жоопкерчилик алган жок. Эч ким отставкага да кетпеди, жада калса бул жаңылыштык болчу же жогорку жактын буйрутмасы болчу деп кечирим да сураган жок.

Бүтүндөй өлкөнү алдаганы үчүн эч ким жооп берген жок! Биздин каражатка жан багып жаткандар жогорку трибунада туруп алып элди алдаганы үчүн эч ким үн каткан жок!

7-апрелдеги окуялар боюнча процесс жүрүп жатканда “кылмышка түрткөн буйруктар” бар экенин, бирок погончондор аны аткарбай коюуга укугу бар экени белгилүү болду. Демек, КТРКнын жетекчисинде, ал жерде иштеген журналисттерде, алып баруучуларда бийликтин “кылмышка түрткөн буйругун” аткарбай коюуга толук укугу жана мүмкүнчүлүгү бар эле. Себеби өз маегинде Текебаевдин душманы Өмүрбек Абдрахманов эмне айтары белгилүү болчу да. Же Рыкунова айым. КТРК атайын репортажын дал ушул адамдардын айткан пикирине басым жасап чыгарбады беле. Ал эми ал материалды жасаган журналист Канат Каниметов өз убагында каналдан кетүүгө жетишти. Бирок кайталап кетейин, жада калса баарын акылы жоктой көрсөткүсү келген бул факт дагы учурда өтө маанилүү эмес.

Биз чекте тургангыбызды айтам.

Коомдук телевидение коомчулуктун талаптарын чагылдырышы керек. Бирок азыркы абалдан улам бизде азырынча моралдык норманы сактоого эч ким шашылбай эле жатканын байкасак болот.

Бирок балким КТРКнын Байкоочу кеңеши бизди таң калтырар… Себеби жомоктордо эле жакшылык жамандыкты жеңбейт эмеспи.

Мораль (лат. moralis – адеп-ахлак) – адамдардын жүрүм- турумун жакшы жаман, адилеттүү адилетсиз деп тескеген коомдук аң-сезимдин бир формасы.

Сере Чалканова — атайын Elgezit.kg үчүн

Редакциядан: «Elgezit.kg» материал үчүн жоопкерчилик албайт жана автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.