Өлкөдө социалдык аялуу топтордун укуктары кандайча корголгон

Коом, Окуялар тизмеги, Статьялар 02 Авг 2020 20:05
0 ой-пикир

Бир нече жыл мурун Оштун тургуну Айзада күйөөсүнөн ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган. Бул оору билинген күндөн тарта үйдө чыр-чатактар болуп, үй-бүлө бузулуу алдында турган. Бирок бул окуяга жакындар кийлигишип, аларды элдештиришкен.

Кийинчерээк Айзаданын боюна бүткөн. Анын бейөкмөт уюмда иштеген тааныштары бойдо бар учурда ARB-терапия алса, анда бала ден-соолугу чың болуп төрөлөрүн айтышкан. Ал каттоого туруп, керектүү дары-дармектерди өз убагында кабыл алып турган. Бирок ооруканага барып анализ тапшыруу учурунда, ошондой эле медкароодон өткөндө ал кодулоого учураган, врачтар аны кабыл алгысы келбей, оолактап турушчу.

Ай күнү жетип, операция (кесарево) жолу менен төрөй турган маал келгенде, доктурлар төрөттү кабыл алуудан баш тартышып, облустун борборуна жөнөтүшкөн. Айзада коомдук укук коргочу Альфияга кайрылган. Натыйжада аны операция жолу менен төрөтүшүп, бул жарыкка дени сак бала келген.

Коомдук укук коргоочулар кимдер?

2016-жылдан тарта өлкөдө “Көчө юристтери” долбоору иштеп баштаган. Анын алкагында жактоочулар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө калктын аялуу катмарына алгачкы юридикалык  жардам көсөтүүнү үйрөтүшкөн. “Көчө юристтерин” коомдук укук коргоочу деп да атап келишет. Учурда өлкө боюнча 23 коомдук укук коргоочу бар. Алар ВИЧ-инфекциясына чалдыккандардын, ЛГБТ-коомчулугунун, баңгизатын колдонгондордун жана секс кызматын көрсөткөндөрдүн укуктарын коргоп келишет.

Георгий – коомдук укук коргоочу. Ал окууну ийгиликтүү аяктап, башкаларга жардам берип жаткандардын бири. Георгий мурда баңгизатын колдонгондордун арасында милиция кызматкерлеринин иш-аракеттерине нааразы болгондор көп болгонун айтты.

 “Аларды метадон (баңгизатынан көз каранды болгондорду дарылоочу каражат-ред.) тараткан пункттардан кармап кетишчү. Аларды коркутуп, уруп-согуп, камап коюшчу. Алар баңгизатын өтө каалап турган мезгилде метадон бербей, алар кылбаган кылмыштарды моюндарына алдырган учурлар да болгон. Биз мындай окуяларды каттоого алып, ИИМдин жетекчилигине жиберчүбүз. Азыр абал өзгөргөн”,-дейт ал.

Коомдук укук коргоочулар алар жардам берген адамдар айыма коомчулук тарабынан кодулоого туш болушарын билдиришти. Натыйжада алар түнт болуп, өздөрүн-өздөрү “жей” баштайт.

“Биздин коомдо аялуу катмарга начар мамиле кылышат. Айрымдар ВИЧ инфекцияга кабылгандарды, ЛГБТ-коомчулугунун өкүлдөрүн, баңгизатын колдонгондорду, секс кызматын көрсөткөндөрдү башка аралга көчүрүп, алардан кутулуу керек деген пикирде. Бирок мындай жашоого туш болбойт деген кепилдик эч кимде жок да. Өспүрүм кезде ар кандай иштерге барышып, кийин ал адаттардан баш тарта албай, оор кырдаалдарга туш болушат”,-деди жактоочу Айсулуу Шаршеева.

Айсулуу коомдук укук коргоочулардын ишин көзөмөлдөйт, сот процесстеринде калктын аялуу катмарларынын укуктарын коргойт.

Укуктук тоскоолдуктарды жеңүү

Коомдук укук коргоочулар айына орточо эсеп менен укуктары тепселенип жаткан 300 адамга юридикалык жардам көрсөтүшөт.

Аларга төмөнкү себептер менен кайрылышат:

  • Укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана медицина кызматкерлери акча талап кылган учурда;
  • Мыйзамсыз камакка алынганда;
  • Калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлери тиешелүү документтерди бербей жаткан учурда;
  • Ишке орношууда кодулоого кабылганда;
  • Маморгандардын карамагында болгон маалыматтарды алууга чектөө койгондо;
  • Медициналык кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартканда жана анын сапаты начар болгондо;
  • Милиция кызматкерлери же медицина кызматкерлери тарабынан ВИЧ-инфекциясы тууралуу же гендердик абалы тууралуу маалыматтар ачыкталганда ж.б.

Калктын аялуу катмарына жардам берүү менен коомдук укук коргоочулар аларды тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылууларды жазууну үйрөтүшөт, ошондой эле кандай укук бузуулар болгонун каттоого алышат. Ички иштер кызматкерлери адамдардын укукарын көп бузушат (70 пайыз), саламаттыкты сактоо кызматкерлери (20 пайыз), ошондой эле Калкты тейлөө борборунун жана ЖАМКнын кызматкерлери (10 пайыз). Долбоордун катышуучулары мамлекеттик органдардын мамилеси алда канча жакшырып, ал эми жапа чеккендердин укуктар тууралуу түшүнүгү бир топ жогорулаганын белгилешти. Алардын укуктарын коргоо менен сот процесстерин утуп чыккан учурлар да аз эмес.

Биргелешкен аракет

Калктын аялуу катмарын коргоо боюнча долбоорду «Сорос-Кыргызстан» Фондунун (ФСК) жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен ишке ашууда.

ФСКнын “Коомдук саламаттык сактоо” программасынын директору Айбек Мукамбектов белгилегендей, калктын аялуу катмарынын укуктары бузулган учурда ал бейөкмөт уюмдарга гана терс таасирин тийгизбестен, КР Өкмөтүнүн ВИЧ-инфекциясы тууралуу программасын ишке ашырууга дагы тоскоолдук жаралат. “ВИЧ менен эффективдүү күрөшүү тууралуу айтып жатканда, биз укуктук тоскоолдуктарды азайтууга аракет кылуубуз керек. Калктын мындай катмарлары менен биргелешип иштөө КРдагы ВИЧ оорусуна каршы мамлекеттик программаны ишке ашырууда көмөкчү болот”, — деди ал.

Материал Elgezit.kg тарабынан Норвегиядагы Хельсинки Комитетинин жардамы менен «Корголбогон окуялар: Зордук-зомбулуктан жабыр тарткандар менен жолугушуудан зомбулуктун алдын алуу чараларына чейин» долбоорунун алкагында даярдалды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.