Тыянак: нооруз майрамын мусулмандар майрамдабайт

Коом, Окуялар тизмеги 22 Мар 2021 14:58
0 ой-пикир

Эзелтеден бери келаткан Нооруз майрамы дин жактан ар кандай талаш жаратып келет. Буга чейин кыргыздар майрамдап келген, салтка айланган майрамга учурда анча деле маани берилбей жаткандыгы сезилет. Себеби бул майрам теңирчилердики деп айтылууда. Еlgezit.kg порталы буга жооп издеди.

Маркум Чубак ажы Жалилов

Талаш жараткан майрам тууралуу дин аалымы эмне дейт?

Маркум Чубак ажы бул тууралуу мындай деген: «Нооруз бир гана кыргыздардын майрамы эмес, анын жалпы эле мусулмандарга тиешеси жок. Чындыгында бул майрам отко, күнгө сыйынган теңирчилердин майрамы».

НООРУЗ Кимдердин майрамы Шейх Чубак ажы Жалилов — Bing video


Колумнист Абдыкерим Муратов аталган майрам тууралуу мындай дейт: нооруз – адамдын табияттын бир бүртүгү экендигин, табиятсыз адам болбостугун сездирген, адамга ал өзү бул ааламда ким экендигин айтып берген күн. Нооруз тарыхындагы ошол төрт миң жылдын ичинен биз билгенден совет учурунда гана Ноорузду белгилөөгө каршы чыккан иш-чаралар жүрдү, коммунисттер Түркмөнстанда селкинчектерди бузушкан, Кыргызстанда бешиктер талкаланган, куран окуп бата кылгандарды партиядан чыгарып, кызматтан куушкан.

Ноорузда «Өлбөгөн кулга жаз келди, кудай буйруса эми өлбөйбүз» деп жашоого канимет кылган, жаратканга ыраазы болгон.

Нооруз күнү жарык дүйнөгө келген перзенттерге өзгөчө бир башкача кароо салты өкүм сүргөн. Ал күн төрөлгөндөргө Ноорузбек, Ноорузбай, Жылкелди деген сыяктуу ысымдарды койгон.

Тарыхы

Нооруз мындан үч миң жыл мурун эле майрамдала баштаган. Чыгыш календары боюнча 20-21-22-март Нооруз катары белгиленген. Жакынкы чыгыш жана Борбордук Азиянын дыйкандарынын майрамы катары тарыхта белгилүү. Бул аймакка Ислам дини орногонуна карабай, миңдеген жылдарды карытып бизге жетип отурат. Майрамдын түпкү теги Иранда, атактуу күн кудайы Заратустра менен байланыштуу. «Навруз» фарс тилинен кыргызча которгондо «жаңы күн» дегенди билдирет. Бул күндү байыркы перси хандары башына күндүн айлануу мөөнөтүн билдирген таажыны кийип, От менен Күн кудайларынын храмдарына барышкан. Кол алдындагыларына мол белек беришкен. Майрам бара-бара Борбор Азиядагы жана Сибирдеги түрк элдерине тараган.

Нооруз майрамы

Нооруз жыл эсеби боюнча 21-мартка туура келет жана мүчөл сүрүү эсеби да мына ушул күнгө туура келет. Бул күнү күн менен түн теңелет. Элибизде эски жыл аяктап, эртең жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты «жыл ажыраш» деп аталган. Бул учурда арча, чекенди, адырашман түтөтүп үй ичин,мал-салды аласташкан:

Алас, алас,

Ар балээден калас,

Эски жыл кетти,

Жаңы жыл келди.

Алас, алас,

Айдан аман,

Жылдан эсен,

Жакшылыкты теңир берди,

Жарык күндү кеңири берди.

Орообуз данга толсун,

Оозубуз нанга толсун!

Алас, алас.


Жаңырган жылда эл журттун, мал жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тилеп, кудайга, жер-сууга, тоо-ташка сыйынып жалынган, арпадан, буудайдан көжө же сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу ичишкен. Ноорузда жаңы кийимдер кийилет, жакшы тилектер айтылат, айлана көрккө бөлөнөт. Жаш-карынын баары чогулуп улуттук оюн-зоокторду ойношот.

Сүмөлөк

Аталган майрамдын башкы тамагы. Муну татып, жок дегенде ооз тийбеген адам толук майрамды майрамдай алган жок деп эсептелинет. Анын жасалышына кошуна, тууган-урук келип, аралаштырып жардам беришет. Анын жасалышы да бир башкача. Айтуулар боюнча жаз келгенде тамак-аштар азайып, ошол калган калдыктарды чогултуп жасалган тамак. Буудайды муздак сууга таза жууп, аны 2-3 күн сууга чылап койгондон кийин, буудайды суудан алып, тактайдын үстүнө төгүп, үстүн марли менен жаап жарык жерге коюу керек, бирок, күндүн нуру тике тийбеши керек. Буудай баш алгыча 3-4 күндүн ичинде суудан сээп туруу абзел. Качан буудай 4-5см баш алганда, буудайды жанчып, андан чыккан суюктукту бөлүп алат. Кайра суу куюп 2-3 жолу алууга болот. Андан кийин казанга өсүмдүк майы куюлуп, кызыганда ун салып, бир аз кууруп, андан соң алынган сюктук куюлат. Казан бир аз кайнаганда экинчи, анан үчүнчү суюктук куюлат.
Эми жай отто токтотпостон тең салмакта аралаштырып туруу керек. Түбүнө тартып кетпеши үчүн жаңгактай таштар салынат. Даамдуу болушу үчүн, жаңгак, мейиз, как, кум шекер да кошулуп келет. Сүмөлөк толук даяр болуусу үчүн 12-14 саат керектелет. Анын бышып калганы коюу тартып, бетинде майда-майда бүтүкчөлөр пайда болот. Андан соң алдындагы от алынып, үстү капкак менен жабылып, таң атканча жылуу оролот. Эртеси бата кылып,тилектерин айтып ачып, сүмөлөктү таратышат. Казандын бетин ачканда «сүмөлөктүн бетине Теңир бир белги таштайт» деп, бетиндеги чиймелерди жакшылыктарга жоруп, тилек айтышат.

Илгери нооруз күнү бир кош өгүзгө соко кошуп, жер бетин алгач жолу тилишчү. Тапка келген жерге бороз салып бараткан дыйкандын артынан ээрчиген жоон топ кишилер этектериндеги үрөндүк буудайдан кочуштап чыгышып,элдик ырларды созолонтуп ырдашкан.
Эл ичинен «карысы бардын-ырысы бар»-деп абышка кемпири экөө жанаша чыгып, элди айлана басышат, байбичеси арчасын түтөтүп элди аластайт:» Алас, алас! Эски жыл колдо, жаңы жыл жылга!» — деп айтып, элге тилектерин арнайт. Мындан кийин абышкасы чыгып: Оо калайык, касиеттүү Нооруз-жаңы күн келди. Азаматтар айдоону терең айдап, маласын тегиз тартып,үрөөнүн тазалап камдап койгон экен. Кана эмесе, тукумду сээп баштап берели. (Баштыгынан алып үрөн себип жаткандай түр кылат)

Мына септим уучтап,
Жылуу жерден конуш тап.
Бу-жетим-жесирге,
Мунусу карып-мискинге.
Мунусу канаттуу-кушка,
Булары курт кумурскага.
Калгандары- бизге,сизге, мага.
Баба дыйкан жолдошум,
Бардык ишти колдосун.
Арыгың кенен чабылат,
Корукчуң арбын табылат.
Айтканыма көн,
Тилегим жөн.
Өн, үрөнүм, өн,
Өн, үрөнүм, өн.
Береке бек байласын,
Бириң миңден жайнасын.
Кызылың кырдай үйүлсүн,
Көргөндүн көөнү сүйүнсүн.
Кырманың кенен чабылсын,
Күзүндө ак төөнүн карды жарылсын.
Калкым тоюнуп марысын.

Анан элдин бир четине токтоп, алакан жайып бата бере баштайт: Оо калайык, кулак сал! Ушул келген жылы жол жүрсөң жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун. Өрүшүң малга, кырманың данга, дастарконуң нанга толсун. Бак карасын, кадыр даарысын. Уучуң толсун, учуң узарсын, уул-кызың көбөйсүн. Өрүшүң жайык, өңүң кызыл болсун, өмүрүң узун болсун. Айгырың үндүү, кочкоруң жүндүү болсун,букаң бурталуу болсун, буураң чуудалуу болсун. Карың кайраттуу, жагитиң айбаттуу болсун. Уулуң урматтуу, кызың кымбаттуу, алганың уяттуу болсун. Эли журтуң аман болсун. Кырк периште колдосун, кыдыр болуп жолдошуң. Атың күлүк, айбатың бийик болсун, Оомийин!

Жогоруда айтылгандарды эске алып, чындыгында бул майрамды майрамдоо керекпи же жокпу, бул ар ким өзү чечет. Бирок эч кандай мыйзам бузбаган, салтты карманган адамдар дагы деле майрамдай беришет. Ал эми мусулмандарда эки эле майрам бар. Алар Орозо айт жана Курман айт.

Даярдаган Жазгүл Урмамбетова,

Айрым маалыматтар ВИКИПЕДИЯдан, ютуб каналынан алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.