ELGEZIT - RSS

Сапар Исаковду соттук териштирүүдө тартипти бузгандыгы үчүн сот залынан чыгарышты. ВИДЕО
Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланууда. Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Сапар Исаков сот залына кирүүдөн баш тартып, кароолдун бөлмөсүндө калган. Судьянын көрсөтмөсү менен аны алгач мажбурлап алып келишип, кийин кайра чыгарып кетишти. Бул айыпталуучунун ага карата күчтөө жана мажбурлоо ыкмалары колдонулганы тууралуу билдирүүсүнөн кийин болду.

Сапар Исаков  Сооронбай Жээнбеков менен анын бир тууганына нааразы экенин билдирди.

«Азыр мамлекетти Райым-миллиондор башкарып жатат. Мен каршымын. Эмнеге силер мени күч колдонуп алып келдиңер. Сотту менсиз өткөргүлө, мен макулмун. Мен бул оюндарга катышпайм», — деди мурунку премьер-министр.

Мындан улам судья Марат Сыдыков Сапар Исаковду «соттук териштирүүдөгү тартипти бузуп жатат» деген жүйө менен чыгарып жиберди.

Эскерте кетсек, Сапар Исаковго Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып тагылган.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Булак:   24.kg

Үч басылманын эсебин камактан чыгаруу боюнча Матраимовдордун арызы канааттандырылды
13-декабрда Свердлов райондук соту үч медианын эсебин камактан чыгаруу боюнча Матраимовдордун адвокаттарынын арызын карады.

Буга чейин Матраимовдордун жактоочусу “Азаттык”, “Клооп” жана 24.kg маалымат булактарынын жана журналист Али (Мухаммедали) Токтакуновдун эсебин камакка коюу тууралуу чечимди жокко чыгарууга арыз берген.

Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова арызды  канааттандырды.

— Доо арыз боюнча арыз бергендердин негиздерин эске алып, жоопкер тараптын эсебин камакка алууда кызматкерлердин айлыгын ала албай калышы, ишти кароо созулуп кетиши мүмкүндүгүн жана бардык тараптардын өтүнүчүн эске алып, сот берилген арызды канааттандырат, — деди Ибраимова.

“ЖЭБти оңдоо ишиндеги” эки анжы ойлор
Алмаз Баратов — атайын Elgezit.kg үчүн.

Баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу №150-18-73 кылмыш иши боюнча сот аяктады. Бул процесстин айыпталуучуларына карата биринчи соттук инстанция катаал чечим чыгарды. Сапар Исаков 15 жылга кесилип, мүлктөрү конфискацияланмай болду, Жантөрө Сатыбалдиев 7,5 жылга, Улуттук энергохолдингдин экс-жетекчиси Айбек Калиев дагы 15 жылга кесилди. “Электр станцияларынын” мурдагы топ-менеджерлери дагы ар кандай мөөнөткө кесилишти: Салайдин Аваазов 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылса, Темирлан Биримкулов жана Жолдошбек Назаров 2,5 жылга кесилишти. Бирок алардын убактылуу кармоочу жайда отурган күндөрү эсептелип, сот залынан бошотулушту.  Ольга Лаврова жана Осмонбек Артыкбаев 3 миллион жана 5 миллион сом айыппулга жыгылды.

Өкүм чыккандан кийин социалдык тармактагылар эки
жээкке бөлүнүп калышты. Биринчилери соттун адилетсиз экенин, саясий репрессия
болуп жатканын жана коркунучтуу прецедент жаралганын жазышты. Ал эми экинчилери
600 долларлык аттиштерди эске салышып, азыркы соттук-укуктук системанын “атасы”
Алмазбек Атамбаев экенин жана баардыгы бумеранг болуп кайра кайтып келип
жатканын, ал түзгөн система “балдарын жеп жатканын” жазышты. Бул бүгүнкү бийлик
үчүн актануу болбошу керек, себеби эл буга чейин деле сотторго ишенген эмес жана
азыр деле ишенбейт.

Албетте, адам катары Сапар Исаковго жана
башка соттолгондорго боор ооруп жатат. Баарынын үй-бүлөсү, балдары, жада калса,
неберелери бар. Сот ишине катышкандар, өзгөчө айыпталуучулардын жактоочулары
бир катар процессуалдык бузуулар болгонун белгилешип, жемкорлуктан тышкары жеке
кызыкчылыктар да болгонун айтышууда. Исаковдун заводу, хан сарайлары,
параходдору, чет элдик банктарда эсептери, кыймылсыз мүлктөрү жок болуп чыкты.
Балким, жөн гана начар изилдешкендир. Мамлекет башчысына жагууну каалап,
карьералык өсүштү эңсөөнү жеке кызыкчылык катары саноо бул кызыктай эле
көрүнүш. Карьерист болуу – бул кадимки эле нерсе эмеспи.

Амбициялары үчүн соттоо гана эмес, айыптоо да күлкүлүү десек болот.

Бирок, Сапар Исаковду “режимдин курмандыгы”
болуп, саясий туткун болду деп айтууга да ооз барбайт, себеби бул жерде бир
катар суроолор пайда болууда.

Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу соттук отурум

Эң башкы суроо – эмнеге Бишкек ЖЭБин оңдоо боюнча долбоор
дароо эки эсеге кымбаттап кетти? ЦАРИИнин (ред.
Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттик)
долбоорлорунда 150 миллион доллар деген сандар көрсөтүлгөн. Кыргыз
Республикасын 2013-2017-жылдардагы мезгилге туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Стратегияда
дагы ушул эле сумма жазылган. Стратегиянын 12-бөлүмдүн тиркемесиндеги “Энергетикадагы
инвестициялык долбоорлор (2013-2017)” деген бөлүгүндө Бишкек ЖЭБин оңдоо
долбоорунун баасы 150 миллион доллар экени жана ал 2014-2017-жылдары ишке ашырылары
жазылган.  Кыргыз Республикасын туруктуу
өнүктүрүү боюнча Улуттук Стратегиясы – бул туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук
Кеңеш тарабынан кабыл алынган документ экенин президенттин 2013-жылдын
21-январындагы №11-буйругу далилдеп турат. Бирок ЖЭБди оңдоонун баасы 150 миллион доллар болгонуна карабастан, эмнегедир
386 миллион доллар насыя алынган. Ал эми аны Кытайга 469 миллион доллардан
ашуун каражат кылып төлөп беребиз.

Экинчи маанилүү суроо – Бишкек ЖЭБин оңдоочу компания катары биз тарап ТВЕАдан баш тартса болот беле? Албетте болмок. Кытайдын Эксимбанкы насыя алуунун бир шарты катары ал каражаттарды иштетүүдө кытай компаниялары тартылышы керек деген гана шартты койгон. Биз тарап башка кытай компанияларынын келишин талап кылса болмок. Анын үстүнө ТВЕА көмүр менен иштеген ЖЭБдерди модернизациялоодо тажрыйбасыз болгон. ЦАРИИнин жетекчилеринин бири Алексей Елисеевдин көрсөтмөлөрүн эстей турган болсок, Максим Бакиевдин командасы ЖЭБ долбоору боюнча жогору баа көрсөткөнү жана коррупциялык схемаларды сунуштаганы үчүн ТВЕАдан өз убагында баш тарткан. Бирок Ак үйгө Алмазбек Атамбаев келгенден кийин ТВЕА жаңы бийликтин жакыны болуп калган. Алмазбек Атамбаев ар бир сөзүндө Кыргызстандын кызыкчылыктарын дайыма колдоп келерин айтчу эмес беле, анда эмнеге бул жолу андай кылган жок деген суроо туулат?

Үчүнчү суроо – буга Сапар Исаковдун кандай
тиешеси бар эле? Кыргыз саясатында жогорку кызмат дайыма эле “маселелерди өз
алдынча чечүүгө” жардам бере бербейт. Жана тескерисинче, төмөнкү кызматта
отуруп деле таасирдүү болгондор жок эмес.

Алмазбек Атамбаевдин командасында Сапар Исаков “маселелерди чечип” турчу. Биздеги формалдуу эмес табелде Сапар Исаковдун кызматы баардык премьер-министрге жана министрлерге салыштырмалуу жогору болгон. Ал ТВЕАнын кызыкчылыктарын өз демилгеси менен колдогонбу же Атамбаевдин тапшырмасы мененби айтуу кыйын. Бирок Сапар Исаков Кыргызстан үчүн жасалып жаткан долбоордун артыкчылыктарына караганда кемчиликтери көп болгонун билгенинен шек санап болбойт.

Сапар Исаков акыркы сөзүндө мындай деди:
“Борбор Азияда Бишкектегиге караганда арзан ЖЭБ кайда салынды? Эч жерде.
Социалдык тармактарда отуруп мага каршы чыгып жаткандар таап көрүшсүн”.

Албетте, ошол маалда Сапар Исаков эмоцияга
алдырды. Бирок андай долбоорлор бар жана алар тууралуу бир нече жолу айтылып,
жазылып да келет. Мисалы, коңшу Тажикстанда ЖЭБ Бишкектегиге караганда алда
канча арзан салынган. Душанбедеги ЖЭБ-2
ошол эле ТВЕА тарабынан нөлдөн баштап 349 миллион долларга салынган, анын 17,4
миллион доллары тажик Өкмөтүнүн салымы болгон.

Башкача
айтканда, Душанбедеги ЖЭБ 349 миллионго толугу менен салынса, Бишкектеги ЖЭБдин
бир бөлүгү 386 миллион долларга оңдоодон гана өткөн.

Айырмасын өзүңүз аңдап көрүңүз…

Редакция
макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын
билдирбейт.

Прокурор Кулматовду 15 жылга, Ибраимовду 20 жылга абакка кесүүнү сунуштады
Бүгүн, 9-декабрда Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча Ленин райондук сотунда отурум өтүүдө.

Сотто тараптардын жарыш сөзү башталды. Учурда мамлекеттик айыптоочу тарап чыгып сүйлөөдө.

Сөзүнүн аягында мамлекеттик айыптоочу:

— мурдагы Бажы комитетинин төрагасы, Бишкектин экс-мэри Кубаныч Кулматовду 15 жыл эркинен ажыратуу чечимин чыгарып, мүлкүнөн ажыратууну;

— мурдагы  ордо калаанын башчысы Албек Ибраимовду 20 жылга кесип  мүлкүнөн ажыратууну сунуштады.

Кубанычбек Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолууда.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Соттук процесс судья Кубанычбек Касымбековдун төрагалыгы менен өтүүдө.

Райым Матраимов Айтматова менен Токтакуновду сотко берди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка суракка кирип чыккан Райым Матраимов журналист Али Токтакунов менен экс-депутат Ширин Айтматованы сотко бергенин билдирди.

Бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Райым Матраимовдун аты өлкөдөн 700 миллион доллардын чыгарылышы боюнча жүргүзүлгөн журналисттик иликтөөдө аталат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка суракка кирип чыккан Райым Матраимов журналист Али Токтакунов менен экс-депутат Ширин Айтматованы сотко бергенин билдирди.

Матраимов сурак учурунда эч кандай басым болбогонун, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн эмне сөз болгонун айта албай турганын белгиледи.

«700 миллион доллар эмес 7 тыйынына тиешем жок. Журналисттик иликтөөдө айтылгандардын баары жалган жалаа. Айэркен Саймаитини тааныбайм, эч кандай мамилем болгон эмес. Ушу тапта жалган жазган, менин аброюма шек келтирген Али Токтакунов менен Ширин Айтматованы жана башка журналисттерди сотко бердим. Ал эми «Азаттык» эл аралык радио болгондуктан биз дагы эл аралык деңгээлде сотко берүүгө даярданып жатабыз», — деди Матраимов.

Ольга Лаврова сотто көзүнө жаш алды
Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталган мурдагы финансы министри Ольга Лаврова сотто акыркы сөзүн сүйлөп жатып көзүнө жаш алды.

Ал СССР убагынан бери жигердүү иштеп жатканын белгилеп, 35 жыл жетекчилик кызматты аркалаганын эске салды.

Ал эми 42 жылдык эмгек жолунда бир дагы калпыстык кетирбегенин билдирди.

«Дагы бир-эки жылдан кийин пенсияга чыгам, неберелеримди карап үйдө отурам деп ойлогом. 2012-жылы Жантөрө Сатыбалдиев чакырып, «дефицит өсүп жатат, финансы тармагын жөнгө салып бериңиз. Бул жерде менин эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы каралып жатат» деп суранган. Макул болуп натыйжалуу иштеп, өз ыктыярым менен кеткенден кийин кылмышка айыпташканы катуу сокку болду», — деп көзүнө жаш алды экс-министр.

Атамбаевдин соту жылдырылды
Бүгүн, 15-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча соттук отурум башталат. Бул иште башкы айыпталуучу катары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өтүп жатат.

Бирок, соттук жыйын 29-ноябрга жылдырылды. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алганын мурдагы Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев соттук отурумга катышуудан баш тарткан. Ал эми Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов ооруп жатканына байланыштуу келген эмес. Ага операция жасалары айтылууда.

Эске сала кетсек, бул иштин алкагында   төрт адам айыпталуучу катары өтүп жатат. Алар — мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

Калган 14 адам тергөө менен кызматташууга кол койгону үчүн алардын макамы башка жана алар үй камагына чыгарылган. Алар:  мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев, Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматов жана бир катар дарыгерлер бар.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Россияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги  быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Илмияновдун кыймылсыз мүлктөрү камактан алынды. Тизме
30-октябрь күнү Бишкектин Октябрь райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновду жети жылга кескен. Ошондой эле ага 160 миң сом айып пул салуу менен үй-мүлкүн конфискацияланган.

Бирок соттун чечими менен конфискацияланган мүлктүн айрымдары тизмеден чыгарылган.

Камактан чыгарылган мүлктөрдүн ээсин жана тизмесин келтиребиз:

1957-жылы туулган Саттар Илмияновдун мүлкү:

– Баткен облусунун Лейлек районунун Катран айылындагы Шоро көчөсү,10 дарегиндеги турак үй;

– ошол эле айылдагы жер тилкеси;

– ошол эле айылдагы айдоо жерлер;

– ошол эле айылдагы кайрак жерлер;

– ошол эле айылдагы көп жылдык өсүмдүктөр;

– ошол эле айылдагы Шоро көчөсү, 8 дарегиндеги жер тилкеси.

1956-жылы туулган Урулха Илешовна Илмиянованын мүлкү:

– Баткен облусунун Лейлек районунун Катран айылындагы көп жылдык өсүмдүктөр.

1977-жылы туулган Айсулуу Саттаровна Илмиянованын мүлкү:

– Баткен облусунун Лейлек районунун Катран айылындагы көп жылдык өсүмдүктөр.

1986-жылы туулган Искендер Саттарович Илмияновдун мүлкү:

– Баткен облусунун Исфана шаарындагы Чыгыш көчөсү, 96/2 дарегиндеги турак үй.

1981-жылы туулган Раимжан Саттарович Илмияновдун мүлкү:

– Баткен облусунун Лейлек районунун Катран айылындагы айыл-чарбачылыкка багытталган жер тилкеси.

Камакта кала турган мүлктөрдүн тизмеси:
1975-жылы туулган Икрамжан Саттарович Илмияновдун мүлкү:

– Бишкектин Ак-Өргөө конушундагы Таш-Рабат көчөсү, 1 дарегиндеги жер тилкеси;

– Баткен облусунун Лейлек районунун Катран айылындагы көп жылдык өсүмдүктөр;

– 2007-жылы чыккан «Лексус LX 470» автоунаасы;

– Сокулук раойнунун Студент айылындагы Артезиан көчөсү, 6 дарегинде катталган «Азияагро экспорт» ЖЧКсы;

– Бишкектеги Баба-Ата көчөсү, 88 дарегиндеги “Аброр” чайканасы;

– Шопоков шаарчасындагы Машиностроительная көчөсү, 1 дарегиндеги жер тилкеси;

– Шопоков шаарчасындагы Машиностроительная көчөсүндөгү картон чыгарган заводу;

1983-жылы туулган Айбарчын Саттаровна Илмиянованын мүлкү:

– Сокулук районунун Фрунзе айылындагы айдоо жерлер;

– ошол эле айылдагы айдоо жерлер;

– ошол эле аййылдагы айдоо жерлер.

1988-жылы туулган Зулхайнар Саттарович Илмияновдун мүлкү:

– Сокулук районунун Фрунзе айылындагы айдоо жерлер;

– Бишкектин Ак-Өргөө конушундагы Ак-Өргөө көчөсү, 83 Д дарегиндеги жер тилкеси

Анаргул Камалдиновна Шамурзаеванын мүлкү:

– Бишкектин Чүй проспектиси, 245/1 дарегиндеги №9 батир;

– Бишкектин Чүй проспектиси, 245/1 дарегиндеги автоунаа токтотуучу жай жана №16 батир.

1971-жылы туулган Абдугапар Абдиадыевич Шамурзаевдин мүлкү:

– Сокулук раойнунун Студент айылындагы Разное көчөсүндөгү мал чарбачылык үчүн ылайыкталган жер тилкеси.

1979-жылы туулган Абдиманап Ташимбетович Бекматовдун мүлкү:

– Сокулук районунун Студент айылындагы Разное көчөсүндөгү атканага ылайыкталган жер тилкеси.

Экс-мэрлердин иши: сотко кайрадан тез жардам чакыртылды
Бүгүн, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда борбор калаанын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун жана дагы 10 айыпталуучунун иши каралууда.

Сот жүрүшүндө айыпталучулардын бири Кубат Шаршекеев өзүн жаман сезип, кан басымы көтөрүлүп, тез жардам чакырууга аргасыз болушкан.

Шаршекеев – “Альто Групп” компаниясынын ээси. Ал Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу боюнча айыпталып жатат. Учурда ал УКМКнын СИЗОсунда кармалып турат.

Буга чейин, 6-ноябрда соттук отурумдун жүрүшүндө дагы бир айыпталуучу Өмүрканов өзүн жаман сезгендиктен тез жардам чакыртылган.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.Ө. жана жеке компаниялардын башчылары К.Ш. жана С.А. 303-берене (“Коррупция”) боюнча айыпталышууда.

Икрамжан Илмияновдун иши. Соттун өкүмү күтүүлүдө
Бүгүн, 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси, камактагы  Икрамжан Илмияновго карата өкүм чыгышы мүмкүн.

Илмияновдун адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев билдиргендей, бүгүн сот  ага акыркы сөз берет, андан кийин өкүм чыгарат.

Белгилей кетсек, прокурор соттон Илмияновду 7,5 жылга камакка алууну жана 100 эсептик көрсөткүчтө айыппул салууну өтүнгөн.

Ал эми Илмиянов өзү көрсөтмө берип, ага айыптар жасалма коюлганын, ошондуктан күнөөсүн мойнуна албай турганын айткан.

Ал ошондой эле аны эч ким кармап келбегенин, Бишкекке өзү кайтып келгенин билдирген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитет (УКМК) кабарлаган.

Илмияновго «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деген айып салынган. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Атамбаевдин камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин абактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Мындай чечимди бүгүн Биринчи май райондук соту анын катышуусу жок  чыгарды.

Маалыматка караганда,  учурда соттук териштирүү жүрүп жаткандыктан сот Эмилбек Каипов айыпталуучуну соттук териштирүүнүн мөөнөтү аяктагыча камакта калтырды. Мыйзам боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөтү эки айды түзөт.

«Эгер ал убакытта иштин каралышы аягына чыкпаса, ал дагы бир мөөнөткө жылдырылат», — деп билдиришти Биринчи май райондук сотунан.

Эскерте кетсек, кечээ  Жогорку соттун Конституциялык палатасы мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу Баш мыйзамга каршы келбейт деген чечим чыгарды.  Ал учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Атамбаев бир нече кылмыш иштерине шектелүүдө: Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык схемалар, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, борбор калаанын ЖЭБине көмүр сатып алуудагы коррупция, Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо жана сатып алуу.

2019-жылдын 8-август күнү укук коргоо органдары Атамбаевди анын Кой-Таштагы үйүнөн кармап, соттун чечими менен ал 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 20-август күнү Биринчи май райондук соту аны 26-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Учурда сотто кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш каралууда.

Ирина Карамушкинаны сот үй камагында калтырды
Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын санаалаштарынын бири Ирина Карамушкинаны сот үй камагында калтырды.

Мындай чечимди кечээ, 30-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Эл өкүлү 9-декабрга чейин үй камагында болот.

Эске салсак, Ирина Карамушкина барымтага алууга катышкан деп айыпталып жатат.

Атамбаевдин жан сакчысы үй камагына чыкпайт
Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты.

Сот Сагымбаевдин баш коргоо чарасы карап, аны 8-октябрга чейин Бишкектин №1 тергөө абагында кармоо чечимин кабыл алды.

Сагымбаев 24-сентябрдын кечинде Аскер прокуратурасында сурак бергенден кийин эки суткага камалган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) кызматкери Канат Сагымбаев Атамбаевдин жеке жан сакчысы катары иштеп жаткан. 20-сентябрда атайын кызмат анын жумуштан алынганын тастыктаган.

УКМК Сагымбаев быйыл июль айында кайтаруудагы объект жок учурда жетекчиликтин кызматтык куралды, атайын техниканы тапшыруу боюнча көрсөтмөнү аткарбай койгону жана ички жобого карабастан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен байланышка барганы үчүн иштен алынганын билдирген.

Адвокаттын айтымында, Сагымбаевге «Массалык башаламандык уюштуруу», «Топ адамдар менен киши өлтүрүү», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Тергөө органдары же башка кызматтык органдардын ишине тоскоолдук кылуу» деген төрт берене менен айып коюлуп жатат.

Офицердин тарапкерлери бул айыптоолор негизсиз жана мыйзамга каршы келерин айтып жатышат.

Буга чейин Атамбаевдин тушунда 9-башкармалыкты жетектеп турган Дамир Мусакеев да кармалган.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту болот
Бүгүн, 12-сентябрда үй камагындагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин сотто кайра кароо башталат. Жараян Биринчи май райондук сотунда өтөт.

Жогорку сот 21-августта «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлүп, жараян 12-сентябрга белгиленген.

29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон.

Сүрөт интернеттен алынды

Кримтөбөлдүн бошотулушу: Сотто айыптар угузулуп жатат
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан А.Батукаевди камактан мыйзамсыз бошотууга байланышкан сотко чейинки өндүрүш аяктады. Учурда кылмышка күнөөлүү бардык фигуранттарга айыптары угузулуп, аларга коюлган айыптар менен тааныштырылууда. Андан соң жакын арада сотко чейинки өндүрүштө тергелип  аяктаган кылмыш иши Башкы прокуратура аркылуу сот органдарына жиберилет, -деп билдирет ИИМдин Басма Сөз кызматы.

Сүрөт интернеттен алынды

Сотто мурунку мэр көрсөтмө берүүдөн баш тартты
Бишкектин Ленин райондук сотунда жүрүп жаткан соттук отурумда борбор калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимов көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Ал мэр кезинде Бишкектин түштүк тарабындагы жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берген деп айыпталууда. Экс-мэр бул иш боюнча өтүп жаткан башка шектүүлөргө басым жасалып, тергөө менен кызматташууга мажбур болгонун айтып, көрсөтмө берүүдөн баш тартарын билдирди.

Кийинки соттук жараян 2-сентябрга белгиленди.

Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов былтыр июнь айында камакка алынган. Ага карата борбордун четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жана жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүүгө байланыштуу эки кылмыш иши козголгон.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын үзөңгүлөшү болгон Ибраимов бул кылмыш иштерин куугунтук катары эсептеп келет. Ал УКМКнын Тергөө абагында кармалууда.

Сүрөт интернеттен алынды

Айгүл Текебаева кубанычтан улам ыйлады
21-августта Жогорку Сотто Өмүрбек Текебаевдин иши жаңы жагдайларга байланыштуу каралды. Жогорку инстанция адвокаттар келтирген жүйөлөрүн канааттандырып, соттук ишти кайра башынан кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөттү.

Чечимди залда угуп отурган Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева кубанганынан көзүнө жаш алды.

“Ишене албай жатам. Биз үчүн бүгүнкү күн көптөн күткөн күн болду. Соттун бүгүнкү чечими аркылуу адилеттүүлүккө карай бир кадам жасалды”, – деди Айгүл Текебаева.

Сүрөт интернеттен алынды

Зилалиевдин соту 28-августка жылдырылды
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнкул Зилалиевге карата «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде козголгон иш боюнча соттук териштирүү уланды.

Бүгүнкү соттук отурумда эки күбө суралды, башка күбөлөр келбегенине байланыштуу жыйын 28-августта өтмөй болду.

Башкы прокуратура Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.

Зилалиев айыптарды четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет.

20-августта Зилалиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен кошо жемкорлук кылган деп шек саналып жатканы белгилүү болду.

7-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Латвияда Зилалиевдин жубайына жана балдарына иш козголгонун маалымдады. Жубайы Зульфия Зилалиева бул айыптоону негизсиз деп атады.