Экс-мэрлердин иши: сотко кайрадан тез жардам чакыртылды

Окуялар тизмеги, Өлкө 13 Ноя 2019 17:28
0 ой-пикир

Бүгүн, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда борбор калаанын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун жана дагы 10 айыпталуучунун иши каралууда.

Сот жүрүшүндө айыпталучулардын бири Кубат Шаршекеев өзүн жаман сезип, кан басымы көтөрүлүп, тез жардам чакырууга аргасыз болушкан.

Шаршекеев – “Альто Групп” компаниясынын ээси. Ал Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу боюнча айыпталып жатат. Учурда ал УКМКнын СИЗОсунда кармалып турат.

Буга чейин, 6-ноябрда соттук отурумдун жүрүшүндө дагы бир айыпталуучу Өмүрканов өзүн жаман сезгендиктен тез жардам чакыртылган.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.Ө. жана жеке компаниялардын башчылары К.Ш. жана С.А. 303-берене (“Коррупция”) боюнча айыпталышууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.