Прокурор Кулматовду 15 жылга, Ибраимовду 20 жылга абакка кесүүнү сунуштады

Окуялар тизмеги, Өлкө 09 Дек 2019 11:49
0 ой-пикир

Бүгүн, 9-декабрда Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча Ленин райондук сотунда отурум өтүүдө.

Сотто тараптардын жарыш сөзү башталды. Учурда мамлекеттик айыптоочу тарап чыгып сүйлөөдө.

Сөзүнүн аягында мамлекеттик айыптоочу:

— мурдагы Бажы комитетинин төрагасы, Бишкектин экс-мэри Кубаныч Кулматовду 15 жыл эркинен ажыратуу чечимин чыгарып, мүлкүнөн ажыратууну;

— мурдагы ордо калаанын башчысы Албек Ибраимовду 20 жылга кесип мүлкүнөн ажыратууну сунуштады.

Кубанычбек Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолууда.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Соттук процесс судья Кубанычбек Касымбековдун төрагалыгы менен өтүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.