Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту болот

Окуялар тизмеги 12 Сен 2019 10:00
0 ой-пикир

Бүгүн, 12-сентябрда үй камагындагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин сотто кайра кароо башталат. Жараян Биринчи май райондук сотунда өтөт.

Жогорку сот 21-августта «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлүп, жараян 12-сентябрга белгиленген.

29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.