Үч басылманын эсебин камактан чыгаруу боюнча Матраимовдордун арызы канааттандырылды

Окуялар тизмеги, Өлкө 14 Дек 2019 08:06
0 ой-пикир

13-декабрда Свердлов райондук соту үч медианын эсебин камактан чыгаруу боюнча Матраимовдордун адвокаттарынын арызын карады.

Буга чейин Матраимовдордун жактоочусу “Азаттык”, “Клооп” жана 24.kg маалымат булактарынын жана журналист Али (Мухаммедали) Токтакуновдун эсебин камакка коюу тууралуу чечимди жокко чыгарууга арыз берген.

Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова арызды канааттандырды.

Доо арыз боюнча арыз бергендердин негиздерин эске алып, жоопкер тараптын эсебин камакка алууда кызматкерлердин айлыгын ала албай калышы, ишти кароо созулуп кетиши мүмкүндүгүн жана бардык тараптардын өтүнүчүн эске алып, сот берилген арызды канааттандырат, — деди Ибраимова.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.