Атамбаевдин камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды

Окуялар тизмеги, Өлкө 25 Окт 2019 16:52
0 ой-пикир

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин абактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Мындай чечимди бүгүн Биринчи май райондук соту анын катышуусу жок чыгарды.

Маалыматка караганда, учурда соттук териштирүү жүрүп жаткандыктан сот Эмилбек Каипов айыпталуучуну соттук териштирүүнүн мөөнөтү аяктагыча камакта калтырды. Мыйзам боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөтү эки айды түзөт.

«Эгер ал убакытта иштин каралышы аягына чыкпаса, ал дагы бир мөөнөткө жылдырылат», — деп билдиришти Биринчи май райондук сотунан.

Эскерте кетсек, кечээ Жогорку соттун Конституциялык палатасы мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу Баш мыйзамга каршы келбейт деген чечим чыгарды. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Атамбаев бир нече кылмыш иштерине шектелүүдө: Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык схемалар, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, борбор калаанын ЖЭБине көмүр сатып алуудагы коррупция, Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо жана сатып алуу.

2019-жылдын 8-август күнү укук коргоо органдары Атамбаевди анын Кой-Таштагы үйүнөн кармап, соттун чечими менен ал 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 20-август күнү Биринчи май райондук соту аны 26-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Учурда сотто кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш каралууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.