Икрамжан Илмияновдун иши. Соттун өкүмү күтүүлүдө

Окуялар тизмеги, Өлкө 30 Окт 2019 10:13
0 ой-пикир

Бүгүн, 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновго карата өкүм чыгышы мүмкүн.

Илмияновдун адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев билдиргендей, бүгүн сот ага акыркы сөз берет, андан кийин өкүм чыгарат.

Белгилей кетсек, прокурор соттон Илмияновду 7,5 жылга камакка алууну жана 100 эсептик көрсөткүчтө айыппул салууну өтүнгөн.

Ал эми Илмиянов өзү көрсөтмө берип, ага айыптар жасалма коюлганын, ошондуктан күнөөсүн мойнуна албай турганын айткан.

Ал ошондой эле аны эч ким кармап келбегенин, Бишкекке өзү кайтып келгенин билдирген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитет (УКМК) кабарлаган.

Илмияновго «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деген айып салынган. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.