“ЖЭБти оңдоо ишиндеги” эки анжы ойлор

Окуялар тизмеги, Өлкө, Статьялар 09 Дек 2019 16:39
0 ой-пикир

Алмаз Баратов — атайын Elgezit.kg үчүн.

Баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу №150-18-73 кылмыш иши боюнча сот аяктады. Бул процесстин айыпталуучуларына карата биринчи соттук инстанция катаал чечим чыгарды. Сапар Исаков 15 жылга кесилип, мүлктөрү конфискацияланмай болду, Жантөрө Сатыбалдиев 7,5 жылга, Улуттук энергохолдингдин экс-жетекчиси Айбек Калиев дагы 15 жылга кесилди. “Электр станцияларынын” мурдагы топ-менеджерлери дагы ар кандай мөөнөткө кесилишти: Салайдин Аваазов 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылса, Темирлан Биримкулов жана Жолдошбек Назаров 2,5 жылга кесилишти. Бирок алардын убактылуу кармоочу жайда отурган күндөрү эсептелип, сот залынан бошотулушту.  Ольга Лаврова жана Осмонбек Артыкбаев 3 миллион жана 5 миллион сом айыппулга жыгылды.

Өкүм чыккандан кийин социалдык тармактагылар эки жээкке бөлүнүп калышты. Биринчилери соттун адилетсиз экенин, саясий репрессия болуп жатканын жана коркунучтуу прецедент жаралганын жазышты. Ал эми экинчилери 600 долларлык аттиштерди эске салышып, азыркы соттук-укуктук системанын “атасы” Алмазбек Атамбаев экенин жана баардыгы бумеранг болуп кайра кайтып келип жатканын, ал түзгөн система “балдарын жеп жатканын” жазышты. Бул бүгүнкү бийлик үчүн актануу болбошу керек, себеби эл буга чейин деле сотторго ишенген эмес жана азыр деле ишенбейт.

Албетте, адам катары Сапар Исаковго жана башка соттолгондорго боор ооруп жатат. Баарынын үй-бүлөсү, балдары, жада калса, неберелери бар. Сот ишине катышкандар, өзгөчө айыпталуучулардын жактоочулары бир катар процессуалдык бузуулар болгонун белгилешип, жемкорлуктан тышкары жеке кызыкчылыктар да болгонун айтышууда. Исаковдун заводу, хан сарайлары, параходдору, чет элдик банктарда эсептери, кыймылсыз мүлктөрү жок болуп чыкты. Балким, жөн гана начар изилдешкендир. Мамлекет башчысына жагууну каалап, карьералык өсүштү эңсөөнү жеке кызыкчылык катары саноо бул кызыктай эле көрүнүш. Карьерист болуу – бул кадимки эле нерсе эмеспи.

Амбициялары үчүн соттоо гана эмес, айыптоо да күлкүлүү десек болот.

Бирок, Сапар Исаковду “режимдин курмандыгы” болуп, саясий туткун болду деп айтууга да ооз барбайт, себеби бул жерде бир катар суроолор пайда болууда.

Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу соттук отурум

Эң башкы суроо – эмнеге Бишкек ЖЭБин оңдоо боюнча долбоор дароо эки эсеге кымбаттап кетти? ЦАРИИнин (ред. Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттик) долбоорлорунда 150 миллион доллар деген сандар көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдардагы мезгилге туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Стратегияда дагы ушул эле сумма жазылган. Стратегиянын 12-бөлүмдүн тиркемесиндеги “Энергетикадагы инвестициялык долбоорлор (2013-2017)” деген бөлүгүндө Бишкек ЖЭБин оңдоо долбоорунун баасы 150 миллион доллар экени жана ал 2014-2017-жылдары ишке ашырылары жазылган.  Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Стратегиясы – бул туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңеш тарабынан кабыл алынган документ экенин президенттин 2013-жылдын 21-январындагы №11-буйругу далилдеп турат. Бирок ЖЭБди оңдоонун баасы 150 миллион доллар болгонуна карабастан, эмнегедир 386 миллион доллар насыя алынган. Ал эми аны Кытайга 469 миллион доллардан ашуун каражат кылып төлөп беребиз.

Экинчи маанилүү суроо – Бишкек ЖЭБин оңдоочу компания катары биз тарап ТВЕАдан баш тартса болот беле? Албетте болмок. Кытайдын Эксимбанкы насыя алуунун бир шарты катары ал каражаттарды иштетүүдө кытай компаниялары тартылышы керек деген гана шартты койгон. Биз тарап башка кытай компанияларынын келишин талап кылса болмок. Анын үстүнө ТВЕА көмүр менен иштеген ЖЭБдерди модернизациялоодо тажрыйбасыз болгон. ЦАРИИнин жетекчилеринин бири Алексей Елисеевдин көрсөтмөлөрүн эстей турган болсок, Максим Бакиевдин командасы ЖЭБ долбоору боюнча жогору баа көрсөткөнү жана коррупциялык схемаларды сунуштаганы үчүн ТВЕАдан өз убагында баш тарткан. Бирок Ак үйгө Алмазбек Атамбаев келгенден кийин ТВЕА жаңы бийликтин жакыны болуп калган. Алмазбек Атамбаев ар бир сөзүндө Кыргызстандын кызыкчылыктарын дайыма колдоп келерин айтчу эмес беле, анда эмнеге бул жолу андай кылган жок деген суроо туулат?

Үчүнчү суроо – буга Сапар Исаковдун кандай тиешеси бар эле? Кыргыз саясатында жогорку кызмат дайыма эле “маселелерди өз алдынча чечүүгө” жардам бере бербейт. Жана тескерисинче, төмөнкү кызматта отуруп деле таасирдүү болгондор жок эмес.

Алмазбек Атамбаевдин командасында Сапар Исаков “маселелерди чечип” турчу. Биздеги формалдуу эмес табелде Сапар Исаковдун кызматы баардык премьер-министрге жана министрлерге салыштырмалуу жогору болгон. Ал ТВЕАнын кызыкчылыктарын өз демилгеси менен колдогонбу же Атамбаевдин тапшырмасы мененби айтуу кыйын. Бирок Сапар Исаков Кыргызстан үчүн жасалып жаткан долбоордун артыкчылыктарына караганда кемчиликтери көп болгонун билгенинен шек санап болбойт.

Сапар Исаков акыркы сөзүндө мындай деди: “Борбор Азияда Бишкектегиге караганда арзан ЖЭБ кайда салынды? Эч жерде. Социалдык тармактарда отуруп мага каршы чыгып жаткандар таап көрүшсүн”.

Албетте, ошол маалда Сапар Исаков эмоцияга алдырды. Бирок андай долбоорлор бар жана алар тууралуу бир нече жолу айтылып, жазылып да келет. Мисалы, коңшу Тажикстанда ЖЭБ Бишкектегиге караганда алда канча арзан салынган. Душанбедеги ЖЭБ-2 ошол эле ТВЕА тарабынан нөлдөн баштап 349 миллион долларга салынган, анын 17,4 миллион доллары тажик Өкмөтүнүн салымы болгон.

Башкача айтканда, Душанбедеги ЖЭБ 349 миллионго толугу менен салынса, Бишкектеги ЖЭБдин бир бөлүгү 386 миллион долларга оңдоодон гана өткөн.

Айырмасын өзүңүз аңдап көрүңүз…

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.