Пакистандык ыктыярчы дарыгерди сабагандар камакка алынды

Окуялар тизмеги 23 Июл 2020 11:27
0 ой-пикир

Кой-Ташта пакистандык студенттерди сабаганга шектелген үч жарандын баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы кабарлады.

«Пакистандын жаранына кол салган Ысык-Ата районунун 31 жашагы тургуну менен Бишкек шаарынын 30 жаштагы эки жашоочусунун баш коргоо чарасы тандалып, бир айга камакка алынды», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 19-июлда Кой-Таш айылында тоого эс алууга келишкен пакистандык студенттерди жергиликтүү тургундар ур токмокко алышкан. Жабыр тарткандардын бири Бишкекте күндүзгү стационарда иштеген ыктыярчы дарыгер экендиги айтылган.

Көп өтпөй милиция чет өлкөлүк жарандарга кол көтөргөн үч адамды кармаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.