Немис эксперти Гунтрам Кайзер: Кыргызстандагы шайлоо бир тур менен бүтөт

Аналитика, Интервью, Статьялар 01 Дек 2020 13:49
0 ой-пикир

Кыргызстан өлкө президентин шайлоого даярданууда, эки жумадан кийин талапкерлердин шайлоо өнөктүгү расмий түрдө башталмакчы. Бул шайлоодон эмнени күтүүгө болот? Аларда кандай PR-технологиялар колдонулат?

Elgezit.kg редакциясы мурдакы дипломат, берлиндик KaiserCommunication PR-агенттигинин жетекчиси, поствоеттик мейкиндиктеги саясий процесстер боюнча таанымал адис Гунтрам Кайзер менен маектешкенбиз.

– Кайзер мырза, бул жолу президенттик шайлоого катышуу ниетин 65 талапкер билдирди, алардын бир бөлүгүг жарыштан чыгып да кетти. Сиздин көз карашыңызда жыйынтыктоочу бюллетенде алардын канчасы калат?  

Реалдуутаймашка беш же алты талапкер жетет. Мында, кыргызча тажрийба көрсөткөндөй, таймаш биринчи тур менен аяктай тургандай, анткени бул жерде кандайдыр бир күтүлбөстүктөрдү күтүү кыйын. 

– Жеңүүчүнүн фамилиясын атай аласызбы?

– Жок! Бирок социалдык сурамжылоолордун жыйнтыктарын өзүңөр деле карап көрсөңөр болот. Шайлоого жакындаганда күмөн санагандардын саны ылдыйлайт да, көптөгөн шайлоочулар жарыштын анык лидерине басым кылышат. 

– Жеңишке жеткенге мүмкүнчүлүгү жок талапкерлерди шайлоого катышууга сүрөгөн эмне?

– Мотивдер көп эле болушу ыктымал. Кимдир бирөө жөн эле өзүнө көңүл бурдургусу келет же шайлоого катышсам, андан кийин кандайдыр бир жогорку кызматты ээлеп каламбы деп да ойлошу мүмкүн. Дагы бирөөлөр кырдаалдан пайдаланып, коом үчүн маанилүү болуп турган социалдык маселени чечкиси келет – себеби талапкердин статусу ар кандай темалар боюнча ачык сүйлөп, маалымат каражаттарынын колдоосун алууга мүмкүнчулүк түзөт. 

Башка өлкөлөрдө айрым талапкерлер саясий спойлерлер (орой айтканда, бузукулук) катары аракеттенишет, бирок Кыргызстан бул жааттан алып караганда, шайлоолорду кыйла ачык жана таза өткөргөндүктөн, мындай практика ал жакта жайылтылган эмес.

Бул шайлоодо кара технолгияларды колдонуунун канчалык ыктымалдуулугу бар?

– Этикалык көз караштан алып караганда, бул шайлоону деле идеалдуу болот деп айтуу кыйын. Республикада быйылкы кыштын суук болоору күтүлүп жатканын эске алганда, айыл жерлеринде жашаган шайлоочуларды “салтка айлангандай” көмүр, отун менен сатып алууга аракеттер болушу мүмкүн.  

Социалдык тармактардагы этикага жатпаган технологияларды пайдалууну да күтсө болот. Бул жерде ниети бузук адамдар талапкердин тарапташыбыз демиш болуп, өзүлөрүн абдан агрессивдүү кармашат жана талапкердин атынан оппонеттерди коркутуп -үркүтө башташат. Андан кийин талапкерди “боттордун фабрикасын” түзүп алып, шайлоонун башка катышуучуларына кысым жасап жатат деген айып тагуулар бишталат.  

Бул шайлоого россиялык жана америкалык саясий технологдор тартылууда деген имиштер жүрөт…

– Мында таң калаарлык эч нерсе жок. Постсоветтик мейкиндикте   PR-адистерди Россиядан, АКШдан жана Улуу Британиядан көп чакырышат. Бул өлкөлөрдө саясий консалтингдик (кеңеш берүүчү) мектеп абдан жакшы калыптанган, ал эми КМШдагы андай иш билги кесипкөй адистердин деңгээли аларга азырынча жете элек.   

Алардын кайсынысынын технологдорду мыкты иштейт?   

– Америкалыктар адамдарды массалык иш-чараларга тартууга уста, орустар болсо социалдык тармактар, маалымат каражаттары менен мыкты иштешет, британиялыктар талапкердин имиджин кантип калыптандырууну жакшы билишет. Бирок мунун баары конкреттүү технологдон, биринчи кезекте, талапкердин өзүнөн көз каранды.

Биздин шайлоого башка өлкөлөр кийлигишеби?  

– Силердин шайлоого АКШ, Россия, Кытай, Казакстан жана башка мамлекеттер расмий түрдө кийлигишпейт деле. Анткен менен бул өлкөлөрдүн ар бири бул же тиги талапкерди сөзсүз жактырат, бирок ачыктан ачык кийлигишүү болбойт. Андан тышкары, даанышман кыргыз эли мындайга жол бербейт. 

– Катардагы шайлоочуга кандай кеңеш берер элеңиз?

– Жаман ойлодон алыс болуп, социалдык тармактар аркылуу тилдешпегиле деп айтаар элем. Шайлоо – башка адамдардын көңүлүн оорутууга, капа кылууга шылтоо болбошу керек. Талапкерлердин программаларын кунт коюп окугула, ошондо силер акыл-эстүү тандоого мүмкүнчүлүк аласыңар. Анан да албетте, добуш берүүгө сөзсүз келгиле. 10-январда канчалык көп адам өз пикирин билдирсе, өлкөдөгү шайлоодон кийинки кырдаал ошончолук туруктуу болот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.