Кой-Ташта пакистандык студенттер сабалды. Алардын бири — ыктыярчы дарыгер

Окуялар тизмеги 20 Июл 2020 20:35
0 ой-пикир

Кой-Таш айылында белгисиз бирөөлөр пакистандык студенттерди сабап кетишти. Бул тууралуу Kaktus.mediaга ур-токмокко алынган Шах Аббас Али билдирди.

Чет элдик жарандар Бишкектеги медициналык окуу жайдын студенттери, учурда күндүзгү стационарларда ыктыярчы дарыгер катары коронавируска каршы күрөшүүдө колдоо көрсөтүп жатышкан.

Аббас Алинин айтымында, кечээ, 19-июлда ал достору менен Кой-Таш айылынын жанындагы тоолорго эс алууга барышкан: «Биз эс алып жатканбыз. Болжол менен саат 17:00 чамасында бир жигит келип, бул жерден кетишибизди талап кылды. Бул жай ага таандык экендигин айтты. Биз аны жакшы түшүнбөдүк. Кечирим сурап, бизди тынч коюушун өтүндүк”.

Ал кошумчалагандай, бала кетип калган, бирок 10-15 мүнөттөн кийин 5-6 достору менен кайтып келген.

«Алар жакын келишкенде, алардын бири менин досум Аббас Сажидди уруп, эсин оодара койду. Бир нече убакыт өткөндөн кийин, алар мени башыма ура башташты. Менин мурдум сынып, досум башынан жаракат алды», — деди Шах Аббас Али.

Окуядан кийин чет элдиктер Бишкекке жөнөп, ал жерден дарыгерлерге жардам сурап кайрылышкан. Бүгүн, 20-июлда, жабырлануучулар милицияга арыз жазып, ал жерден кол салгандарга каршы чара көрүүнү суранышты.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, арыз Жазык Кодексиинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча катталып, керектүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан чыр-чатакка тиешеси бар шектүүлөрдүн өздүгү аныкталып, аларды кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.