ИИМ: Пакистандык студенттерди сабаганга шектелип үч адам кармалды

Окуялар тизмеги 21 Июл 2020 10:11
0 ой-пикир

Кой-Ташта пакистандык студенттерди сабаганга шектелип үч адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 19-июлда болжол менен саат 23:00дө Аламүдүн районунун ички иштер органдарына Пакистан Республикасынын 1998-жылы туулган Ш.С., аттуу жараны арыз менен кайрылган. Ал өз арызында Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринин жанында бейтааныш адамдар аны эч себепсиз сабаганын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Андан сырткары, ушундай эле арыз менен 2000-жылы туулган А.Х., 1997-жылы туулган Ф.С., жана 1995-жылы туулган А.И., кайрылган.

Чүй облустук жана Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы чыр-чатакка катыштыгы бар делип Ысык-Ата районунун 31 жаштагы жашоочусу Э.О., Бишкек шаарынын жашоочулары 30 жаштагы Д.А., менен К.Б., кармалган.

Аталган факты Аламүдүн РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) боюнча катталган.

Аламүдүн РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Аталган окуяны иликтөөнүн жүрүшү ИИМдин жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алган.

Эскерте кетсек, 19-июлда Кой-Таш айылында белгисиз бирөөлөр тоого эс алууга келишкен пакистандык студенттерди ур токмокко алышкан. Жабыр тарткандардын бири Бишкекте күндүзгү стационарда иштеген ыктыярчы дарыгер экендиги айтылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.