Кочкул сары — учурдун хити

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 16 Дек 2020 18:27
0 ой-пикир

Джамиля Дандыбаева — атайын Elgezit.kg үчүн.

«Сен Зеренин жаңы ырын уктуңбу?» — деген таанышым мага «Апам айткан» деген ырды угузду, анда ырчы кыз гендердик зомбулук тууралуу теманы козгогон.

Видео Зеренин кочкул сары мантия кийип чыкканынан башталат жана анда кыздар кочкул сары жабууну жамынып, кармашып турган сцена дагы бар, алардын кыймылы ырааттуу экен жана бирин-бири колдоо сезилип турду. Ырчы ырын кыргыз тилинде аткарганы дагы маанилүү болду. Ырдын бир нече саптарын эске сала кетсек: “Алтыга чыкканда апам айткан

Кызым, кыз баласың, абайлагын

Он алтыга чыкканда апам кайталаган

Кызым, кыз баласың, абайлагын

Абайлагын

Абайлагын

Абайлагын

Балким жакшы балдар

Балким бир нерсе түшүрүп алгам

Ким билет? Ким билет?

Укпагандай болуп атам

Үн чыгарбай бара жатам

Тезирээк! Тезирээк!

Неге мага асылгандан кайра өзүм уяламын? Неге?

Неге булар эркин жүрөт, а мен болсо абайлаймын?

Неге?”

Бул ыр социалдык тармактардын колдонуучулары тарабынан кызуу талкууга алынып жатканда аны менен катар эле “16 күн” деген кампания жүрүп жатты. Кочкул сары түс аялдарга карата зомбулук жок жашоону сүрөттөп турду.

Учурда өлкөбүздө аялдарга карата зомбулук өтө чоң көйгөйгө айланды, ал муундан муунга өтүп, натыйжада коомго терс таасирин тийгизип келет.

«Аялдарга карата зомбулукту токтотуу сөзсүз түрдө аялдарга өз укуктарын коргоого, чечимдерди өз алдынча кабыл алууга багытталган чараларды жана алардын коомчулукка толук кандуу катышууга мүмкүнчүлүк берүүнү камтыйт. Зордук-зомбулуктун алдын алуу аялдарга карата зомбулукту токтотуу боюнча стратегиянын өзөгү болушу керек”,- деген БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Нави Пиллай.

Зереге асылып жаткандар кыз кишини чыдамкай, бардык ишти жасай билген, керек учурда унчукпай кое алгандай кылып тарбиялоо жана үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу жаңылыктар менен тааныштыруу эле жетиштүү деп санашат. Кыз киши окуусун жакшы бүтүп, мыкты жумушта иштеши мүмкүн, бирок бул ага бактылуу жашоого кепилдик болуп бербейт. Аялдарга карата зомбулук уланып жатканда кыз кишилер бактылуу боло албайт.

Аялдардын укугу – адамдардын укугу тармагындагы эл аралык укуктун ажырагыс бөлүгү. Аялдарга карата жасалган кандай зомбулук болбосун – бул анын укуктарынын бузулушу. Зомбулук менен күрөшүү үчүн тиешелүү чараларды көрүш керек. Зомбулуктун чыныгы масштабдары тууралуу айтуу кыйын, себеби үй-бүлөлү зомбулуктан жабыркаган аялдардын баары эле милицияга кайрыла бербейт эмеспи.

Аялдарга карата зомбулук кодулоонун эң олуттуу түрү жана адам укуктарын бузуу болуп саналат. Бул көптөгөн эл аралык документтерде көрсөтүлгөн. Аялдардын укуктары менен түздөн-түз байланышкан негизги эл аралык документ — аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө Конвенция болуп саналат, анда төмөнкүлөр милдеттендирилет: аялдар менен эркектердин тең укуктуулугун улуттук конституцияларга же башка мыйзамдарга кошуу, эгерде мындай болбосо, анда, ушул принциптерди кармануу менен ишке ашыруу; аялдарга карата ар кандай кодулоолорго тыюу салган тиешелүү мыйзамдарды иштеп чыгуу же тиешелүү чараларды көрүү; аялдардын укуктарын эркектердики менен бирдей юридикалык жактан коргоо жана компетенттүү улуттук соттор жана башка мамлекеттик мекемелердин жардамы менен аялдарга карата кодулоого каршы болуп, аялдардын укуктарын коргоо; аялдарга карата кандайдыр бир кодулоочу актыларды же иш аракеттерди жасоодон кармануу жана мамлекеттик органдар жана мекемелер ушул милдеттенмелерге ылайык иш алып барарына кепилдик берүү; аялдарга карата кимдир бирөөлөр тарабынан кодулоо болсо тиешелүү чараларды көрүү.

Негизги эл аралык укуктук ченемдерге ылайык, аялдар саясий, экономикалык, социалдык, маданий, жарандык жана башка бардык тармактарда адамдын бардык укуктарын жана негизги эркиндиктерин жүзөгө ашырууга жана коргоого бирдей укуктардан пайдаланышат. Бул укуктар төмөнкүлөрдү камтыйт:

• жашоого болгон укук;

• тең укуктуулук;

• эркиндик жана жеке кол тийбестик укугу;

• мыйзамдарга ылайык бирдей коргоого болгон укук;

•кандай формада болбосун кодулоого кабылбоо укугу;

• жогорку деңгээлдеги физикалык жана психикалык ден соолукта болуу укугу;

• кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге же жазага дуушар болбоо укугу.

Дүйнөдө ар бир үчүнчү аял зомбулукка туш болот. Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту жок кылуу – 2030-жылга чейинки күн тартибинин башкы максаттарынын бири.

Кыргызстандагы Өкмөт, жарандык коом, жалпыга маалымдоо каражаттары, ар кандай жамааттар четте турбоого жана аялдарга карата зомбулук көйгөйүн биргеликте чечүүгө аракет кылып жатышат. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көйгөйү айрым жарандар үчүн гана эмес, бүтүндөй коом үчүн олуттуу көйгөй экенин бара-бара тереңден түшүнүп бара жатабыз. Буга байланыштуу аялдарга карата зомбулукту токтотууга болгон аракеттер күч алууда. Кризистик абалга туш болгон аялдарга жана балдарга жардам берген уюмдар социалдык тармактарда бириге башташты.

Кыргызстанда фемицид (аялдарды атайылап өлтүрүү) тууралуу көп айта башташты. Савия Хасанова жана Анна Капушенко “Кыргызстанда аялдарды ким жана кантип өлтүрөт” деген темада изилдөө жүргүзүшкөн. Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампанияга карата бул изилдөөнүн презентациясы болду жана анда статистикадагы жана мыйзамдардагы кемчиликтер, фемицид тууралуу айтып беришти.

Жыл сайын өтүүчү “Зомбулуксуз 16 күн” эл аралык кампаниясы аялдарга карата зомбулуктун бардык формасын жок кылууга чакырык кылат жана бул Кыргызстанда дайыма өтүп келүүдө. Бишкекте 25-ноябрдан 10-декабрга чейин бул кампания өтүп келет жана башка аймактар дагы ага активдүү кошулууда. Бул иштер коомчулукка гендердик зомбулук көйгөйүн жеткирүү үчүн жасалып келет. Ушул 16 күндүн ичинде зомбулук боюнча чыныгы окуялар айтылып, коомду ойлонууга, өзгөрүүгө чакырат. Коомдук уюмдардын кампаниясына мамлекеттик мекемелер дагы активдүү катыша башташты. Мисалы, Бишкек шаарынын мэриясы четте калбай, мэриянын мекемесинде 16 күн кочкул сары түс күйүп турду.

Бул өнөктүк коомдук уюмдардын жана ыктыярчылардын шыктануусу менен колдоого алынган билим берүү механизмдери канчалык натыйжалуу иштей аларын көрсөттү. Кампания учурунда Бишкекте гана эмес аймактарда дагы жергиликтүүлөр кризистик борборлорго кайрылып, психологдордун жардамын сурашкан. Коомдук уюмдардын өкүлдөрү кампаниянын ийгилиги зомбулукка кабылгандар ачыкка чыга баштаганында экенин баса белгилешти.

Азыр аялдар өзүн коргогонду билип калды жана ар бир адам КРнын Жазык кодексинин 138-139-беренелери тууралуу билиши керек. Аялдын денеси ага гана таандык. Аял зомбулукка түрткү болот, ушуга татыктуу болчу деген жаңылыш түшүнүк. Көйгөй зомбулук көрсөткөн адамда.

Зереге кайрылсак, «Апам айткан» ырынын YouTube тармагындагы видеосунун алдындагы комментарийлерге көңүлүңүздү буруңуз, урматтуу окурман, ал жакта Кыргызстандагы жана коңшу өлкөлөрдөгү аялдар өздөрү кабылган окуялар тууралуу жазып, тилектештигин билдирип жатышат. Келгиле, дүйнөнү кочкул сары түскө боёп, коңгуроо кагып, кылмыш иштеринин аягына чыгуусуна түрткү болуп, зордук-зомбулукка каршы күрөшүп, ар нерсени өз ысымдары менен атай баштайлы.

Активисттер аялдарга карата адилетсиз сот чечимдерине жана зомбулукка каршы жүрүшкө чыкканы жатышат. Зере, Эльдана жана бишкектик феминисттер аялдардын укугу үчүн жүрүшкө чыкканы турушат. Акция “Жетишет” деп аталат. Социалдык тармактарда хэштег издесеңиз болот. Көптөгөн кыздардын, аялдардын жашоосуна балта чапкан зөөкүрлөр дагы деле эркиндикте жүрүшөт. Ачыкка чыгууга, ачык айтууга мезгил келди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.