Салима Күмүшбекова: Мен үчүн эң негизгиси Алимка өз алдынча болуп, бактылуу болсо болду

Окуялар тизмеги, Статьялар 07 Дек 2020 17:23
0 ой-пикир

Жамиля Дандыбаева — атайын Elgezit.kg үчүн

Биз өз алдынча балдарын тарбиялап жаткан аялдар тууралуу канчалык көп ойлонобуз? Жоопкерчиликтен качпай, жалгыз өзүнө ишенгендерди канчалык ойлойбуз? Жаны тынбай иштеп же бала менен ойноп убакыт өткөрүү, жалгыздык жана коркунуч алдында тургандар же сүйүктүү кишиң балаңды өзүнүкүндөй кабыл алабы деген тандоо алдында тургандар тууралуу ойлонобузбу… Көбүнчө мындай энелердин эсебинде ашыкча акчасы жок, эч кандай бай туугандары дагы жок. Пандемия учурунда алар кыйынчылыктар менен жекеме жеке калышты.

Дал ушундай айымдардын бири — Салима Кумушбекова — аутизм менен ооруган баланын апасы. Ал чөгүп отуруп калбайт, себеби ал бир убакта апа дагы, эне дагы. Карантин учурунда Салиманын иши үзгүлтүккө учурады, бирок ал башкалардан жардам сурап отуруп калбастан өзүн жана кызын кантип багуу жолун тапты.

— Пандемия учурунда Сиз жана Алимка үйдө отурдуңуздар да? Алимага карантин учурунда достору менен ойноого тыюу салынганын кантип түшүндүрдүңүз?

— Карантин учурунда эч кандай көйгөй болгон жок, себеби кызым көбүнчө эле үйдө отурат жана башка балдар менен деле көп ойнобойт. Тескерисинче, ал үй-бүлөсү жанында болуп, апасы жанында экенине, мектепке барбай койсо болоруна кубанды. Биз көп убакытты чогу өткөрүп жаттык. Ковид тууралуу дүйнөнү ушундай вирус каптап жатат деп түшүндүрдүм. Дүкөнгө чыкканда ал беткап тагынса гана ооруга чалдыкпай турганына түшүнүү менен карап жатты. Карантин учурун жылуу маанайда эскеребиз.

— Салима, жумушуңуз менен бала тарбиялоону кантип бирге алып кетип жатасыз? Жалгыз бой эне катары кандай кыйынчылыктарга туш болуп келесиз?

— Кызымдан жана жумушуман сырткары мен окуйм дагы, үйдө мен да, кызым да, апам жана эжем дагы активдүүбүз. Маанилүү тармактар калып калбагыдай кылып убактымды бөлүштүрүп алгам. Дос, жеке жашоо жана спорт дегенди убактылуу токтотуп койгом, азырынча окуу менен алекмин. Мага ата-энем жардам берип келишет, жумушумда кармалып калса кызымды карап турушат. Кызым менен көп көрүшпөй калган күндөрү ага: өзүбүздүн үйүбүз болуп, чоң короо-жайыбыз жана итибиз болушу үчүн апаң иштеп жатат деп түшүндүрөм. Ит тууралуу экөөбүз тең кыялданабыз.

— Кызыңыз менен чогу жолугушууларга барууну качан жана кантип чечтиңиз жана кызыңыз “кадимки” балдардай эле деген пикирге качан келдиңиз?

— Менин эс алган күндөрүм аз жана бош убактымды кызым менен өткөргүм келет. Мен кайдадыр барган учурда Алимканы деле чогу алып алсам болчудай деген ой кылт эте берчү. Биринчи жолугушууга барганда кызымды да алып барып, андан кийин бул салтка айланып калды. Ал эми “кадимки” эле бала деген түшүнүк менен көптөн бери жашайм, анын көзүнчө кандайдыр бир иштерди кадимкидей жасайм. Мисалы, апасы жалгыз болуп, атасы жок болсо бул деле кадимки көрүнүш катары саналып калбадыбы.

—Сиз үчүн кандай баалуулуктар маанилүү жана пандемиядан кандай сабак алдыңыз?

— Мен үчүн эки маанилүү нерсе бар: ден соолук жана акча. Бул мага жумушумдун маанилүүлүгүн сездирди. Кызым: “менин деним сак, мен оорубайм, менин иммунитетим күчтүү” деп көнүп калган. Мен ага кээде суктанып кетем, мындай мамиле чындап эле анын иммунитетин күчтүү кылат. Чың ден соолук – өнөкөт оорулардын жоктугу, оорудан кийин калыпка бат келүү. Балдар ооруган жок, ата-энем ковид менен ооруп, бирок бир нече күндө эле айыгып кетишти, а мен болсо көпкө чейин оорудум. Жүрөк оорум бар болгону үчүн тобокел тобуна кирем. Мага дем жетпей баштаганда деним сак болушу керек деп өзүмө сөз бердим. Өзүм үчүн, кызым үчүн… Акчага келсек, бул да өтө кызыктуу. Мен дайыма күнүмдүк керектөөлөрүбүздү камсыз кылуу үчүн иштеп келгем, бирок эч качан көбүрөөк тапсам деп аракет кылган эмесмин. Ал эми азыр болсо финансылык коопсуздук – бул абдан керек экенин түшүндүм. Бала менен үйдө бир нече жыл отуруу үчүн акча керек экенин билдим дегендей. Ошентип менин максаттарым аныкталды.

— Апа катары алдыңызга кандай максаттарды коесуз?

— Мен үчүн эң негизгиси Алимка өз алдынча болуп, бактылуу болсо болду. Мен ага ушул нерсени өзүмдүн мисалымда үйрөтүшүм керек, бул мен үчүн бул чоң жоопкерчилик. Сен айткан сөзүңө өзүң төп келбесең балага бир нерсе деп айтуу пайдасыз. Ошондой эле мен үчүн ал өзү эмне каалап жатканын билип, өзүн коргой билүүсү маанилүү.

— Гештальт-терапияны үйрөнүү Сиздин түшүнүгүңүзгө жана кызыңыз менен болгон мамилеге кандай таасир берди?

— Гештальт-терапия мага өзүмдү көбүрөөк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Биз өзүбүздү канча түшүнсөк башкаларды дагы оңой түшүнө алат экенбиз. Мен баламды укканды үйрөндүм, мен күткөн нерселерди талап кылбай, анын өзүн укканды түшүндүм, эмоциясын билдирсе түшүнөм дегендей. Негизи эле гештальт-терапиянын ролу тууралуу сөз кылсак, ал өзүнчө чоң тема болсо керек.

— Алиманын ишенимине кирүү үчүн эмне кыласыз?

— Ага дайыма чындыкты айтып, ачык болууга аракет кылам. Мени уккусу келбесе ага басым жасабайм. Анын чек арасын сыйлайм. “Жок” деп айтканын да сыйлайм. Ага ишенем жана андан жооп катары эч нерсе күтпөйм.

— Карантин учурунда дагы жакын болуп калдыңарбы? Балким кандайдыр бир жаңы эрежелер пайда болгондур?

— Биз Алимка экөөбүз дайыма жакын болуп келгенбиз жана карантин учурунда андан да жакындаштык десем болот. Бир гана жаман жери – карантин бүткөндөн кийин мен көп иштеп баштадым. Алимка менин жок болгонумду түшүнгөнү менен баары бир катуу кабыл алат.

— Карантин убактыңызды туура колдонууга жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу жаңы ойлорго түрткү болдубу?

— Карантин учурунда мен бат эле окуй аларымды жана бир нерсеге бат көнүп кетүүгө шыктуу экенимди түшүндүм. Жумушсуз калганым менен астролог кесибине окуп, астролог катары кеңештерди берип, азыр бар нерседен кантип пайда тапса болорун башкаларга түшүндүрүп жаттым. Муну кылууга аргасыз болчумун, бирок бул мен үчүн абдан чоң тажрыйба болду.

— Алиманы коркуулары менен жалгыз калтырып койгон учурларыңыз болду беле же дайыма алар тууралуу сүйлөшүп, чечимдерди чогу кабыл аласыңарбы?

— Албетте. Дайыма эле сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк боло бербейт жана айрым учурларда ал эмоциялары менен жалгыз калып калат. Ал абдан кыйналып кеткен учурларда ага жардам берем. Бирок ал өзү деле кыйынчылыктарды жеңе аларын билет жана дайыма аракет кылып келет.

— Сиздин оюңузча, ата-эне болууда эң татаал нерсе эмне?

—Мен үчүн эң татаал убакыт. Кызым менен өткөргөн убакыт. Бизге убакыт такыр жетпей келет.

— Сизди алдыга жылууга эмне шыктандырат?

— Мен кыялдарымды максатка айлантканды үйрөндүм. Ал эми максат – бул эң чоң кыймылдаткыч. Ар бир кадамыңды эмнеге кылып жатканыңды жана ал кайсы жакка алып барарын белсиң. Токтойсуң, анализ кыласың, оңдойсуң жана андан ары кадам таштайсың.

— Алиманын кандай жетишкендиктери менен сыймыктанасыз?

— Сүйлөгөндү жана окуганды үйрөнгөнү мен үчүн чоң сыймык.

Толук үй-бүлө дайыма эле сапаттан кабар бербейт. Сан эмес, ар бир ата-эне үй-бүлсүнө кандай салым кошуп жатканы маанилүү эмеспи. Жалгыз бой эне деген аялды басынтып, аны алсыз катары көрсөтөт. Бирок азыркы апалар жалгыз болсо да баарына жетишүүгө аракет кылышат, иштешет, курстарга барууга убакыт табышат жана жашоодо туруктуу деп айта алам.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.