Advance (Хорватия): Россия же Кытай: “октябрь” революциясынан кийин Кыргызстан кайда бара жатат?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 02 Дек 2020 13:41
0 ой-пикир

Кыргызстанда октябрь айында болгон революциядан кийин саясий системадагы кризис, социалдык чыңалуу жана экономикадагы оор кырдаал уланууда, бул абалды covid-19 дагы оорлотууда. Мындай абал Россия жана Кытай үчүн олуттуу чакырык, себеби алардын кызыкчылыгы Кыргызстандын саясатына жана Орто Азияга чоң таасир берет.

Кыргыз Республикасында октябрь революциясы болду. 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип, оппозиция лидери Садыр Жапаров бийликке келген. Бийликтин алмашуусуна шайлоонун эртеси, 5-октябрда башталган массалык нааразычылыктар себеп болду. Андан кийин митингчилер Бишкектеги башкы имаратты басып алышып, камактагы оппозиция лидерлерин (алардын арасында Жапаров да бар эле) бошотушту. Массалык жана узак убакытка созулган демонстрациялардын натыйжасында мамлекеттик бийликтин жогорку эшелонунда өзгөрүүлөр болуп, кезексиз президенттик шайлоо жарыяланып, парламенттик шайлоо кайрадан өтмөй болду. Өлкөдөгү, биринчи кезекте борбордогу кырдаал акырындык менен турукташып жаткандыгына карабастан, Кыргызстан олуттуу көйгөйлөргө туш болуп жатат: саясий абалдын кризиси, социалдык чыңалуу жана оор экономикалык кырдаал, аны COVID-19 пандемиясы дагы күчөтүп жатат. Мындай абал Россия жана Кытай үчүн олуттуу чакырык, себеби алардын кызыкчылыгы Кыргызстандын саясатына жана Орто Азияга чоң таасир берет.

5-октябрдагы революция өлкөнүн жаңы тарыхындагы үчүнчү окуя болуп саналат (мурункулары 2006 жана 2010-жылдары болгон). Мурункудагыдай эле, бир катар көйгөйлөр революцияга алып келди: президенттин жана анын айланасындагылардын бийликти борборлоштурууга кылган аракеттерине каршылык көрсөтүү, шайлоону бурмалоо, оор кылмыштарга күнөөлөнгөн ар кандай топторунун (негизинен, регионалдык жана уруулук топтордун тирешүүсү: бул жерде өлкөнүн түндүк түштүккө бөлүнүүсү чоң роль ойнойт) кызыкчылыктары. Негизги саясий күчтөр Кыргызстанда болгон эл аралык саясий оюнчулардан ашып түшүүгө аракет кылышууда (сөз он жыл мурун АКШнын камкордугунун ордуна келген Россия менен Кытай жөнүндө болууда). Мезгил-мезгили менен болуп турган саясий кризистер, социалдык жана экономикалык маселелер улам күчөп, өлкөдөгү конституциялык жана укуктук тартипти солгундатып, ошол эле учурда жергиликтүү социалдык чыңалууну күчөттү (акыркы мисалдардын бири — өзбек азчылыгы жашаган түштүк региондордогу 2010-жылдагы окуялар). Башка жагынан алганда, мезгил-мезгили менен болуп жаткан бул кризистер Кыргыз Республикасында плюралисттик саясий маданияттын бар экендигин көрсөтөт, коомдо формалдуу эмес, бирок натыйжалуу өзүн-өзү жөнгө салуу механизмдери бар.

Бийликтин күч менен алмашуусу түндүктүн элиталарынын президент Жээнбековдун авторитардык дымагын социалдык нааразычылыктардын жардамы менен басууга даяр экенин көрсөттү. Күтүлбөгөн жерден оппозициянын лидери болуп чыга келген Жапаров өтө улутчул (өзбектерге каршы) жана популист саясатчы (мисалы, ал чет элдик инвестицияларды улутташтырууга чакырган) экен.

Ал аймактык дагы, борбордук дагы саясатта активдүү. Жапаров кылмыштуу топтор менен байланышы бар деп айыпталып, революция болгон күнү камакта 11 жылдык мөөнөтүн өтөп жаткан. Аны жергиликтүү администрациянын мүчөлөрүн барымтага алган деп айыпташкан. Жапаров бийликке нааразы болгондордун эбегейсиз басымынын жана кризистен чыгуунун компромисстик ыкмасынын аркасында келген. Ошол кездеги президент Жээнбеков анда шайлоону кайра өткөрүүгө даяр экенин, бирок андан кийин күрөштү токтотту. Мунун баары конституцияга каршы болду. Жапаров премьер-министрдин ордун ээлеп, ошондой эле өлкөнүн президентинин милдетин аткаруучу болуп, бардык аткаруу бийлигинин тизгини анын колуна өткөн. Ал эми өлкөнүн парламенти ишин улантууда. Конституциялык референдум 11-декабрга белгиленип, ал эми президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленди.

Учурдагы кырдаалды турукташтыруу (айрыкча борбор калаада), бийликти натыйжалуу өткөрүп берүү жана аны мыйзамдаштыруу боюнча жол картасын түзүү — бул Жапаровдун биринчи жана маанилүү ийгиликтери болмокчу. Анын манифести реформатордук жана жарашуучулук мүнөзгө ээ болууда жана бул турукташуу жолундагы экинчи кадам, анткени манифестте азчылыктар, биринчи кезекте өзбектер тарабынан болгон тынчсыздануулар айтылып, коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө көрүлө турган чечкиндүү чаралар көрсөтүлгөн. Ошентип бир катар көрүнүктүү адамдар дароо камалды. Жапаров азыркы парламенттин легитимдүүлүгүн тааныды. Демек ал азыркы абалды күчөтпөй, сактап калууга даяр дегенди билдирет. Буга бир мисал, түштүктөн чыккан Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук комитетине башчы кылганы.

Жаңы өкмөттүн билдирүүлөрүнө жана имиджин көтөрүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга карабастан, анын чыныгы бийлиги жөнүндө маселе ачык бойдон калууда. Жапаровго өлкөдөгү укуктук тартипти бекемдөөгө жөндөмдүү экендигин далилдөө жана уюшкан кылмыштуулук менен байланышкан айыптарды четке кагуу өтө кыйынга турат. Ал үчүн дагы бир көйгөй — улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнүн коркуусу. Чындыгында Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Ташиев 2020-жылы өзбек диаспорасынын мүчөлөрүнө кол салууга катышкан деп айыпталган. Бирок, жаңы өкмөттүн алдында турган эң олуттуу көйгөйлөр — бул системалык социалдык жана экономикалык маселелер. Ал эми революция учурундагы башаламандык, ошондой эле COVID-19 пандемиясы жана Россияга массалык эмгек миграциясынын токтошу бул абалды дагы оорлотууда. Маалыматтарга ылайык, 200 миң кыргыз эмгек мигранттары Россиядан үйүнө кайтууга аргасыз болушкан жана дал ошол адамдар акыркы окуяларга активдүү катышкан. Мындан тышкары, алар социалдык чыңалуунун потенциалдуу булагы бойдон калууда.

Бул жолку революция мурункулардай эле аймактар үчүн олуттуу чакырык. Кыргызстанда мындай окучлар кайталанып жана эффетивдүү болуп жатканы Борбор Азия үчүн мүнөздүү болгон авторитардык моделдерге каршы келет. Кыргыздардын нааразычылык акцияларга чыкканы коңшу мамлекеттердеги социалдык чыңалуунун шартында кооптуу прецедент болуп саналат жана өлкөдөгү укуктук тартиптин туруксуздугу (канадалык капиталдын жардамы менен иштетилип жаткан алтын казуудан баштап (Жапаров аны улутташтырууну сунуш кылган) Кытай инвестицияларына чейин) чет элдик инвестицияларга жана кызыкчылыктарга коркунуч туудурат. Улутчулдук сезимдин жарылышы дагы коркунуч туудурат. Мурда андан улуттук азчылык, өзгөчө өзбектер, дунгандар, орустар, күрддөр ж.б. улуттагы элдер жабыр тартышкан эле. Бул сезимдер Тажикстан менен болгон чек ара талашына алып келет, бул жки өлкө ортосунда милициялардын, аскер

кызматкерлеринин катышуусу менен жаңжалдар чыгып, эки тараптан тең курман болгондор болуп келген.

Бул социалдык чыңалуу Россия үчүн – олуттуу көйгөй. Москва Кыргызстанды саясий таасиринин жана жоопкерчилигинин алдындагы өлкө катары карайт. Россиянын салыштырмалуу пассивдүүлүгү жана мындай саясий кризистерден алыс турушу анын авторитетине шек келтирет. Бирок, алар Кытай үчүн андан да коркунучтуу, анткени анын Кыргызстандагы саясатка жана коопсуздук чөйрөсүнө таасири Россиянын таасиринен дагы төмөн.

Кыязы, Жапаров өлкөдөгү кырдаалды турукташтыра алат жана өзүнүн бийлигин натыйжалуу мыйзамдаштырат, анткени ушул убакка чейин ал жетиштүү деңгээлде жогорку компетенттүүлүктү көрсөтүп келген. Мисалы, ал 2021-жылдын январь айында өтө турган президенттик шайлоого мыйзамдуу түрдө катышуу үчүн кызматтан кетти. Ошого карабастан, анын реформалары канчалык натыйжалуу экендиги али толук белгисиз. Жээнбеков жана Матраимовдордун күчтүү кландары, ошондой эле өзбек азчылыгы дагы деле болсо маанилүү ролду ойногон, туруксуз, жакыр жана калк жыш жайгашкан түштүктө кырдаал кандай өнүгөрүн алдын-ала айтуу кыйын.

Кыргызстан Россиянын таасиринин алдында кала берет жана анын жаңы өкмөтү Москванын колдоосун каалайт. Бирок, Россия мурдагы Советтер Союзунда болгон өлкөлөрдөгү кризистерди чечүүдө барган алсыз болуп баратат. Муну Кыргыз Республикасындагы учурдагы кризис гана эмес, Беларуссиядагы жана Тоолуу Карабахтагы чыңалуу дагы тастыктап турат. Кыргызстандагы өнөкөт туруксуздук жана өлкөнүн Кытайдын Синьзян автономиялуу району менен чектешкендиги, акыры Кытайдын коңшусунун ишине активдүү кийлигишүүсүнө алып келиши мүмкүн.

Ведран Обучина (Vedran Obućina)

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.