Ош шаарында айрым чектөөлөр киргизилди

Окуялар тизмеги 03 Июл 2020 18:09
0 ой-пикир

Ош шаарында эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу айрым чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Коронавируска каршы ыкчам штабдан билдиришти.

Ага ылайык, төмөнкү талаптар коюлду:

• Базарлар дүйшөмбү күнү ишин токтотуп, дезинфекциялоо иштери жүрөт;

• Соода–сатык пункттары саат 07:00дөн кечки 22:00гө чейин иштешет;

• Кафе, ресторан жана башка коомдук тамактануу жайлары саат 08:00дөн кечки 22:00гө чейин иштешет;

• Тойкана, караоке-клуб жана компьютердик клубдарга кишинин санына карабастан иштөөсүнө тыюу салынган.

Белгилей кетсек, эпидемиологиялык абалдын курчушуна байланыштуу айрым чектөөлөр Бишкекте, Жалал-Абад шаарында жана Баткен облусунда да киргизилген.

Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 6767ге жетти. Алардын ичинен 994ү медицина кызматкери. Илдеттен 2655 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 76 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.