Бишкекте карантин шарттары күчөтүлдү

Окуялар тизмеги 02 Июл 2020 11:27
0 ой-пикир

Коронавирустан жаңы сакайган Бишкектин мэри Азиз Суракматов 1-июлда маалымат брифингин өткөрдү. Анда борбор калаада карантин тартибин бузгандар боюнча чаралар күчөй турганын белгилеп өттү.

Анын айтымында, COVID-19 инфекциясынын күчөгүнөн улам шаардык мэриянын буйругу чыкты. Ага ылайык, төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилди:

• Коомдук унаалардын иштөөсү эртең менеки саат 07:00дөн 10:00гө чейин иштеп, саат 10:00дөн 17:00гө чейин тыным алышат. Андан кийин 17:00дөн кечки 21:00гө чейин иштешет. Ишемби жана жекшемби күндөрү каттамга чыгышпайт;

• Кафе, ресторан жана коомдук тамактануу жайлары 08:00дөн 20:00гө чейин иштөөсүнө уруксат берилет;

• Супермаркет, соода түйүндөрү 07:00дөн 19:00гө чейин иштөөсү керек;

• Базарлар күн сайын 06:00дөн 17:00гө чейин иштейт.

Төмөнкү ишмердүүлүккө тыюу салынат:

• Велосипедди ижарага берүүчү жайлар, балдар аянтчалар жана батут, уруксатсыз соода жүргүзүү жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрү;

• Тойкана, түнкү клуб, бар, караоке клубдары жана башка көңүл ачуучу жайлар, (кардарлардын санына карабастан). “Түндүкэлектр” жана “Бишкексууканал” ишканасына карантин режимин бузгандыгы үчүн электр жана сууну өчүрүү сунуш кылынат;

• Балдар үчүн көңүл ачуучу жайлар: футбол жана оюн аянтчалар;

“Мэрия жарандардын массалык топтолгон жана эс алуу жерлерине барууну чектейт. Текшерүү иштери күчөтүлөт. Санитардык нормаларды сактабаган объектилерге айыппулдар эскертүүсүз салынат”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган жалпы 6261 учур катталды. Алардын ичинен 921у медицина кызматкери. Илдеттен 2530 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 66 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.