Жалал-Абад шаарына бир катар чектөөлөр киргизилди. Тизме

Окуялар тизмеги 02 Июл 2020 12:35
0 ой-пикир

Соңку кырдаалга байланыштуу Жалал-Абад шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында төмөнкү чектөөлөр киргизилди:

  • Кафе, ресторандар, коомдук тамактануучу жайларга 08:00дөн 20:00гө чейин гана иштөөгө уруксат берилет;
  • Чайканалар ачык асман алдында иштөөгө тийиш;
  • Тойканаларда той-аш, эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө уруксат жок;
  • Ишемби, жекшемби күндөрү коомдук транспорттор убактылуу каттабайт;
  • Базарлардын иштөө мөөнөтү 06:00дөн 18:00гө чейин деп чектелди;
  • Кийим-кече саткан ири базарлар ишемби, жекшемби күндөрү жабылып, дезинфекциялоо жүргүзүлөт;.
  • Парктардагы аттракциондор, футбол аянтчалары, интернет клубдар, түнкү көңүл ачуучу жайлар жана бассейндердин ишмердүүлүгүнө белгисиз мөөнөткө чейин чектөө киргизилди;.
  • Элдин массалык чогулуусуна жол бербөө максатында жума намазын окуу 4-июлдан тартып 18-июлга чейин убактылуу токтотулду.

«Жогорудагы талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн тынымсыз рейддер өткөрүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлүп, айыппул салынат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2-июлга карата коронавирус жуктурган 526 жаңы учур катталды. Алардын арасынан 27си Жалал-Абал облусунан аныкталган.

Жалпысынан коронавирус алгачкы катталган аймакта бүгүнкү күнгө карата Covid-19 инфекциясы 387 адамдан табылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.