Москвадагы делегация Бишкекке кайтты. Президент кайра тест тапшырды

Окуялар тизмеги 25 Июн 2020 08:35
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков 24-июнда Москва шаарынан кайтып келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация мүчөлөрү COVID-19 вирусуна кайрадан анализ тапшырышты. Санитардык-эпидемиологиялык алгоритмге ылайык, президент менен делегация мүчөлөрү үч күн өз алдынча обочолонууда болушат. Ал эми анализи оң чыккан бөлүм башчы менен жансакчы 14 күнгө обочолонууга алынды.

24-июнда Москвада Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган майрамдык парад өттү. Ага катышуу үчүн Бишкектен президент баштаган делегация жөнөп кеткен. Параддан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү планга ылайык өтүштү, бирок Жээнбеков бул даталуу иш-чарага катышкан жок.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.