Сооронбай Жээнбеков жана аны Москвага коштоп барган адамдар Бишкекке келгенде обочолонууда болушат, — Стамалиева

Окуялар тизмеги 24 Июн 2020 16:34
0 ой-пикир

Президент Сороонбай Жээнбековду Москвага коштоп келген эки кишиден коронавирус аныкталган. Ага байланыштуу Сооронбай Жээнбеков жана аны Москвага коштоп барган адамдар Бишкекке келгенде обочолонууда болушат.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдиргендей, алгоритмге ылайык, Москвага учардын алдында президент Сооронбай Жээнбеков, делегация мүчөлөрү жана коштоочу адамдар — баары COVID-19га тест тапшырышкан. Бардыгынын жыйынтыктары терс чыккан.

«Белгилүү болгондой, президент Сооронбай Жээнбековду Москва шаарына Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы боюнча парадга катышууга чакыруу Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин атынан алгач ирет 9-майда келген.

9-майдагы парад токтотулгандан кийин Россия президентинин атынан Кыргыз Республикасынын президентине кийинки чакыруу май айынын соңунда келген.

Пандемияга байланыштуу кырдаалды эске алуу менен делегация чакан курамда болгон, алардын баары ар дайым тесттерди тапшырып турушкан.

Москва шаарына келгенден кийин баары кайрадан тест тапшырышты, буга чейин айтылгандай, Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталды.

Мындан аркы алгоритмге ылайык, президент Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышпоо чечимин кабыл алды. Анын катышуусу иш-чарага катышып жаткандарга карата жоопкерчиликсиз кадам катары бааланып калмак.

Президент жана аны коштоп баргандар Бишкекке кайтып келишет, анализдери оң чыккандар бардык алгоритмди сактоо менен 14 күн обочолонууда болушат.

Президент жана башка адамдар дагы анализдери чыкканга чейин 3 күнгө обочолонууга чыгышат», — деп билдирет Стамалиева.

Белгилей кетсек, бүгүн Москванын Кызыл аянтында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парад өтүп жатат. Ага бир катар өлкө лидерлери катышып жатышат.

Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы Москвага 23-июнда учуп барган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.