Сооронбай Жээнбеков Москвадагы Жеңиш парадына катышкан жок

Окуялар тизмеги 24 Июн 2020 14:12
0 ой-пикир

Президенттин расмий сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков Улуу Жеңиштин 75 жылдыгана карата Москвадагы парадга катышпай калды.

“Алгоритмге ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков, делегация мүчөлөрү жана коштоочу адамдар Москва шаарына келери менен КCOVID-19га тест тапшырышты. Жыйынтыгында президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталды. Мындан аркы алгоритмге ылайык, президент Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуудан баш тартуу чечимин кабыл алды”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн Москванын Кызыл аянтында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парад өтүп жатат. Ага бир катар өлкө лидерлери катышып жатышат.

Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы Москвага 23-июнда учуп барган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.